26 апрель 2018
Бишкек убактысы: 00:05


Кыргызстан Кытайдын карыз кылтагына кантип түшүп берди?

“Глобалдык өнүгүү борбору” эл аралык уюму Кытайдан ченемсиз карыз алган 8 мамлекетти атап, ага Кыргызстанды да кошкон. Быйылкы жылдын 31-январына карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 624,81 млн долларга жетти. Бул сумма өлкөнүн ички дүң продукциясынын 60% ашыгын түзөт. Экономисттер өлкөнүн тышкы карызы 2017-жылы эле 64,6% түзүп, кызыл чектен алда качан ашып кеткенин айтышууда. Кытай элчиси карыздарды төлөөдөн башка Кыргызстанда жол жок экенин ачык эле айтты.

Дүйнөлүк практикада тышкы карыздын ИДПнын 50%ынан ашып кетиши улуттук экономикага кыйратуучу коркунуч жаратат деп эсептелет. Бул чектен өтүп кеткен мамлекеттер каржылык жактан жөндөмсүз, дефолттук өлкө катары таанылат да, алар менен соода-экономикалык алака жасоо кооптуу болуп калат. Олуттуу инвесторлор андай өлкөлөрдөн качып калат. Ал эми “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары жөнүндө” мыйзамга ылайык, тышкы карыз ИДПга карата 60%дан ашпашы керек. Атамекендик экономисттер тышкы карыздын 60%дан ашышы мамлекеттин дефолтко бараткандыгын билдирээрин айтып кабатырланышууда. Өлкөнүн дефолтко кептелиши ички экономикада да чоң кесепеттерге алып келет: салыктар жогорулайт, айлык акы менен пенсиялык төлөмдөр тоңдурулат, билим берүү, медицина, дагы башка социалдык камсыздандырууларга бюджеттик чыгымдар кыскарат жана калктын жашоо деңгээли төмөндөйт. Эсеп палатасынын мурунку жетекчиси Элмира Ибраимова карыздын эебегейсиз өсүп бараткандыгы жөнүндө мурунку президент Алмазбек Атамбаевге кирип да айткан. Расмий бийлик карыздан коркуунун кереги жок, ыңгайлуу үстөктөр менен берилип жаткандыктан аларды пайдаланып калыш керек деп жоошутуп келүүдө. Алмазбек Атамбаев да ушундай позицияны карманып, башкысы аны кызыл чектен (60%) ашырбай кармаш керектигин белгилеп келди. Бирок, статистика көрсөтүп тургандай, тышкы карыз 60%дык чектен алда качан эле ашып кеткен.

Экономист Бакытбек Сатыбеков салыштырма таблица түзүп, эң көп карыз Атамбаевдин тушунда алынганын эсептеп чыккан. Ибраимова алынган насыялар натыйжасыз пайдаланылып жатканы кырдаалды андан бетер татаалдантып жатканын белгилейт:

— Өкмөттүн тышкы карызды чектөө боюнча эч кандай планы жок. Тескерисинче, бийлик эсепсиз көп насыя алып, бирок аларды чектен аша сарамжалсыз иштетип жатканын болушунча жаап-жашырып келет. Өкмөт каржыга карата барган сайын чоңоюп бараткан араанынын башка дагы бир тарабын айтпай жатат. Кыргызстандын негизги кредитору Кытайдын Эксимбанкы болуп калды. Кийинки кездери кыргыз бийлиги масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду кытай акчасына курууга бой таштап алды. Тышкы карыздын миллиарддан ашуун долларга өсүшү Кытайдан тартылган насыялардын кескин көбөйгөндүгүнөн болду ,– дейт Элмира Ибраимова.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан тышкы карызы эң көп мамлекет катары белгилүү. Өзбекстандын карызы ИДПга карата 15% түзсө, Казакстандыкы 20%, Түркмөнстандыкы 25%, ал эми Тажикстандыкы 45% түзөт. Кыргызстандын тышкы карыздарын кайтаруу вазыйпасы барган сайын оорлоп отуруп, эң жогорку чеги 2024-2031-жылдарга туура келээри айтылып келет.

Кытай Кыргызстандын башкы донору

Чындыгында эле, тооруган дефолт менен кошо Кыргызстандын үстүндө дагы бир сур булут айланууда. Кыргызстандын 22 тышкы донору болсо, алардын ичинен карыздарынын көлөмү боюнча эң ириси Кытай болуп эсептелет. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, тышкы карыздын 41,3% Кытайдын энчисине туура келет – бул 1 млрд 711 млн долларды түзөт.

Эксимбанк сунуштаган гана компаниялар менен иштегенге мажбур

Насыялардын дээрлик баары Кытайдын Экспорт-импорттук банкынан алынган. Алардын үстөк пайыздары 1-2%ды түзөт, башка өлкөлөрдөн жана донор уюмдардан алынган насыялардын үстөгү адатта 0,5-0,75 пайыздан гана болоорун эске алганда – бул өтө жогорку көрсөткүч. Ошондой эле, эксперттер Кытай менен түзүлгөн келишимдерде Кыргызстандын эгемендигине коркунуч туудурган шарттар киргизилгенин, керек учурда ошол жоболор бизди оп тартып коёрун баса белгилеп келишет. Мындан тышкары, Эксимбанктын дагы бир катаал талаптарынын бири – насыяны өздөштүрүү үчүн алар сунуштаган Кытай компанияларын гана жалдоо шарт. Эксимбанк Кытай өкмөтүнө таандык ири каржы уюму жана өкмөткө байланышкан дагы бир катар корпорациялар аны менен өз ара тыгыз карым-катышта иш алып барышат. Ошого жараша, кийинки кездери Кытайдан алынган насыялардын дээрлик баары кайра эле Кытай компанияларына берилип келет. Алар адатта Кыргызстандын стратегиялык маанилүү долбоорлорун тыкыр даярдалган техникалык-экономикалык негиздемеси, деталдуу эсеп-чоту жок эле, өздөрүнүн ыңгайына жараша куруп келишет. Кыргызстандын юрисдикциясынан тыш иш алып барган алар насыялардын олуттуу бөлүгүн кайра өздөрү менен кошо алып кетип, карызы кыргыз өкмөтүнүн мойнунда калат.

2010-жылдан бери Кытай насыясына 4 ири долбоор курулду. Булардын баарына тең каражат Эксимбанктан алынып, ишке ашыргандар Кытай компаниялары болду.

2011-жылы 500 кВ “Датка” көмөк чордонун курууга 208 млн доллар жана 248 чакырымдык “Датка-Кемин” электр өткөрүү линиясы үчүн 389 млн доллар насыя алынган. “Датка” көмөк чордону 2013-жылы, ал эми “Датка-Кемин” линиясы 2015-жылы ишке берилген. Насыя Эксимбанктан алынып, долбоорду Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырган. Ал кезде президент Атамбаев “Муну менен биз Борбор Азиядагы энергоайлампадан чыгып, өзүбүздүн айлампабызды түзүп алдык, Кыргызстан чыныгы эгергетикалык көз карандылыкка жетишти” – деп жарыя кылган. Бирок, ошого карабай, Кыргызстан айрым учурларда коңшу Казакстандан электр энергиясын импорттоп, болгондо да 3-4 эсе кымбат баада сатып алып келет. Казакстандан 2014-жылы 400 млн кВт/саат, 2015-жылы 1,4 млрд кВт/саат, 2016-жылы 200 млн кВт/саат электр энергиясы импорттолгон, сатып алуу баасы киловатына 5,6 сомдон туура келген.

2013-жылы кыргыз-кытай өкмөтү келишим түзүп, ага ылайык Кытайдын Эксимбанкы Кыргызстанга 386 млн доллар насыя берген. Насыя жылдык 2% үстөгү менен 30 жылга берилген, Кыргызстан карызды ошол мөөнөт ичинде 500 млн доллар кылып кайтарып бериши кажет. Каражат Бишкек ЖЭБинин бир бөлүгүн реконструкциялоого арналгандыктан, донор ал ишти жүзөгө ашырууга ТВЕА компаниясын жалдайсыңар деген талабын койгон. ЖЭБдин модернизация иштери 2017-жылдын 31-августунда аяктап, бирок алдыдагы катаал кыш андагы ири коррупциялык көрүнүштөр менен мамлекеттик менеджменттин ашкере шалаакылыгын ачыктап салды.

Кооптуу жагдай

Эксперттер Кыргызстан Кытайдын карыз кылтагына илинип, барган сайын азгырыктуу бирок кооптуу сазына оп тартылып баратканын белгилейт. Кытай каражат бергенде айкөл көрүнгөнү менен, келишимдерге кытмыр талаптарды таңуулап киргизээрин, сурак мезгилинде талапты катаал коёрун эскертишет. Анын үстүнө эки тараптуу келишимдерде Кыргызстандын эгемендигине олуттуу таасир кыла турган, Кытай тарапка ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүчү жоболор бар экендиги айтылып келет.

ЖЭБ чуусунун алкагында коомчулуктун Кытай тарапка айтылган доомарттарына жооп кылып Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа өткөн аптада өз өкмөтү насыяларды келишимдердин алкагында талап кылаарын эскертти:

— Кыргызстан үчүн Кытайга болгон карызын төлөгөндөн башка аргасы жок. Кытайдын насыялары жеңилдетилген түрдө берилет. Кыргызстан анын пайдасын жакшы эле көргөнүн баарыбыз билебиз. Насыяны кайтаруу келишимдин негизинде болот. Кытай тарапта башка шарт жок, – деп жалпыланган жана көп маанини камтыган пикирин айтты элчи.

Кытайдын “карыз аркылуу кылтакка илүү” саясаты

Жакында “Глобалдык өнүгүү борбору” эл аралык уюму Кытайдан ченемсиз карыз алган 8 мамлекетти атап, ага Кыргызстанды да кошкон. Уюмдун Quartz журналына чыккан маалыматы боюнча, Жибути, Тажикстан, Кыргызстан, Лаос, Мальдив, Монголия, Пакистан жана Монтенегро Кытайдын алдында карызы эсепсиз болгондуктан, эгемендүүлүгүнө коркунуч алып келиши мүмкүн. Шри-Ланка мамлекетинин Кытайга 1 миллиард доллардан ашуун карызын кайтара албай калгандыктан, былтыр деңиздеги соода портторун Кытайдын өкмөтүнө таандык корпорациялардын башкаруусуна өткөрүп берген. Африкадагы Жибути өлкөсү да ошондой эле жагдайга тушугуп, натыйжада авиабазасынын башкаруу пакетин кытайлык компанияга алдырып коюу алдында турат. Аталган базаны АКШ колдонуп келаткандыктан, америкалыктар мындай кырдаалдын жаралышына нааразы болууда. Буга байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 6-мартта “Пекин тунук эмес келишимдерди, насыялоонун сүткорлук практикаларын жана жемкорлук бүтүмдөрдү колдонуу менен башка өлкөлөрдү карыздын сазына батырган, эгемендигине кол салган, аларды узак мөөнөттүү, өз алдынча өнүгүүдөн куржалак калтырган көз карандылыкка тартуу саясатын жүргүзүүдө” деп сындады. Кытайдын инвестициялык саясатын айрымдар “карыз менен кылтакка илүү дипломатиясы” деп аташат. Журнал Кытайдын мындай саясатына өзгөчө жакыр өлкөлөр кылдат мамиле кылышы керектигин баса белгилейт.

Кытай өзүнүн “Бир алкак жана бир жол” деп аталган демилгеси менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн транспорттук инфраструктурасын каржылоо ниетин соода жаатында дүйнөлүк лидерликке умтулуунун утулгус жолу катары мүнөздөйт. Глобалдык өнүгүү борбору Кытайдын “Бир алкак жана бир жол” инвестициялык стратегиясынын карыз сазына сорулуп бараткан мамлекеттердин абалына сереп салган. Жыйынтыгында жогорудагы сегиз мамлекет карыз өлчөмү боюнча кооптуулуктун кызыл чегине жакындоодо. Иликтөөчүлөрдүн белгилешинче, Кытай буга чейин жакыр өлкөлөр менен иштеген эл аралык насыячылардын алдыңкы практикаларын көңүл сыртында калтырып келүүдө жана карыздар өлкөлөрдүн талаптарына ыраатсыз мамиле жасайт. Кээде айкөлдүк менен карыз кечип койгон жайлары да бар, бирок көп учурда карыздын ордун толтуруу үчүн жер аймактарын же инфраструктуралык объекттерге көзөмөл пакетин талап кылат. Мына ушундай жагдайлар былтыр Непал менен Пакистанды Кытайдын берешендик менен сунушталган инфраструктуралык инвестициясынан баш тартууга мажбур кылган.

Коңшу Тажикстан да “Кызыл ажыдаардын” алдында каржылык көз карандылыкка батып, жыйынтыгында чек арадагы талаштуу делген бир катар аймактарын алдырып койгону маалым. Ар кандай шарттарда Кытайга өтүп кеткен тажик жерлеринин жалпы аянты 28 миң чарчы чакырымды түзөт. Ал эми былтыр жайында эл аралык ММКлар Кытай Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагынын бир бөлүгүн ээлеп алганын жазып чыгышкан. Кытай бийлиги Тажикстандын Мургаб районундагы чыгыш Памир тоосу менен аймактагы жалгыз автомагистралга өз көзөмөлүн орноткон. Буга Тажикстандын Кытай алдында эбегейсиз карызга батып калганы себеп болуп, аягында насыя берүүчүнүн жер менен эсептешүү талабын аткарууга мажбур болгону айтылган. Бирок, расмий Дүйшөмбү мындай маалыматтарды тактабай же төгүндөбөй, сыр катары сактап келет.

Кубатбек АЙБАШОВ