22 февраль 2018
Бишкек убактысы: 08:34


Кубат Оторбаев:  “Укук коргоо органдары менен сот системасында реформаны аягына чыгармайынча, кыйноо көйгөйүн жок кылуу мүмкүн эмес” 

“Укук коргоо органдары менен сот системасында реформаны аягына чыгармайынча, кыйноо көйгөйүн жок кылуу мүмкүн эмес” 

Бул тууралуу  Акыйкатчы 8-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан чоң иштер жасалууда, бийлик көйгөйдү түшүнүп турат, бирок укук коргоо органдары жана соттук системасындагы реформаны аягына чыгаруу зарыл. Мыйзамдарда белгилүү мүчүлүштүктөр бар, биз да өз сунушубузду беребиз.  Арыз-дооматтарга карабастан, кылмыш иштери аз козголууда жана кылмышкерлердин жазага тартылган фактылары өтө аз» деди Кубат Оторбаев.

Кыргызстан жабык мекемелерде кыйноолорду түп-тамырынан жоюуга багытталган эл аралык милдеттенмелерге катышкан өлкө болуп саналат. 2018-жылы Кыргызстан БУУнун Кыйноолорго каршы комитетине үчүнчү мезгилдик баяндамасын бермекчи.

“Эл аралык түрмөлөрдүн изилдөө борборунун маалыматтарына ылайык, жаза аткаруу мекемелеринде 10 000ден ашуун соттолгондор жазасын өтөп жатат. Дүйнөлүк рейтингдин таблицасында,  Кыргызстан түрмөдө отурган адамдардын жалпы саны боюнча 93-орунда: мында өлкөнүн жалпы калкынын ар бир 100 миңине 166 сот жазасын өтөп жаткан адам туура келет. Бирок кыйноого адамдар жабык түрдөгү бардык мекемелерде дуушар болушу ыктымал” деп белгиледи Renal Reform International Борбордук Азиядагы чөлкөмдүк директору Азамат Шамбилов.

Бейөкмөт уюмдары жүргүзүп жаткан изилдөөлөрдүн статистикасы жана Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары көрсөткөндөй, мыйзамсыз иш-аракеттердин басымдуусу-85% дан кем эмес бөлүгү сотко чейинки мезгилде жасалып жатат. 2016-жылы Башкы прокуратурага кыйноолор жана башка ырайымсыз, адамкерчиликсиз жана адамдын беделин түшүрүүчү мамилелелер менен жазаларга даттанган  жарандардан өлкө боюнча 435 арыз келип түшкөн, 33 кылмыш иши козголду. Ырайымсыз мамиле жөнүндө айтсак, соттор 51 ишти карап, 61 кызмат адамын сот жазасына тартуу жөнүндө чечим чыгарган. Азыркы кезде соттор кыйноо аракеттери үчүн 116 айыпталуучу боюнча 43 кылмыш ишин карап жатат.

Кыйноолор дагы эле орун алып келет

“2017-жылы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун дарегине 217 кайрылуу түшүп, анын 104ү кыйноо ыкмаларын колдонууга байланыштуу болсо, 25и ырайымсыз мамиле жөнүндө арыз эле. Бул арыздануучулардын 95%ы  ИИМ тутумунда, 8% УКМКда, 1% Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы кыйноо аракеттери жөнүндө билдирген. 2 арыз боюнча кылмыш иштери козголду (Ысык-Көл жана Чүй облустарынын мекемелери) деп билдирет Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов.

2016-жылдагы өз кайрылуусунда БУУнун Атайын докладчысы Хуан Мендес: “Өлкөдө көрүлгөн чаралар кыйноого каршы мамиле саясатын курууга негиз түзүп, БУУ менен диалогду жана анын жол-жоболору менен иштөөнү улантууга Кыргызстандын даяр экендигин баса белгилейт. Бул кыйноолорду териштирип, документтештирүү, аларга каршы күрөшүү жана  жоюу чаралары иштелип чыгат жана ишке киргизилет деп үмүттөнтөт”деп белгилеген.

Бул мезгил аралыгында Кыргызстан кыйноолорду такыр жоюу боюнча бир катар чараларды көрдү. Бирок өзүнчө көңүл бурууну жана мамлекет менен коомдун күч-аракеттерин  бириктирүүнү талап кылуучу бир катар маселелер дагы да болсо бар, себеби бардык көрүлгөн чараларга карабай, кыйноолор дагы эле орун алып келет.

Маалымат жыйын кыйноолорго каршы аракет көрүү маселелеринде мамлекеттик органдар менен укук коргоо институттарынын жана бейөкмөт уюмдарынын кызматташуусунун башталышына  арналат. Маалымат жыйындын катышуучулары кыйноолордон эркин болуу укугун сактоого байланышкан учурдагы абал менен тааныштырып, өз ара аракеттешүүгө даяр экендигин билдиришти.