14 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 10:04


Кубанычбек Кулматов жыл аягына чейин абакта калтырылды

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов 31-декабрга чейин абакта калтырылды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ушундай чечим кабыл алгандыгын анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Белгилүү болгондой К. Кулматов 2014-жылы борбордогу Калыс ордо мектебинин курулушуна жумшалуучу 2 млн доллар гранттык каражатты туура эмес пайдалангандыгы боюнча айыпталып, Улуттук Коопсуздук комитетинин абагында.

Кулматов өзү бул айыпты негизсиз деп эсептейт.