21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 02:05


Өкмөт башчы юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеваны сунуштады

Өкмөт башчы Сапар Исаков юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштады. Буга чейин Абдылдаева 2017-жылдын июнь айынан тарта аталган министрликтин статс-катчы кызматын аркалап келген. Эске салсак, юстиция министри Уран Ахметов ушул жылдын 2-апрелинде отставкага кеткен эле.