18 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 04:42


Канатбек Абдыкеримов Кыргыз темир жолунун башкы директору болуп дайындалды


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык, Канатбек Абдыкеримов “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.

Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович 1967-жылы 20-майда Фрунзе шаарында туулган. 1984-1991-жылдары Москва ветеринардык академиясында окуп, зооинженер кесибине ээ болгон.  2015-жылы Кыргыз агрардык университетинин уюштуруу жана башкаруу боюнча инженер кесибине ээ болгон. 2008-2018-жылдары  “Кыргыз темир жолунун” темир жол курулушун долбоорлоо дирекциясынын директору болуп иштеген.