16 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 11:58


Камактагы Өмүрбек Текебаев жубайын куттуктады 

Камакта жаткан Өмүрбек Текебаев жубайы Айгүл Текебаеваны туулган күнү менен куттуктап, өз колу  менен открытка жасаган. Аны жактоочусу Искен Афиджанов аркылуу берип жиберген.

Азыркы тапта №47 колонияда айыпталып жаткан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 20-февралдагы аялынын туулган күнүнө карата  өз колу менен открытка жасап, куттуктоосун жазып, адвокаты Искен Афиджанов аркылуу берип жиберген.

“Өмүрбек Текебаев абакта жатса да, үй-бүлөсүн майрамдарда куттуктап турат” дейт анын жактоочусу.