17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 19:03


Илмияновдун ишиндеги жагдай Жээнбековдун легитимдүү президент экенине доо кетиреби?

Сооронбай Жээнбековдун президенттик постко келгенине туура бир жыл толгондо «күтүлбөгөн» жаңы жагдайлар пайда болду. КСДП партиясынын маалымат кызматы алдамчылыкка шектелип кармалган Икрамжан Илмияновдун ишкерден алган $150 000 президенттикке бийликтен талапкер болгон Жээнбековдун штабына берилип, шайлоо амалдарына жумшалганын айтып чыкты.

Илмияновдун бүйүр кызыткан «илими»

Укук коргоо органдары 20-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду кармап келишти. Илмиянов учурунда Кыргызстандагы эң таасирдүү «серый кардинал» жана Атамбаевдин ишенимдүү кишиси катары бийликтин мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдаланган адам катары белгилүү болгондуктан, анын көрсөтмөлөрүнөн коомчулук укмуштуудай ачылыштарды күтүүдө.

Учурда көптөгөн мандемдүү иштерге айыпталып жаткан мурунку бийликтин сырын да, чынын да камтыган жагдайларды ушул кишиге байланыштыруу адат болуп калган.

Андыктан, анын бүйүр кызыткан «илиминен» чочулагандар да, маашырлана күткөндөр да арбын.

Ага мурдараак кылмыш иши козголуп, Биринчи Май райондук соту таап, кармап келүүнү буюрган чечим чыгарган. Чечимди алгач толук эмес, үзүндү вариантында коом аралатып, андан көп өтпөй Илмиянов Орусиядан АКШга учуп кеткени жаткан жеринен кармалды. Атайын кызматтардын бул жолку ыкчамдыгы элди таң калтырып, мактап жатып калышты.

Бирок, окуянын хронологиясына баам салган адамга атайын кызмат Илмияновдун артынан көптөн бери аңчылык кылып келгени көрүнөт.

Сентябрь айынын аяк ченинде социалдык тармактарды «Икрамжан Илмияновго кылмыш иши козголуптур, ал бир ишкерден 150 миң доллар пара алган экен» деген маалымат каптады. Бирок, 4-октябрда прокуратура «бул маалымат чындыкка коошпойт, ага карата иш козголгон эмес, кызматтык адамдарга карата материалдар бар, бирок аларда «жашыруун» грифи бар болгондуктан, кандайдыр бир ысымдарды атай албайбыз» деген туюк маалымат менен «ушакты» жокко чыгарды.

Деген менен, көп өтпөй Илмияновдун кармалышы жана анын так ошол 150 миң доллар алгандыгы боюнча «Алдамчылык» беренеси менен айыпталышы эл аралаган кабар жөн жерден чыкпаганын ырастады. Атайын кызматтар Илмияновдун «илимине» март-апрель айларынан бери кызыгып келатышканы ачык булактардан маалым.

Ал эми, Икрамжан Илмияновго ал каражатты «шайлоого демөөрчүлүк жардам» катары берип, бирок кийин анысын атайын кызматтар аркылуу доолаган «Дизель комплект» компаниясы Кыргызстанда катталган чет элдиктердин (Белорус жараны) катышуусунда түзүлгөн биргелешкен ишкана. «Бишкек» СЭЗинде катталган, БелАЗ унааларына тетиктерди ташып келет.

Маалыматтар боюнча, бул компания «БелАЗ», «МАЗ» жана «Силовые агрегаты-группа ГАЗ» компанияларынын расмий дилери болуп эсептелет. Негиздөөчүсү Грант Рафаэлович Оганянц дагы бир катар орусиялык компаниялардын негиздөөчүсү жана жетекчиси катары маалым.

УКМК Икрамжан Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын билдирген. Ал эми КСДП партиясынын расмий өкүлдөрү менен шектүүнүн жактоочусу бул маалыматты четке кагууда.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун пикиринде, эгерде Илмиянов билген сырлары менен бөлүшчү болсо, анда өлкөдө көп чуулгандуу жагдайларды жаратышы мүмкүн.

— Илмияновдо «инсайдерлик маалымат» аябагандай күчтүү. Мурдагы президент жана анын тегерегиндеги адамдар тууралуу эле эмес, азыркы бийликке, өкмөттө отурган адамдарга, парламентте отурган адамдарга байланыштуу абдан көп маалыматы бар. Эгер ошонун баарын бүгүн болбосо да эртең сот башталганда айтса, өлкөдө социалдык толкундоого алып келген маалыматтар болуп чыгышы мүмкүн. Мурдагы бийликтеги күчтүү адамдардын бири катары жашыруун, расмий эмес маалыматтар менен иштеген. Шайлоо убагында, каржы маселесинде да жигердүү, негизги роль ойногон. Эгер ошол маалыматтын баары сыртка чыга турган болсо «саясатта жер титиреп» кетиши мүмкүн, — дейт Равшан Жээнбеков.

Күтүлбөгөн сюрприз

Тергөөнүн маалыматында, суракта Икрам Илмиянов аталган каражатты демөөрчүлүк катары беришкенин жана ал сумманы талапкердин шайлоо штабына өткөрүп бергенин айткан. Келип чыккан жагдайлардан улам, тергөө органы 24-октярда КСДП партиясынын дарегине суроо-кат жолдогон.

Анда Илмиянов 2017-жылдын 8-августунда «Дизель комплект» компаниясынын өкүлдөрүнөн «демөөрчүлүк жардам» катары алды делген каражат КСДПнын эсебине түшкөн-түшпөгөнүн сураган.

УКМКнын КСДП партиясына жазган каты. 24.10.2018-ж

Партия ага 29-октябрда жооп кайтарып, «КСДП президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду бир добуштан алып чыкканы менен, шайлоо штабынын ишмердигине катышпаганын, бардык маселелер, анын ичинде каржылык маселелер да, түздөн-түз талапкер жана анын штабы тарабынан чечилгенин, ошондуктан аталган сумма тууралуу керектүү маалыматты С.Жээнбековдун өзүнөн же БШКдан алууну» сунуштады.

КСДП партиясынын УКМКга жазган жооп каты. 29.10.2018-ж

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов аларга президенттикке талапкердин штабы чет элдиктер тарабынан каржыланганы тууралуу маалымат түшпөгөнүн айтат.

— Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоо учурунда кайсы бир талапкердин чет элдиктер тарабынан каржыланганы тууралуу фактылар катталган эмес. Силер айткан маалыматтар учурда укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жаткандыктан бир жактуу айтуу эрте. Негизи, шайлоо өнөктүгүн чет элдиктердин каржылашына мыйзамдык деңгээлде тыюу салынган. Эгерде ошол чет элдиктердин катышы бар компания берди делген каражат талапкердин шайлоо өнөктүгүн каржылоого жумшалганы айныксыз документтер менен далилденсе, анда бул чоң резонанс болушу мүмкүн. Кандай болгондо да, биз тергөөнүн жыйынтыгын күтүшүбүз керек, — дейт БШК мүчөсү.

Бул жерде Илмиянов бийликтен бирдиктүү талапкер катары Жээнбековду алып чыгууну лоббилеген кызматын баалабагандыгы үчүн президентке атайын сюрпризин кылтыйттыбы же Атамбаев баштаган КСДП партиясы түзүлгөн кырдаалды өз максатына башкарууну чечтиби — азырынча түшүнүксүз. Бирок, маселе былтыркы шайлоонун жыйынтыгы менен Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин легитимдүүлүгүнө карай багыт алып баратканы айдан ачык.

Депутат Исхак Масалиев мындай учурлар мыйзамда каралганы менен, иш жүзүндө чечими татаал маселе болгондуктан, шайлоо жыйынтыгынын легитимдүүлүгүн айланып өткөн жолдор пайда болот.

— Бул татаал маселе. Мыйзамда шайлоо штабын каржылоого тыюу салынган. Бирок, эгерде мындай факты тууралуу 30 күндүн ичинде арыз түшүп, такталбаса, анда жоопкерчиликке тартыш кыйын болуп калат. Норма боюнча атайын убакыт бөлүнгөн, ал убакыт өткөндөн кийин соттор карабайт. Практикада өтө кыйын маселе, мурда мындай болгон эмес. Бирок, негизи бул жакшы эмес болот, ошондой маселе кабыргасынан туруп калат. Менин оюмча, барып-барып «Илмиянов ушунча каражат алып, аны өзү жеп койду» деп чыгат, — дейт эл өкүлү.

Эгерде Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүн белорустук жарандар катышкан компания («Дизель комплект» ЖЧКсы) каржылаганы боюнча маалымат такталчу болсо, анда коом (эл аралык коомчулукту кошкондо) былтыркы президенттик шайлоонун жыйынтыгынын легитимдүүлүгүнөн күмөн санашы мүмкүн. Мыйзам боюнча, президенттикке талапкерлерди каржылоого чет элдик капитал катышпашы керек.

Кубатбек АЙБАШОВ