14 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 09:23


Финансы министри Касымалиев кызматтан бошотулду. Ордуна ким келет?

 

Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Адылбек Касымалиевдин отставкасы кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын финансы министри кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Касымалиевдин ордуна Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыгы коомчулукта айтылууда.

Сүрөт: Интернеттен алынды.