22 февраль 2018
Бишкек убактысы: 08:44


Эртең Өзбекстандын тышкы-соода делегациясы келет

 

8-9-февралда Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Холжаев баш болгон делегация Кыргызстанга келет.

Эртең,  8-февралда, КР Экономика министри  Артем Новиков Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев менен жолугушат. Андан кийин эки мамлекеттин бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өтөт.

Иш-чаранын катышуучулары Сокулук, Ысык-Ата райондорунун бир катар ишканаларын кыдырышы күтүлүүдө.

Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.