17 январь 2019
Бишкек убактысы: 11:02


Эркинбек Мергенбаев: “Элдин намысы үчүн ипподромду куруп бүтөм деп, бул үчүн азап тартып келем”

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына эки айдын ичинде ипподромду даярдап жетишип, бирок жыйынтыгында бул үчүн сыйлык алгандын ордуна сот жообуна тартылган ишкер Эркинбек Мергенбаев менен маектештик. Ал бир жыл камакта жатып чыкканына карабай, тергөөчүлөрдүн өчөшүп калганынын айынан дагы камалуу коркунучун айтып биздин ПолитКлиника медиабыз аркылуу Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Эркинбек Мергенов

Бардык компаниялар куруудан баш тартышып…

2014-жылы Көчмөндөр оюндары биринчи жолу өткөрүлө турган болуп, ага карата ипподромду тшашылыш даярдаш керек болуп калыптыр.  Мамлекеттик спорт комитетинин алдында улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов мени чакырып “Президенттин долбоору бар.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөргөнү жатат. Ошого жардам бер. Сенин колуңдан келет. Көп курулуш компаниялар эки айда курууга мүмкүн эмес деп баш тартып жатышат. Жасай алабызбы?”, -деп айтты. Анан мен “Баарын эле жасаса болот. Бирок, курулушка болбойт. Өзүңөр кандай элестетип жатасыңар?”,- десем ачык айта албай коюшту.

Борбордук ипподромго бардык. Бирок, ал жер болбой калды. Анткени, ээлери алмашып, ызы-чуусу көп жер экен.  Анан “Чолпон-Атанын ипподромунда өткөрөлү, ошол жака барып келели”,- деди.

Барып көрүп, эки жагына кошумча трибуналарды коюп, оңдоо иштерин жасаоого болорун тушүндүм. Кайрадан курганга убакыт жок болчу. Президент Сапар Исаковду уюштуруу комитетинин жетекчиси кылып дайындаган экен, ага жолуксак, эки айда бүтүрүү керектигин айтты.

Мен ойлонууга эки күн убакыт сурадым. Үйбүлөм баары каршы болду, кыска убакытта өзүңө кандай тобокелдикти алып атасың, алба деп. Бирок, мага убакыт аз калганын, эгер бул оюндарды биз өткөрбөсөк, Казакстан өткөрөрүн айтышты. Маселе намыста болуп калып, мен аткарууга макул болдум.

“Геологдор кумдуу жерге конструкция орнотууга болбойт деп бүтүм чыгарды”

Алдын-ала долбоордун эскиздерин жасадым. Аягында 7 миң орундук болот деп чечтик.

Ошондо батыш жана чыгыш трибуналарын куруу керек болду. Ага чейин курулуш жөнүндө сөз болгон жок да. Ошондо мен “Убактылуу жабдууларды колдонсок болот”,-деп сунуштадым.

“Аларды мен тааныштар аркылуу Россиядан буйрутма менен алдыра  алам”, -дедим. Алар менен байланышсам макул болушту. Бирок, конструкция оор болгондуктан, аны орното турган жерди караш керек экен.

Мен өзүм дагы күмөн санап, өзүмдүн акчама геологду жалдадым. Ал келип жерди казып “Бул жер кум экен, себилген грунт экен. Бул жерге болбойт. Конструкцияны койсоңор мен жоопкерчиликти ала албайм”,-деди.

Анда мен “Курулуш болуп калышы мүмкүн. Сиз отчетуңузду даярдай бериңиз”,-  дедим. Ал абдан көп убакытты алат негизи. Эртерээк бүтүрүп бергенине 60-70 миң сом төлөп бердим.

Бизде куруу жөнүндө тапшырма жок, ошондуктан долбоордук смета да жок болчу. Мыйзам боюнча, ал долбоордук сметаны жасай турган компания тендер аркылуу утуп алышы керек. Анан баардык экспертизадан өткөндөн кийин мамлекеттик курулуш агенттиги печать коюп бекиткенден кийин гана, курулушка жаңы тендер өткөрүлүшү керек болчу. Анын баары жок да, ага жок дегенде эле жарым жыл убакыт кетет. Бизде эки эле ай бар.

Мен ишкермин да, ар бир кыймыл аракетимди, сүйлөгөнүмдү алдын ала аныктайм. Анан тааныш-билиштерге барып, долбоорду жасатып, фундамент керек деп кайрылдым. Ал болжол менен 5 млн сомду түзөт экен. Анан балдар менен сүйлөшүп 260 миң сомго жасаттым.

Геологдун чыгарган жыйынтыгынын негизинде фундаментке жумушчу чиймелерди жасап беришти. Фундаментин куруш керек. Менин “Темир Канат” компаниямда курулуш жүргүзүүгө лицензиясы жок болчу. Мен башка курулуш компаниясын тап, ошолор менен келишим түзүп, курулуш иштерин алар жүргүзмөк болушту.

Манас Акматбеков өчөшүп алды

Трибуналарга кое турган отургучтар жок . Казактар 850 сомдон алып келебиз деп айтышты. Ал кымбат деп мен Кытайга учуп кеттим. Ал жактан ар бир отургучту 550 сомдон таап келдим, ар бир тыйынды үнөмдөө биз үчүн маанилүү болчу.

Анын баарын басып баратып эле эсептеш керек болду. Отурганга убакыт жок . Күндө чалып, күндө бирөө текшерип келишет. Бир жагынан Исаков, бир жагынан Каптагаев келет. Ошентип отуруп жумуш процесси кетип жатты.

Ошондой текшерип келген күндөрдүн биринде Сапар Исаковду мен курулуш иштери менен тааныштырып жаттым. “Бул жерге мындай коюлат, бул жакка мындай курулат” деп. Анан эле ошол жерде айланчыктап жүргөн бир киши сөзгө аралашып эле “Бетонду мынчалык куюунун кереги жок болчу” деп калды. Анан мен “Сиз кимсиз?” десем унчукпады, анан мен “Эгерде эч ким болбосоңуз аралашпай туруңуз. Курулуш үчүн мен жоопкерчиликти алгам” деп койгом. Көрсө ал Манас Акматбеков деген Коопсуздук кеңешинде иштеген киши экен.

Болду ошол. Анан ал мага өчөшүп алды. Жамандыкты ошондо эле баштаптыр. Баарын бүтүрдүк. Кудайга шүгүр, оюндарды өткөрүп алдык. Оюндар башталарга чейин 15 кишиден турган өкмөттүк комиссияга өткөрүп бердим. Эми майда-чүйдө мүчүлүштүктөр чыкты. Ошол убакта менин негизги тапшырмам трибуна турушу керек болчу. Сырдалып, зыңкыйып турушу керек эле. 7 миң орундуктуу ипподром ошол күнү 20 миң адамды батырып, ошого туруштук берди.

Анан Акматбеков кампаниясын баштады.

“Айлык акы бербей койду” деп арыз чогултуп 

Шашылыш иште өйдө-ылдый болот да. “Айлык акы бербей койду”,-дедирип айрымдардын арызын чогултуп алышып, мени өкмөткө алып барышты. Мен “Силерге эмес курулушка жетпей калышы мүмкүн деп айткам, керек болсо акчаңар жетпей калса үстүнө төлөшүңөр керек болот” деп.

Бүтөргө 10-15 күн калганда айткандай эле акчасы түгөнүп калды. Спорт комитеттин төрагасы Эргешов деген “өзүң таап бүтүрүп тур, акчаңды алып берем” деп айткан. Мен Аскат Акибаевден жана дагы башкалардан карыз алып, акча кошуп бүтүрдүм.

Жасалган жумуштун формасын бердим, 87 млн сом болду. Технадзор карады, ар бир участокту акт түзүп турду. Ал жерде эч нерсени ашык кыла албайсың.

Анан мени барып жамандашканда, Сапар Исаков  дагы чарба ишин билбегендиктен, алардын таасиринде калып, текшерүүлөр башталды. Ага деле макул болдум. Эсеп палатасы келип, 85 млн сомдук болуптур деп тыянак чыгарып берди, 2 млн сомду кыскартып койду, анысына деле макул болдук.

Отургучтарды контрабанда жолу менен келген дешип…

Салык инспекциясы чыгашаны 78 млн деп эсептеп чыгарды. Ошонун негизинде, ошого ынанып, ыраазы болушу керек эле. Ага дагы макул болушпай, эсепчилерди коркутуп, “Силерди дагы отургузабыз”,- деп актыны алып, Балыкчыга качып кетишет. Анан мен эсеп палатасына барып, сурасам эч ким эч нерсе билбейт. Шамбетов деген милициялар эле ошол жерде чоң болуп алышты, “Бул болгону 60 млн эле турат”,- деп. Сметаны алып, факты боюнча Башпрокуратура тарабынан кылмыш ишин козгошот. 107-берене (чоң суммадагы акчага мыйзамсыз ээлик кылуу) жана жана 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренелер боюнча кылмыш ишин козгошот. Экинчи беренени Алмаз Касеновго чапташты, менимче.

Анан ошентип, бир жылдан ашык изилдеп, курулуш техникалык экспертиза “курулуш 74 млн сомду түзөт. Болжол менен эле айта алабыз. Анткени, долбоордун сметасы жок”,- Деген акты чыгарып берет.

Милициялар ага ыраазы болбойт. Анан экинчи кылмыш ишин ачтырышат. 7000 отургучту контрабанда жолу менен алып келген деп туруп 2015-жылы мени камайт.

Булар эмненин негизинде экспертиза жасап жатышат?

Мен бир жыл СИЗОдо отурдум, ал убакта оорудум, 3 жолу операция болдум. Ичимди кесип салышты, спайка болуп. Абдан кыйналдым. Оорума байланыштуу, суранып атып, үй камагына чыктым. Анан үйдө эле жаттым. Эч жака качкан жокмун, кача турган эч нерсем жок. Ошентип жүрүп контрабанда боюнча өзүмдүн күнөөсүз экенимди далилдеп, райондук сот актоо чечимин чыгарды. Сот кылмыш курамы жок деген бүтүмгө келди.

Албетте, ага тергөөчүлөр ыраазы болбойт, Сапар Исаков таарынып калган. Анын үстүнө колдорунда бийлик бар. Шаардык сотко аппеляциялык арыз жазып, ал сот биздин үнүбүздү укпастан туруп, тергөөчүлөрдүн эле айыптоосуна таянып, кайра камакка алуу чечимин чыгарып койду.

Ошентип бир жыл камакта отурдум. Азыр колония-поселениеге чыктым. Бул  бошотуу эмес. Жаза отөөнүн жеңил жолу. Келишим боюнча айына 2000 сом төлөп турам. Бир жумада барып каттоодон өтүп турам.

Бир жума мурун Касенов чалып “Айбек Сыдыков (тергөөчү) сени чакырып жатат” дейт, “Эмнеге”,- десем, “Сенин ишиң боюнча”,-дейт. “Кайсы менин ишим? Ал бир гана менин эмес сенин дагы ишиң. Ал факты боюнча козголгон. Же мага козголуптурбу же сагабы”,- деп бир аз уруша кеттим. “Жок, ошол боюнча экспертиза чыгыптыр. Ал боюнча 10 млн алып алыптыр деп жатышат”,- деди.

Ал экспертизаны карап чыктым, ал жерде көп катачылыктар кеткен. Биринчиден, тергөөчүнүн мыйзамсыз аракеттери, экинчиден, мамлекеттик эксперттердин мыйзамсыз аракеттери. Керек болсо, ошол чыккан экспертизанын өзүн экспертиза кылыш керек.

Бул боюнча Акыйкатчыга дагы кайрылдым. Ал баарын карап, туура түшүндү.

Мен ооруканда жатканда “Экспертиза макулсузбу?”,-деп келген Айбек Сыдыков.“Макул эмесмин”,-дегем. Анан Айбек Сыдыков озү эле токтомду чыгарып, сумманы көбөйтүп, экспертизаларды чыгара берген. Эми ошол экспетизаны алып мени күнөөлөп жатышат. Эми мени кайра камап коюүу мүмкүн.

Мен дагы кайталап коеюн, долбоордун сметасы жок болуп туруп, аны кантип экспертизадан өткөрүп жатышат? Бул маселеге укуктук баа берилиши керек. Соттошуп атып тажадым. Акыркы үмүтүм КР Президенти Сооронбай Жээнбековдо калды.

Урматтуу, Сооронбай Шарипович! Мен сизден жардам сурап кайрылып жатам! Адилеттүүлүк барбы биздин өлкөдө? Мыйзам деген жашайбы? Мени ким коргойт? Бул иш боюнча баштан-аяк калыс тергөө жүрүшү керек. Тергөөчүлөрдүн мыйзамсыз аракеттери боюнча кылмыш иши козголушу керек!

ПолитКлиника