15 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 01:15


Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытай президенти менен жолукту

Бүгүн КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Президенти Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу КСДПнын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушуу Бао шаарында өттү.

Жолугушуу учурунда Атамбаев менен Си Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер менен стратегиялык өнөктөштүктүн өсүп бара жатканына токтолушту. Ошондой эле Кытай тараптан демилгеленген «Бир алкак – бир жол» форумунун алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Өз кезегинде Кытай башчысы Алмазбек Атамбаевди КСДПнын төрагалыгына шайланышы менен куттуктады.