17 август 2018
Бишкек убактысы: 01:32


Досалы Эсеналиевдин ордуна Динара Молдошева келди

Молдошева Динара Автандиловна Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү маалымдагандай, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка 2-майда кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматта Досалы Эсеналиев иштеп келип, ал президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.
Динара Молдошева 1979-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен айылында туулган. “Ак жол” партиясынын мүчөсү катары 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2010-жылы “Ак жол” партиясынын катарынан чыккан. ЖКда этика жана регламент комитетинин төрага орун басары милдетин аткарган.
2011-жылы Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директор орун басары, аппарат жетекчисинин орун басары рангында Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп, 2012-жылы Өкмөттүн парламенттеги өкүлдүгүнөн бошотулган.
2014-жылы USAID/DFID программасынын мыйзам чыгаруу жана парламентаризм боюнча эксперти, 2014-жылдан бери Сотторду тандоо Кеңешинин мүчөсү болгон.
Бир нече жогорку билими бар. КР Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны, Улуттук университеттин юридикалык институтун, Илимдер академиясынын аспирантурасын, Бишкек гуманитардык университетин аяктаган.