16 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 11:19


Депутаттык комиссия:  ЖЭБ долбоорунда Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынган эмес

Бүгүн, 10-майда, Жогорку Кеңеште Бишкектеги жылуулук электр борборунда 2018-жылдын 26-январында болгон авариянын себеби жана жылуулук борборун реконструкциялоого алынган 386 млн доллар  кредитти пайдалануу боюнча депутаттык убактылуу комиссиянын баяндамасын укту. Жыйынга экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышты. Парламенттик талкуу кийинки жумада улантылмакчы.

Баяндамачы Улан Примов келишим түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбагандыгын белгиледи:

 ТВЕА менен келишим түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынган эмес. Ошол кездеги өкмөт башчылар жана өкмөт мүчөлөрү келишим түзүүдө жетиштүү аракет кылган эмес. Анын жыйынтыгында Кыргызстан көзөмөлдөй албаган, кийлигише албаган ЕРС келишими түзүлүп калган. Бул келишимге ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Ошол учурда айрым министрлер өз пикирин билдиргенине карабай, ошол кездеги финансы министри Ольга Лаврова кол койгон. Ошол кездеги тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов олуттуу жана терс пикирин билдирип, Кыргызстандын Конституциясына туура эмес келерин белгилеген. Буга карабай тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев муну эске албай, кол койгон” деди.

Баяндамачы жылуулук электр борборун оңдоого акча каражаты бөлүнүп келсе да, оңдоо иштери жүргүзүлбөгөнүн айтты :

«Авария Бишкек ЖЭБдин реконструкцияланбаган жагында болду. 2015-жылы оӊдоо иштерине 417 млн сом, 2016-жылы 472 млн сом, 2017-жылы да каралганына карабастан, ал жерде оӊдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Каражаттын кайда жумшалганын тиешелүү органдар кылдат текшерүү жүргүзүшү керек» деди ал.

Комиссиянын корутундусу боюнча ЖЭБдеги авариянын себеби тармактагы баш-аламан саясат, кадрлардын тез-тез орун которушу, системада жоопкер адам жоктугу, тууган-туушкандар жанаша иштеши болгон.

Комиссия өлкөнүн энергетикалык системасындагы иш натыйжасы, кийинки жылдары кышка даярдыкты катуу көзөмөлгө алуу, Улуттук энергохолдинг, мамлекеттик экотехинспекция, мамлекеттик мүлк фондусунун иштери каралып, алардын жетекчилеринин кесиптик чеберчилигине баа берилиш керек деп эсептейт. Ошондой эле энергетикалык тармактагы товар сатып алуу жөнөйлөштүрүлүп, мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек экенин белгилейт.

Комиссиянын корутундусу Башкы прокуратура, Эсеп палатасы, УКМКга жиберилет.

Модернизация боюнча ЖЭБ документине Сапар Исаков, Нурсулу Ахметова, финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков, министрдин орун басары Айбек Калиев жана башкалар кол койгон.

Кытайга кайсы депутаттар барган?

Жылуулук электр борборуна 386 млн доллар кредит алуу маселеси боюнча өткөн жана азыркы чакырылыштын депутаттары Кытайга барып келишкен.

Депутаттык комиссия Кытайга барган 5-чакырылыштын депутаттарынын да атын атады: Алар:  Эркинбек Алымбеков, Гүлнара Жамгырчиева, Алла Измалкова, Ирина Карамушкина, Талантбек Узакбаев.

Адистер Николай Кравцов, Нурлан Чурмуков, Лев Васильев, Нурлан Өмүралиев, М. Үкүбаев.

Экинчи делегацияда: Чыныбай Турсунбеков, Азамат Арапбаев, Абдымуталип Көчөрбаев, Карганбек Самаков, Токтогул Туманов, Мурадыл Мадеминов, Исхак Пирматов, Бактыгул Маматов, Малик Осмонов, Райкан Төлөгөнов, Равшан Жээнбеков болгон.

Комиссия алынган товарлардын анын баасына дал келишин, товар алып келген компанияларды да текшерип, Жогорку Кеңешке маалымат бериши керектигин белгилейт. Буга Башкы прокуратура, Эсеп палатасы, УКМК жооп берет.

Комиссия мындан тышкары модернизациялоо долбоорунун алкагында химиялык цех эмнеге курулбай калганы тууралуу да суроо салды.

Комиссия төрагасы Улан Примовдон кийин сүйлөгөн Исхак Масалиев экс президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик укугун алып салууну сунуш кылды.

“Мен президенттен кол тийбестик укугун алып салууну сунуштайм, себеби укук коргоо органдары анын тиешесин текшерип чыгышы керек.  Өлкөдө 7 президент алмашты, Эми биз кимден сурайбыз?” деди И. Масалиев.

Баяндамачылардын дагы бири, депутат Алмазбек Токторов мындай маселелерди президенттин катышуусуз чечкен туура эмес болорун айтты.

Келишим 2009-жылдан бери даярдалып келген. Ага көп киши катышкан. Мурдагы, кечээги президенттер да катышкан. Масалиев жакшы айтты, бизде президенттин чечими жок бир да маселе чечилбейт. Ратификация болуп жатканда жол-жоболор бузулган. «Депутаттар да буга аралашып калсын» деп ратификацияга алып келген. Чындыгында өтө акылдуу кишилер иштеген” деди

 Депутат Алмазбек Токторов ал эл аралык келишим эмес, чарбалык субъекттер аралык келишим.  Ал келишимди бекитпеш керек болчу”   деди.

Токторов ЖЭБди модерниазциялоо долбоорунда баалар  3-4 эсе көтөрүлүп жазылганын айтты. Ошол учурда Арзыбек Кожошев бул долбоор тышкы карызды көбөйтөрүн айтып, кол койбой койсо, ал учурдагы финансы министри Ольга Лаврова кол койгон. Ошол кездеги тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов да кол койбой койсо, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кол койгон.

Баяндамадан кийин эл өкүлдөрү Бишкек ЖЭБиндеги болгон окуя жана аны модернизациялоого багытталган каражаттын сарпталышы мамлекеттик мекеме жетекчилерине сабак болушу керектигин белгилешти. ЖЭБ боюнча төрт кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы айтылды.

Депутат Акылбек Жамангулов 386 млн доллар Кыргызстан  үчүн көп каражат экенине токтолду. Эл өкүлү бул каражатты – 19 млн АКШ доллары административдик иштерге, 12 млн АКШ доллары транспорттук чыгымдарга, демонтаж иштерине 20 млн АКШ доллары, көзөмөл иштерине 8 млн АКШ доллары жана башка каражаттарды чечмелеп, мындай чыгымдар күмөндүү ойлорду жаратаарын белгиледи.

Мындан сырткары, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимдеги айрым жагдайлар, ЖЭБди модернизациялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси туурасындагы бир катар суроолорго жооптор алынды.

Жогорку Кеңештин ЖЭБ боюнча талкуу жыйыны келерки жумада улантылат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында курамы 12 депутаттан турган комиссия түзүлгөн.