15 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 02:27


Үч айда салык 215 млн сомго ашык аткарылды

2018-жылдын январь-март айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 18 млрд 309,8 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр чогултулду. План 101,2 % га же 215,9 млн сомго ашык аткарылды.
2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык 1 млрд 742,6 млн сомго же 10,5 пайызга жогорулаган.
Бул тууралуу КР Мамлекеттик Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.