25 май 2018
Бишкек убактысы: 15:19


Болот Сүйүмбаев менен Исабек Султаналиев кызматынан алынды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотту. Ошондой эле Сүйүмбаевдин орун басары Исабек Султаналиевди да кызматынан алды.
Эскерте кетсек, Сүйүмбаевди Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздук коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынан бошоткондон кийин андагы премьер Сапар Исаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматына дайындаган. 10 күндөн кийин аны жаңы премьер-министр М. Абылгазиев кызматынан бошотту.
Премьер Абылгазиев ошондой эле Сүйүмбаевдин орун басары, Исабек Султаналиевди да кызматтан бошотту.