18 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 04:45


Бермет Барыктабасова: “Коррупциялык күчтөр жашоого зарыл дарылар тизмегин бекитүүгө тоскоол болууда”

Кээде врачтарга ооруп барсаң, баасы кымбат дарылардын тизмесин бере салат эмеспи. Ошол эле кезде дарылык сапаты ошондой эле, бирок андан арзаныраак дарыны эмнеге жазбайт? Саламаттык сактоо министрлигинин эксперти Бермет Барыктабасованын макаласында анын себеби козголуп, жашоого зарыл керектүү дарылар тизмесин коррупциялык күчтөр  бекитпей жатканы айтылат.   

2000-жылы жашоого зарыл дары-дармектер каражаттарын тандоо жана тизмесин кайра карап чыгуу процесси өлкөдө белгисиз, көмүскө катары каралып келгендиги, ал эми тизмедеги орун үчүн айлакер өндүрүшчүлөр бир нече миң доллар менен коштолгон ири суммаларды төлөп келишкендиги баарыбызга жакшы маалым.

2012-жылы бул тизмеге негизсиз дары каражаттары кирип кеткен. Дүйнөлүк саламаттык  сактоо уюму (ДСУ) тарабынан иштелип чыккан жана критерийлерде ачык-айкын көрсөтүлгөн кирүү-чыгуу түшүнүктөрүн өзүм билемдикке салуу жана саламаттык сактоонун реалдуу муктаждыктары эске алынбастан, жашоого зарыл дары каражаттарынын ордуна, тизмеге кирүү критерийлеринин бирине дагы жооп бербеген: клиникалык натыйжалуулугу жана коопсуздугу, өлкө үчүн муктаждыгы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесинин түп нускасында, ошондой эле клиникалык протоколдордо бар экендиги далилденбеген  дары каражаттары кошулуп турган.

2012-жылы, башкача айтканда 6 жыл мурда, тизмени тазалоо боюнча күрөштө далилдөөчү медицинанын адистери 70ке жакын дары каражаттарын “электен” өткөрүп, эскилиги жеткен, натыйжалуулугу белгисиз, башка бир дары каражатынын таасирин кайталоочу, бирок  алда канча кымбат болгону менен арзан дары каражаттарынан эч кандай артыкчылыгы жок дарыларды алып ташташкан. Алар үчүн сарпталган акчалар «абага сапырылган». Башкача айтканда, мына ошол дары каражаттарынын ээлеринин чөнтөктөрүнө түшкөн.

Ошондой эле, ондогон «жел дарыларды», мурдагы Улуттук дары комитетинин лоббисттеринин көпчүлүгү  аларды кызыкдар болгон тизмеден алып таштоого караманча каршы чыгышкан. Мунун өзү билбестиктен улам же кызыкчылыктан улам болгондугун айтуу кыйын. Деги эле тизмеге болгон мындай кызыгуунун артында эмне жатышы мүмкүн деген суроо туулбай койбойт.  Жооп жөнөкөй эле: мамлекеттик бюджеттин эсебинен дары-дармекке сарпталган чыгашалардын ордун жабуу жана дары каражаттарын сатып алуу дал мына ушул тизменин негизинде жүзөгө ашырылган. Коррупциялык тобокелдиктер менен мамресурстардын сарпталуусун санап отуруу мүмкүн эмес болгон!

Андан бери бир катар өзгөрүүлөр болуп өтүп, мейли медициналык кызматкерлердин, мейли,  Саламаттык сактоо министрлигинин аткаминерлеринин болсун, ал тургай саясатчылар менен коомчулуктун көз карашы өзгөрүп, укук коргоочу органдар менен коопсуздук кызматтарынын жашоого зарыл дары каражаттарынын мамлекеттик тизмесине карата көңүл буруусу талап кылына баштаган.   Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тандап алуу критерийлерин сактоо айрым абийирсиз бизнесмендер тарабынан колдоого алынган дары каражаттарынын тизмеге кирип кетүүсүн алдын алат деген ишеним дагы өзүн актаган эмес. Себеби, «Каршы туруунун көмүскө күчтөрү» дээрлик 4 жыл бою  жашоого зарыл ары-дармектерин көзөмөлдөн сырткары кармап келишкен.

2016-жылы Саламаттык сактоо министрлиги жашоого зарыл дарылардын көптөн күттүргөн кезектеги кайра карап чыгуу процессинде методикалык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кайрылган. Өлкөдө бир нече ай бою Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин максаттуу тобу (кайра карап чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу  essential drugs list (EDL) башкармалыгынын өзүнөн)  Саламаттык сактоо жана Илимий борборлордун адистери менен иштешкен. Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун түздөн-түз жетекчилиги алдында баскыч-баскычы менен жашоого зарыл дарылардын  максаттуу адистештирилген профессионалдык тандоо өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө жашоого зарыл дарыларды тандап алуу  2017-жылдагы долбоору Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тандоо критерийлерине жооп берет жана 85 % түп нуска тизмени чагылдырып турат.

Албетте, 2012-жылдан бери тизмеде калууга укугу жок бардык дарылар чыгарылып салынды. Мамлекеттик маанидеги зарыл тизмени бүгүнкү күнгө чейин бекиттирбестен “кармап” отурушкандар,  тизмеден чыгарылган же киргизилген дарылардын ээлери болуп жүрбөсүн?! Дээрлик бир жыл бою, ушул күнгө чейин улам жаңы, укмуштуу, ойдон чыгарылган тоскоолдуктарды түзүү менен аталган тизмени бекиттирбей келишет.

Жашоого зарыл дарылар тизмесин бекитүү драмалык мүнөзгө айланып бараткандай. Бирок бир нерсени түшүнүп коюу керек – коррупционерлер жана ачкөз бизнесмендер канчалык бюджеттик каражаттардын эсебинен байыганга аракет кылышпасын, баары бир алар өлкөнүн эң башкы дары тизмесине максималдуу пайдалуу тандоо жүргүзүүгө жардам бере турган медицинадагы дүйнөлүк прогресс алдында туруштук бере алышпайт.

Ал эми азыр болсо, кесипкөй адамдар кеңири коомчулукка жана көзөмөл органдарына 1970-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ар бир өлкөдө оорулуу адамдарга кепилденген жашоого зарыл дарылардын мамлекеттик тизмесин  түзүү идеясы – бүт дүйнө боюнча ийгиликтүү болуп жатканын; базалык жана жашоого зарыл дары каражаттарын киргизүү/чыгаруу критерийлери  — бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талабы экенин, ошондой эле, өлкөнүн негизги тизмеси медицинага берилген билимдүү кесипкөй адамдар тарабынан түзүлүшү керектигин дайыма жана көшөрө эскерте берүүлөрү керек. Качанкыга чейин өлкөдө коррупциялык күчтөр жашоого зарыл дары-дармектердин  жаңы тизмегин бекитүүгө тоскоол боло берет деген суроо ачык бойдон калууда.