15 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:41


«Байкуш» аткаминерлер» (Биринчи бөлүк)

"Байкуш" аткаминерлер
Кыргызстандагы аткаминерлердин жыл сайын милдеттүү түрдө тапшырылуучу декларациясын карасаң, аларда үйү дагы, машинеси дагы жок бир "байкуш" болуп чыга келишет. Ал эми реалдуу жашоодо андай эмес экени баарына маалым. Көбүнчө алар үйлөрүн, кымбат баалуу машинелерин, бизнестерин жакын адамдарына каттап коюшат. Биз "Байкуш аткаминерлер" долбоорубузда алардын декларациясындагы маалыматтары иш жүзүндөгү байлыгына туура келбей турганын далилдейбиз.

Биринчи каарманыбыз Бишкек шаарынын мэри - Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов 2016-жылдын 27-февралынан бери Бишкек шаарынын мэри. Буга чейин "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын генералдык директору, "Дастан" ААКсынын башкармалар кеңешинин жетекчиси, Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, "Манас" эл аралык аэропортунун башкармалар кеңешинин жетекчиси болуп иштеген.

Мүлктөрү
Эми мүлктөрү тууралуу кеп кылалы. Салык кызматынын сайтындагы маалыматтардан Ибраимова Айганыш Албековна деген жаран Бишкек шаарынын четиндеги Чоң-Арык айылында Жеңиштин 50 жылдыгы 77 дарегине катталганын көрүүгө болот. Фамилиясынын, атасынын атына карап, мэрдин кызы экенин болжоого болот. Бул даректеги үйгө ким кожоюндук кыларын мамлекеттик каттоо кызматынан текшергенибизде ал Ибраимов Эрулан Албековичке тиешелүү болуп чыкты. Бул жаран Албек Ибраимовдун уулу экени шек жаратпаса керек.
Салык кызматынын сайтындагы маалыматтардан Албек Ибраимов өзү бир кезде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Кошокбек көчөсү 78 деген дарегине катталганын билүүгө болот. Бул даректеги үй кимге тиешелүү экенин Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтынан текшерип көргөнүбүздө ал шаар башчы Албек Ибраимовдун өзүнө катталганы аныкталды. Бирок бул дарек үй катары эмес, сарай деп көрсөтүлгөн.
Ушул эле үйгө улай бийик дубалдар менен курчалып тосулган аябай чоң аянттагы жерди көрүүгө болот. Бул дарек Кошокбек көчөсү 80 дарегине туура келет. Бул даректи текшерип көргөнүбүздө шаар мэри Албек Ибраимовдун өзүнө катталганы аныкталды.
Ичинде курулуш иштери жүрүп жатат. Айылдын тургундарынын баары бул жер Албек Ибраимовдуку экенин жашырышпайт:
-- Бул эмне мынча чоң жер?
-- Бул мэр города – Албектики да. Ал городок курганы жатат.
-- Аянты канча чыгат?
-- 28 гектар го, 30 гектарга барып калат.
Унаалары
Бишкек шаардык мэрия кызматкерлеринин айтымында, шаар башчы түрдүү машинелерди тебет. Тагыраагы Мерседес Гелендваген, Тойота Ленд Крузер-200 машинелерин алмак-салмак тээп жүрөт. Бул видеодон болсо ал Лексус 570 маркасындагы унаа менен жүргөнүн көрүүгө болот.
Видео: Сентябрь ТВ
Балдары
Балдары тууралуу маалымат аз. Социалдык тармактардагы маалыматтардан эки кызын жана бир уулун Бишкектеги Silk Road жеке мектебинен окутканын билүүгө болот. Бул мектептин бир окуучуга бир жылдык баасы 5600jQuery.
Декларацияга кошулбаган мүлктөр, ишканалар тууралуу шаар башчынын өзүнөн комментарий алууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Акырында биз кат менен кайрылганыбызда Албек Ибраимов бул теманы талкуулоо максатсыз деген жоопту кат аркылуу гана узатты.
"Полит Клиника" коомдук-саясый гезитинин кыргыз чиновниктеринин 2016-жылга карата толтурулган декларациясы боюнча катыңызды карап чыгып, декларацияны талкуулоо максатсыз деп эсептейм. Анткени, бардык маалыматтар декларацияда көрсөтүлгөн" деп жазылат катка жоопто.
Декларация туура эмес толтурулган болсо кандай жоопкерчилик каралган?
Декларацияны туура эмес толтурганы үчүн Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жоопкерчилик жеңил. Салыштыруу үчүн айтсак, Украинанын жаңы мыйзамдарына ылайык, эгерде мамлекеттик кызматтагы адам декларациясында кайсы бир мүлкүн көрсөтпөй койгону үчүн автоматтык түрдө эки жылга эркинен ажыратуу каралган. Андан кийин ал мүлктөрүн мыйзамдуу жол менен тапканын далилдеп бериши керек. Ал мүлктөрү өзүнө эмес, жакын туугандарына катталса дагы. Далилдеп бере албаса андан дагы күчөтүлгөн жаза алат. Кыргызстандагы чиновниктер дагы жакын адамдарынын мүлкүнө чейин аны мыйзамдуу жол менен тапканын далилдөөгө мажбур боло турган мыйзам долбоорлору керек.
Автор "ПолитКлиника"


Бул материал "Борбордук Азиядагы көз карандысыз ММКларды күчтөндүрүү" долбоорунун алкагында Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана "Клооп Медианын" колдоосу менен даярдалды.

politklinika@gmail.com