15 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:52


«Байкуш» аткаминерлер (Үчүнчү бөлүк)

"Байкуш" аткаминерлер
Кыргызстандагы аткаминерлердин жыл сайын милдеттүү түрдө тапшырылуучу декларациясын карасаң, аларда үйү дагы, машинеси дагы жок бир "байкуш" болуп чыга келишет. Ал эми реалдуу жашоодо андай эмес экени баарына маалым. Көбүнчө алар үйлөрүн, кымбат баалуу машинелерин, бизнестерин жакын адамдарына каттап коюшат. Биз "Байкуш аткаминерлер" долбоорубузда алардын декларациясындагы маалыматтары иш жүзүндөгү байлыгына туура келбей турганын далилдейбиз.

Үчүнчү каарманыбыз Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жетекчиси– Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов - Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты. Бишкек шаарынын мурунку мэри. Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү.
Мүлктөрү


Байтик баатыр 65
"Марко Барокко" катталган Байтик Баатыр көчөсү 65-үйдөн 5 квартира Толкун Курмановага катталган. Андан сырткары, Курманов Байыш Жантаевичтин, Толкун Курманованын бир тууганына дагы ушул эле үйдөн дагы эки квартира катталган.
К.Ташиев көчөсү 12,14
Иса Өмүркуловдун үйбүлөсү дал ушул үйлөрдө жашайт. Ал үйлөр Толкун Курмановага катталган, бирок кийинчерээк белек катары башка адамдарга өткөрүлүп берилген.
Тоголок Молдо 21, 18-батир
Иса Өмуркулов дал ушул квартирага каттоого турган. Бул батирдин кимге таандык экенин текшерип көргөнүбүздө кожоюну Өмүркулов Арзыгул Шейшенкулович болуп чыкты.
Исанов көчөсү 143, 11-батир
Бул батир Иса Өмүркуловдун кызы Өмүркулова Бактыгүл Исаевнага катталган.
Асыл тукум жылкылары
Тоолуу Маевка айылына жакын жердеги Иса Өмүркуловго тиешелүү делген сарайга барып көрдүк. Ал жердин тургундарынын баары бул сарайда Иса Өмүркуловдун асыл тукум жылкылары багыларын билишет. Бул сарайда 20дан ашык жылкы бар. Мындан башка Карагай-Булак айылында дагы эки чоң сарайы бар экенин, ал жакта 200дөй асыл-тукум жылкылары багыларын айтышты. Ар ишемби күн сайын Иса Өмүркулов жылкыларынан кабар алганы келип турат. Келген сайын жылкыларга арнап таттуу момпосуйларды ала келет. Өмүркуловду жылкылар алыстан таанып эле чуркап келишет экен. Бул жылкылардын тайлары эле 3-5 миң доллар турат, ал эми айгырлары 30 миң доллардан өйдө.
Унаалары


Иса Өмүркулов учурда Тойота Ленд Крузер 200 унаасын тээп жүрөт. Мындан сырткары, бир кара түстө, бир ак түстө Лексус 570 жол тандабасты дагы тээп калат.
Ал эми бул видеодон Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов Тойота Ленд Крузер 200 тээп жүргөнүн көрүүгө болот.
Иса Өмүркуловдун кичүү уулу Бакай Өмүркуловдун айдаган 78 миң долларлык жол тандабас унаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин, кийин ал унаа Оштон табылганын ММКлар жазып чыгышкан.
Иса Өмүркуловдун жообу
Декларацияны туура эмес толтурса кандай жоопкерчилик каралган?
Мамлекеттик кадр кызматынын декларация бөлүмүнүн башкы адиси-
Жанара Иманалиева:
Декларацияны туура эмес толтурганы үчүн Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жоопкерчилик жеңил. Салыштыруу үчүн айтсак, Украинанын жаңы мыйзамдарына ылайык, эгерде мамлекеттик кызматтагы адам декларациясында кайсы бир мүлкүн көрсөтпөй койгону үчүн автоматтык түрдө эки жылга эркинен ажыратуу каралган. Андан кийин ал мүлктөрүн мыйзамдуу жол менен тапканын далилдеп бериши керек. Ал мүлктөрү өзүнө эмес, жакын туугандарына катталса дагы. Далилдеп бере албаса андан дагы күчөтүлгөн жаза алат. Кыргызстандагы чиновниктер дагы жакын адамдарынын мүлкүнө чейин аны мыйзамдуу жол менен тапканын далилдөөгө мажбур боло турган мыйзам долбоорлору керек.
Автор "ПолитКлиника"
Бул материал "Борбордук Азиядагы көз карандысыз ММКларды күчтөндүрүү" долбоорунун алкагында Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана "Клооп Медианын" колдоосу менен даярдалды.