15 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:51


«Байкуш» аткаминерлер (Экинчи бөлүк)

"Байкуш" аткаминерлер
Экинчи бөлүк
Кыргызстандагы аткаминерлердин жыл сайын милдеттүү түрдө тапшырылуучу декларациясын карасаң, аларда үйү дагы, машинеси дагы жок бир "байкуш" болуп чыга келишет. Ал эми реалдуу жашоодо андай эмес экени баарына маалым. Көбүнчө алар үйлөрүн, кымбат баалуу машинелерин, бизнестерин жакын адамдарына каттап коюшат. Биз "Байкуш аткаминерлер" долбоорубузда алардын декларациясындагы маалыматтары иш жүзүндөгү байлыгына туура келбей турганын далилдейбиз.

Экинчи каарманыбыз Жогорку Кеңештин депутаты – Акылбек Жапаров.


Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат. Буга чейин КР Экономика министри, КР финансы министри болуп иштеген.




Ишканалары
Мүлктөрү
Бул имаратка жогоруда аталган "Ала-Тоо Рэнт" ЖЧКсы ээлик кылат. Бул фирма тууралуу биз жогоруда айтып бердик.
Жапаровго тиешелүү делген "Дамас Хотелдин" жайгашкан Бишкек шаарынын Жумабек көчөсү 107 дарегиндеги жер Абдрахманова Чолпон Ишенкадыровнага тиешелүү. Бул фамилияны издеп көргөнүбүздө "Жеңил Бетон" ЖЧКсында "Бир Бол" фракциясынан депутат Игорь Чудиновдун уулу Родион Чудинов менен чогуу негиздөөчү экенин билдик.

Бирок бул фамилиянын Акылбек Жапаровго кандай тиешеси бар экенин табуу үчүн андан ары издегенибизде Абдрахманова Чолпон Ишенкадыровна Салык кызматынын сайтындагы маалыматка караганда, 11-кичирайондун 14-үйүнүн 44-батирине каттоого туруптур. Бул квартира Абдрахманов Алмазбек Ишенкадыровичке катталган. Алмазбек Абдрахманов Акылбек Жапаров Президенттик шайлоого аттанганында ыйгарым укуктуу өкүлү болгон экен.

Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсүнө тиешелүү көп фирмалар Бишкек шаарынын Матросов көчөсү 1а дарегине катталган. Бул жерде Анара Жапарованын менчигинде имарат бар экени аныкталды.
Депутат Акылбек Жапаров өзү дагы, уулу Максат дагы Бишкек шаарынын 12 кичи райондогу 49-үйдүн 2-батирине катталышкан. Бул батир Акылбек Жапаровдун өзүнө катталган.
Ал эми жубайы Анара Барыктабасова Бишкек шаарынын Ростовская көчөсү 6-үйүнө катталган. Бул жерге барганыбызда "Kerben Palace» деген мейманкана экенин көрдүк. Бул даректеги имарат Акылбек Жапаровдун апасы Бегайым Саринжиевага катталган.

Апасы бул имаратка ээлик кылганы менен өзү башка дарекке - Эркиндик 30 дегенге катталган. Бул имарат болсо мамлекеттик каттоо кызматынын реестринде бул имарат Илимдер академиясына тиешелүү деп көрсөтүлгөн.

Бирок Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсү Эркиндик бульвары 71 дарегинде жайгашкан атактуу "Корона" үйүнүн 5-кабатында жашайт. Бул жердеги батири тууралуу маалымат мамлекеттик каттоо кызматынын реестринен чыккан жок.
Советтер союзунун учурунда дүркүрөп турган "Машине сыноочу станция" – МИС айыл-чарба жаатында ар кандай экспертименттерди жасап турчу. Ал Кант шаарында жайгашып, өзүнүн спорт клубдары, мейманканалары болгон. Советтер союзу тарагандан кийин ал Акционердик коомго айланып кеткен. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2015-жылы акыркы жолу кайрадан каттоодон өтүп, 105 акционер ээлик кылганы көрсөтүлгөн. Жакында эле бул ишканага байланыштуу УКМК Жогорку Кеңештин депутаттары Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Ошондо УКМКнын маалымат таратып, бул акционерлердин 95%ы Акылбек Жапаровдун адамдары болуп саналарын билдирген эле.
Жанара Иманалиеванын, Мамлекеттик кадр кызматынын декларация бөлүмүнүн башкы адиси:
Декларацияны туура эмес толтурганы үчүн Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жоопкерчилик жеңил. Салыштыруу үчүн айтсак, Украинанын жаңы мыйзамдарына ылайык, эгерде мамлекеттик кызматтагы адам декларациясында кайсы бир мүлкүн көрсөтпөй койгону үчүн автоматтык түрдө эки жылга эркинен ажыратуу каралган. Андан кийин ал мүлктөрүн мыйзамдуу жол менен тапканын далилдеп бериши керек. Ал мүлктөрү өзүнө эмес, жакын туугандарына катталса дагы. Далилдеп бере албаса андан дагы күчөтүлгөн жаза алат. Кыргызстандагы чиновниктер дагы жакын адамдарынын мүлкүнө чейин аны мыйзамдуу жол менен тапканын далилдөөгө мажбур боло турган мыйзам долбоорлору керек.

Автор "ПолитКлиника"

Бул материал "Борбордук Азиядагы көз карандысыз ММКларды күчтөндүрүү" долбоорунун алкагында Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана "Клооп Медианын" колдоосу менен даярдалды.