17 январь 2019
Бишкек убактысы: 10:18


Бүгүн жана ар дайым Айтматовду эскеребиз!

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндөэ эртең менен Президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон расмий адамдар, жазуучунун үй-бүлөсү, бир туугандары Ата-Бейитке барып эскеришти. 

 

Бүгүн, 2-декабрда Айтматовдун бейитине гүл коюу учуру.

Сооронбай Жээнбеков: «Чыңгыз Айтматов адамдардын аң-сезимин өзгөрткөн залкар жазуучу гана эмес, дүйнөлүк саясатка таасирин тийгизген планетардык инсан!»

Филармониядагы жыйында. 12-декабрь.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйынга катышууда.

Мамлекет башчысы жыйындын алдында Филармонияда уюштурулган Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, театрлаштырылган программаны көрдү.

Президент Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

Баарыңыздарды залкар жазуучу, гуманист, философ, планетардык инсан, атактуу жердешибиз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Айтматовдун 90 жылдыгы — улуу жазуучунун өзүнүн гана элесине арналган маараке эмес — жалпы элдик духтун, улуттук ар-намыстын,  мекенчилдик сезимдин салтанаты. Биздин жалпыбыздын майрамыбыз!

Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесин сыйлап, рухуна таазим эткен элибиз  анын юбилейин дээрлик бардык шаарларыбызда жана райондорубузда белгиледи.

Урматтуу мекендештерим!

Ар бир элдин өзгөчө инсандары болот. Андай инсандар улут, өлкө, мамлекет деген ыйык түшүнүктөр менен бирдей каралат.

Алардын ысмы улуттун аң-сезиминде, дүйнө таанымында жашап калат.

Улут менен инсан ажырагыс түшүнүктөй бааланат.

Мындай инсандардын ысымы муундан муунга айтылып, урпактардын эсинде кала берет.

«Кыргыз — Чыңгыз» деген түшүнүктөр ар бир адамдын, инсандын жүрөгүндөгү ыйык түшүнүк.

«Кыргыз — Манас — Чыңгыз» деген түшүнүктөрдү бөлүп кароого болбойт.

Улуттун руханий туу чокусуна айланган Чыңгыз Айтматовдун улуулугу  жана феномени эмнеде?

Чыңгыз Айтматов — кыргыз инсаны дүйнөлүк интеллектуалдык атаандаштыкта тең таймашууга жөндөмдүү экенин далилдеди.

Чыңгыз Төрөкулович — кыргыз баласы ааламдык цивилизацияга опол тоодой салым кошо алаарын тастыктады.

Айтматовдун улуулугу ушунда — бүтүндөй бир улутту улуу эл катары жер жүзүнө даңазалады.

Ал чыгармаларында улутубуздун турмушун жазды, бирок биздин жашоо аркылуу глобалдык маселелерди койду.

Ал кыргыз калкынын башынан өткөн улуу доорду, жыйырманчы кылымдагы маанилүү тарыхый окуяларды сүрөттөдү.

Улуу өзгөрүштөрдү, элибиздин асыл тилектери менен жаркын үмүттөрүн эч качан эскирбей жана көөнөрбөй турган кылып жазып кетти.

«Биринчи мугалим» менен «Саманчынын жолу», «Жамийла» менен «Кылым карыткан бир күн» сыяктуу гениалдуу чыгармаларсыз өткөн доорду элестете албайбыз.

Кыргыз образын дүйнөлүк окурмандарга жеткирди. Кыргыз элинин кандай мыкты эл, кандай улуу калк экенин дүйнөгө таанытты.

Асылдык жана айкөлдүк сапаттары каны-жанына сиңген санжыралуу журт экенин бүт ааламга жар салды.

Дал ушундай кыргыздын гениалдуу уулу, чыныгы патриоту  — Чыңгыз Айтматов болду.

Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

Айтматов адамдардын аң-сезимин өзгөрткөн залкар жазуучу гана эмес,  дүйнөлүк саясатка таасирин тийгизген планетардык инсан  болуп калды!

Ал — адабияттын гана руханий кубулушу эмес, ал дүйнөлүк  маданияттын феномени болду.

«Бул дүйнөдө адамдан адамга, муундан муунга өткөн акыл-эс гана түбөлүктүү. Аны жоготуп алса, адамзат да жоголот», — деп айткан.

Чыңгыз Төрөкулович «Адамга эң кыйыны — күн сайын Адам болуу. Адамдын абийири күн сайын сыноого түшөт», — деген.

Адам болуу, адамдыктын идеалын сактоо, анын ыйман тазалыгына умтулуу — бул жазуучунун ыймандык кодекси.

Бул сөздөр жазуучунун бизге калтырган аманат сөзү, аманат акылы.

Айтматовдун рух мурасына, казынасына үңүлүп карай турган болсок, улуу ойлордун учугун чубап чыгабыз.

Анткени, залкар жазуучу бу дүйнөдө өзү үчүн гана эмес, жалпы адамзат үчүн жашаган.

Биз үчүн дүйнөнүн жандырмагын чечүүгө аракет кылган, ар бир адамдын жүрөгүнө жарык жеткирүүгө аракет кылды.

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүн Айтматовдун айрым осуяттарын, идеяларын эстөө орундуу болот деп ойлойм.

«Дүйнөнү түрө кыдырдым, бирок, мен үчүн Кыргызстандан өткөн ыйык түшүнүк жок. Өлкөмө жанымды карч уруп кызмат кылуу сезими дайыма көкүрөгүмдө жанар тоодой уюп келди», — деп Чыңгыз Айтматов айткандай, өлкө эӊ оболу ар бирибиздин аракетибизден башталат.

Өлкөбүздүн жана элибиздин эркиндиги үчүн, биздин ата-бабаларыбыз, өзүлөрүнүн жанын аяган эмес жана бизге, эркин «Кыргыз мамлекети» деген өтө ыйык мурасты калтырып кетишти.

Ушул ыйык мурасты сактайлы, урпактарга табыштайлы.

Айтматовдун осуяттарын кармоону биз ишибиздин ыймандык нормасына айлантуубуз керек.

Биз Айтматовдун чыгармалары менен дүйнөгө таанылсак, анын акыл сөздөрү, акылман ойлору менен биз өзүбүздү-өзүбүз тааныйбыз.

Ар бир кыргызстандык үчүн Айтматов — рух дүйнөбүздүн ажырагыс  бөлүгү болуп калды. Ар бирибиздин адам, инсан катары калыптануубузга таасир этти.

Улутубузга, саясий көз карашыбызга, диний ишенимибизге карабай, бизди, кыргызстандыктарды Айтматовдун руху бириктирип турат.

Өзүнүн акылы менен тең бөлүштү, ички дүйнөбүздү аруулантты, көкүрөгүбүзгө Айтматов улуу сөздөрдүн үрөнүн септи.

Адамдын көкүрөгү эркин болуп, жан дүйнөсү таза болсо, ага бүтүндөй аалам батып кетерин далилдеди.

Жан дүйнөнүн тазалыгы үчүн ар дайым күрөшкө чыгууга чакырды.

Урматтуу мекендештерим!

Замандын улуу инсаны Кыргызстан элин гана эмес, дүйнө элдерин ынтымакка үндөгөн.

Ошондуктан Айтматовдун элесине таазим эткен дүйнө коомчулугу анын юбилейин кеңири белгиледи.

Анын 90 жылдыгына арналган иш-чаралар Бириккен улуттар уюмунда өттү, Түрксой 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялады.

Шериктеш мамлекеттердин башчылары, Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын кеңеши Айтматовдун 90 жылдыгына арналган атайын билдирүү кабыл алышты.

Айтматовду эскерүү иштери Россияда, Түркияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Белоруссияда, Англияда, Германияда,  Японияда, Бельгияда, Кореяда, Австрияда жана башка өлкөлөрдө болуп өттү. Жакында Кытайда да болот.

Москва шаарында Айтматов сквери негизделип, анын эстелиги орнотулду. Астана шаарында проспектке, Ташкенттеги көчөгө Айтматовдун ысымы берилди. Түркия мамлекетинде жана Белоруссияда Айтматов атындагы Эс алуу Багы негизделди. Кавказ тоолорундагы чокуга, Люксембургдагы көчөгө Айтматовдун ысымы берилди.

Шериктеш мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы Айтматов атындагы сыйлык уюштурган.

Бул өлкөлөрдөгү досторубуздун баарына тереӊ ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

1986-жылы Чыңгыз Айтматов башында турган дүйнө интеллектуалдарынын көрүнүктүү өкүлдөрү Ысык-Көл форумун өткөрүүгө чогулганын билесиздер.

Айтматовдун форуму Батыш менен Чыгыштын көрүнүктүү өкүлдөрүн өз катарына бириктирген.

Алар дүйнөлүк аренада түзүлгөн ошол мезгилдин чакырыктарына жооп издеген. Адамзатты глобалдык катастрофадан сактап калуунун жолдорун изилдеп, жаңыча ой-жүгүртүүгө жол ачышкан.

Мына ошол даңазалуу биринчи Ысык-Көл форумунан бери туура отуз эки жыл өттү.

Улуу инсаныбыз демилгелеген нарктуу салтты улантуу максатында, быйыл кайрадан кыргыз жергесинде Ысык-Көл форумун ийгиликтүү өткөрдүк.

Бул форумга дүйнөгө таанымал Айтматовдун замандаштарын чакырдык.

Форумга келген белгилүү инсандар Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, анын гуманисттик идеялары азыр да актуалдуу экенин белгилешти.

Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайрадан Кыргызстанда, залкардын мекенинде өткөрүү менен, залкардын элесине дагы бир ирет таазим этип, анын көсөмдүгүн белгилеп, идеяларын дүйнөгө кеңири жайылтуу максатын көздөдүк.

Урматтуу мекендештерим!

Бишкек, Ош шаарларында, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Талас областтарында көчөлөргө, мектептерге улуу жазуучубуздун аты ыйгарылган.

Нарын областында анын ысымы китепканага берилген. Борборубузда Айтматов атындагы кино үйү, библиотека, үй-музейи  бар.

Дагы бир жагдайды айта кетейин. Бишкек шаарындагы Эмен багы Айтматовдун атын алып жүргөнүнө он жылдай болуп калды. Бирок элдин көпчүлүгү аны биле бербейт.

Бишкек мэриясы конкурстун негизинде бул паркты жасалгалоо концепциясын иштеп чыгып, Айтматовдун руху көрүнүп, билинип тургандай кылып кайра куруусу керек.

Парктын четинен орун алган Айтматов атындагы орус драма театрынын абалын да оңдойбуз.

Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

Ардактуу аксакалдар!

Бишкек шаарында Айтматов атындагы проспект бар. Манас проспекти тоону көздөй өйдө кетип, Айтматов проспекти болуп уланып кеткени — өзүнчө бир символикалуу.

Биринчиден, Чыңгыз Төрөкулович улуттук маданияттын туу чокусу болгон «Манас» эпосунун изилденишине, аны басып чыгарууга зор эмгек кылган. «Манас» эпосун дүйнөгө таанытууга өзгөчө салым кошкон. «Кыргыз элинин рух чокусу — „Манас“ эпосу» деген бийик баа да Чыңгыз Төрөкуловичке таандык.

Манас маданиятыбыздын туу чокусу болсо, Айтматов рухубуздун туу чокусу. Буга байланыштуу урматтуу аксакалыбыз Бексултан Жакиев жакында эле жакшы ойду айтты. «Бул жолдордун уланганы туура. Манас менен Айтматовдун „киндиктери туташ“ деди.

Экинчиден, Айтматов проспекти Айтматовдун өзү жашаган үйүнө барып такалат. Азыр баарыбыз барып жаткан Айтматовдун үй-музейине жетет.

Ал проспект андан ары Айтматов коюлган, биздин атактуу ата-бабаларыбыз жана Апрель баатырлары жаткан Ата бейитке уланат.

Үчүнчүдөн, проспектинин жогору жагында келечекте Айтматов маданий борбору курулат.

Азыр жазуучунун кичи мекени — Шекер айылында Чыӊгыз-Ордо комплексинин курулушу башталды.

Эми, урматтуу мекендештерим, Бишкектин борборунда, Раззаков көчөсүндө китепкана деп салынган жаӊы имараттын базасында „Манас жана Айтматов академиясын“ түзүү чечимин кабыл алдык.

Айтматовдун руханий байлыгын аяр сактап, үй-музейин уюштуруп, 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө чын дилден жардам көрсөткөн жазуучунун жакындарына тереӊ ыраазычылык билдирем.

Урматтуу мекендештерим!

Жыйындын катышуучулары.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы — бул улуттук духтун майрамы, бул эркин ойдун майрамы, бул таза ыймандын жана абийирдин майрамы. Ушул Ыйык майрамыбыз кут болсун!

Чыңгыз Төрөкуловичтин элесине болгон урмат–сый быйылкы жыл менен эле бүтпөйт. Жыл сайын уланып турат.

Ала-Тоонун ак кар, көк муз баскан чокулары турганда, көкүрөгүбүздө кыргыз руху турганда, Чыңгыз Айтматовдун ысымы түбөлүк жашай берет! Чыңгыз Төрөкуловичтин элеси өчпөйт! Түбөлүк таазим Сизге, элимдин улуу залкары!» деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөттөрдү тарткан: Султан Досалиев. Президенттин басма сөз кызматы.