17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 19:45


Атамбаевдин салааларынан куюлган КСДП

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын Саясий кеңеши уюмдун башынан берки мүчөсү, парламенттеги фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду катарынан чыгарган чечим кабыл алды. Мындай чечимдин чыгышына И.Өмүркуловдун жакында «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлдөрүн кабыл алганы себеп болгону жана жыйынды партиянын лидери Алмазбек Атамбаев өзү демилгелегени айтылууда. Эки тарап бири-бирин чыккынчылыкка айыпташууда.

Оомат оогондо…

Деги эле КСДП партиясы бүгүнкү күндө оомал-төкмөл, чайпалган кырдаалды башынан өткөрүүдө. 2010-жылдан 2017-жылга чейин бул партуюм өлкөдөгү эң чоң, туруктуу жана кубаттуу партия катары таанылып келген. Башка партияларда мандат талаш, тизме түзүү сыяктуу чырлар токтобой келатканда КСДП бир калыпта, чийинден чыкпаган кылт этпес жашоо кечирди. Мунун баары бул партиянын бийликте турганынан улам экенин эми түшүнүп отурабыз. Бирок, партия акыры келип турбуленттук аймакка кириптер болду. Доор алмашып, партия кожоюну Алмазбек Атамбаев ажолуктан кеткен мезгилде партиядагы ыдыроо, бөлүнүп-жарылуу сыяктуу көйгөйлөр жарылып чыкты.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай бүгүнкү абалды КСДПга бийликтин күчү менен меркантилдик кызыкчылыктарга азгырылган адамдар толуп алгандыгынын кесепети катары баалайт.

— Партияга таза эмес, жеке кызыкчылыктарга сугарылган адамдар кирип алышкан. Андайлар эч качан идея үчүн күрөшүшпөйт, өз карьерасында лифт катары пайдаланышат.

Бул кырдаалды КСДПнын башында турган топ партияны тазалоо процесси жүрүп жатканы менен түшүндүрүүдө. Ал эми жикчил топтор болсо партияны жеке кызыкчылыгына пайдаланган адамдар кетиши керек деген позицияны карманышууда. Буга чейин Атамбаев «досум» деп жүргөн Сооронбай Жээнбековдон айрылган болсо, бул жолу дагы бир эски досу, анын саясий жашоосунда ар дайым жанында болуп келген дагы бир эски досу Иса Өмүркулов менен коштошту. Ал эми бийликтен тапкан «жаңы достору» болсо жемкорлукка шектелип четинен абакка киргизилүүдө.

КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева партиянын эски мүчөсү, парламенттеги фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун катардан чыгарылышын анын уставды бузгандыгы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, Өмүркулов көптөн бери саясий кеңештин жыйындарына катышпай калган жана партия лидери Атамбаев менен жаздан бери жолуга элек.

Ал эми КСДПнын активдүү мүчөсү, депутат Ирина Карамушкина мурдараак кесиптеши Иса Өмүркуловду «жерде жаткан талпак, чыккынчы» деп кескин сындап чыккан. Анын эмоционалдуу сыны Өмүркуловдун «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлдөрүн кабыл алып, баарлашканы боюнча айтылды.

Өз кезегинде Иса Өмүркулов атайын маалымат жыйынын куруп, саясий кеңештин аны партиядан чыгаруу жөнүндө чечимин мыйзамсыз деп атады.

— Бул легитимсиз чечим партиянын ичиндеги тирешүүгө, бейстабилдүүлүкө алып келиши мүмкүн. КСДП бүгүнкү күндө республикадагы эң чоң партия болгондуктан, саясий кырдаалга да таасирин бериши мүмкүн. Мен бул партияда 25 жылдан бери мүчөмүн. Бул партия менен отту да, сууну да кечип өттүм. Жеке өзүмө, үй-бүлөмө коркунучтар болгонуна карабай партиянын линиясын колдоп, бүгүн мени партиядан чыгарууну демилгелеген кишини бийлик башына алып келүүгө салым кошком. Саясий кеңештин бул чечими менин «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын колдоо-колдобоо боюнча позициямдын кыймылдаткычы болуп калмакчы.

КСДП фракциясы Атамбаевдин колунан чыгып кетти

«Атамбаевсиз КСДП» демекчи, Иса Өмүркулов 24-октябрь күнү аталган кыймылдын өкүлдөрүн кабыл алып сүйлөшкөн. Бул жолугушуу саясий айдыңда, өзгөчө экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПчылардын арасында чоң бүлүк салды. Фракция мүчөсү, Атамбаевдин ачык колдоочуларынын бири Ирина Карамушкина фракция лидерин «чыккынчы, бут аарчыган талпак» деп да атады. Көп өтпөй маселе партиянын саясий кеңешинин деңгээлинде каралып, уюмдун лидери Атамбаев баш болуп Өмүркуловду өз катарынан чийип салышты. Анын Атамбаевдин «душмандары» менен жолугушу партия башчылары тарабынан кастык катары кабылданды.

Логикага таянсак, Иса Өмүркулов партиядан чыгарылган соң эми фракциядан чыгарылышы керек болчу. Бирок, Атамбаевдин таасиринен КСДП фракциясы чыгып кеткенин буга чейинки саясый окуялар далилдеп берди.

КСДП фракциясынын мүчөсү, парламенттеги отун-энергетика жана жер казынасы комитетинин жетекчиси Кожобек Рыспаев «Марал» радиосуна маек берип жатып “эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда туугандашып жашаган жокпуз” деп айтканы үчүн партия курамынан чыгарылган. Саясий кеңеш парламенттеги фракциясына да бул депутат боюнча өзүнүн жолун жолдоону сунуштаган. Бирок, күтүлбөгөн жерден фракция бул сунушту четке кагып, К.Рыспаевди өз курамында калтырып койду. Анын фракциядан чыгарылышын колдоп 8 гана мүчөсү добуш берип, калгандары колдобой койгон. Ошондуктан, Өмүркуловду фракциядан чыгаруу аракетине дарамети жетпей турганын Атамбаев өзү деле түшүнүп жатса керек.

Саясий процесстердин артында таасирдүү караандар барбы?

Быйылкы жыл өзү саясий курч окуяларга бай жыл болду. Жыл башынан баштап президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, жыйынтыгында ондогон ири чиновниктер темир тор артына кетишти. Алардын баары тең экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенген кадрлары жана жакын санаалаштары эле. Мунун айынан экс-президент менен жаңы президент экөөнүн ортосунда айыгышкан тирешүү тутанып, Атамбаев жарга такалган жарадар карышкырдай абалга кириптер болду. Өлкө казынасынан уурдалып-тонолгон миллиарддаган каражатка жооптуулардын сап башында экс-президенттин аты байма-бай аталып келет.

Бийлик Атамбаевдин оор кылмыштарды жасаганын далилдөөгө шашпаганы менен, башкы атаманга карата ар тараптан чабуул жолдорун түзүп жатканы көрүнүүдө. Эң башкысы, экс-президенттин кол тийбестигин алуу зарылдыгы тургандыктан, бул жаатта депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев мыйзамдык негиз түзүүгө аракет жасашууда. Алардын «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунушташууда.

Экинчи фронтто Атамбаевди канат-куйруксуз калтыруу иштери күчөөдө. Эски партиячы Сагынбек Абдрахманов баштаган бир катар активисттер «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын уюштуруп, жер-жерлерде колдоолорду көбөйтүү менен алек. Алардын аракети карапайым мүчөлөрдүн бир даарын буруп кетип жатса, жогорку эшелондо да колдоолорго ээ болуп жатканы байкалууда.

Бул аракеттердин артында кызыкчылыгы зор көмүскө тараптардын тургандыгы көп жактан айтылып келет. Ким ал «серый кардинал»? Кыргыз саясатында тууган-урук, үй-бүлө деген фактор орун-очок алып калгандыктан, калктын бир бөлүгү Атамбаевди талкалоонун артында президенттин иниси Асылбек Жээнбеков баштаган тууган-туушкандары тураарын боолголошууда. Албетте мунун жөнү бар. Буга чейин А.Жээнбековдун кандайдыр бир иштерде роль ойногондугу тууралуу фактылар болгон эмес. Бирок, эл арасындагы жоромолдор жөн жерден эместиги баары бир акырындап суу бетине чыгып калууда. «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидерлерин Иса Өмүркуловго жолугуштурууда Асылбек Жээнбековдун таасири бар экендиги Сагынбек Абдрахмановдун өз оозунан чыкты. Ал алгач ММКга «биздин Иса Өмүркулов менен жолугушуубузду Асылбек Жээнбеков макулдашты» деп айткан болчу. Бирок, кийин ал өз пикирине өзгөртүүлөрдү киргизип, ММКлар аны сөзүн бурмалашканын, А.Жээнбеков аларды байланыштырып гана койгонун билдирди.

Иса Өмүркулов «бунтарлар» менен сырдашуунун артында президенттин иниси тургандыгын четке кагууда.

— «Форумдун» пресс-казматынын атынан мага карата «чыккынчы» деген да чөздөр айтылып жатат. Мен атайын бирөөнүн атынан кабыл албайм, алар кимдир бирөөнүн атынан (өзгөчө Асылбек Жээнбековдун атынан) келишкен эмес. Мага жолугушууга келгендердин баарын кабыл алып келгем жана мындан ары да ошондой болот, — дейт Өмүркулов.

Саясат таануучу Марс Сариев саясий оюндардын усталары Иса Өмүркуловду бул окуяларга атайын катыштырышканын боолголойт.

— Иса Өмүркуловдун «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын кабыл алышы чоң маалыматтык кампанияга айланып кетти. Анын аракети контролдук ок чыгаргандай болуп калды. Өмүркулов макулдугун бербесе деле аны пайдаланып кетишти. Бул кылдат иштетилген интригалык мехинизм болуп калды. Ак үйдүн ошондой тактикалык жүрүшү болгон болушу да мүмкүн. Жолугушууну Асылбек Жээнбеков уюштурганын Сагынбек Абдрахманов өзү айтты. Демек, сөз жөн жерден чыккан жок, ортодо ошондой иштер да болгон го. Абдрахманов ошончолук маңыроо кишиби же атайын жасап жатабы, билбейм, бирок иш жүзүндө Асылбек Жээнбековго зыянын тийгизип жатат, — деп айтат Сариев.

Кандай болгондо да, тарых өз барагына Асылбек Жээнбековдун бейнесин «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы менен КСДП фракциясынын лидеринин жолугушуусунун фонунда каттап койду. Адатта мындай бейнени тартууга катышкысы келгендер көп болот жана ошонун айынан анын түрү суук болуп чыга келет.

Кубатбек АЙБАШОВ