24 сентябрь 2018
Бишкек убактысы: 13:11


Атамбаевдин алтымышынчы ашуусу — чыйыры жана кыйыры

Байыркы кыргыздын бүгүнкү ажосу өмүрдүн алтымышынчы ашуусуна келгенде, анын өмүр жолуна, эмгек чыйырына, адамдык сапатына, саясий ишмердүүлүгүнө көз чаптырганда менин эсимдеги узун жолдун кыскасы ушул…

Агасынын эскисин кийип чоңойгон…
Кыргызстандын төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда Бишкектин жагасында, Аламүдүн капчыгайынын оозунда, тоо түбүндөгү кичинекей Арашан деген айылда жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси карапайым, карандай эмгеги менен күн көргөн, катардагы кара кыргыздар эле. Атасы Шаршен Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу болгон.
Анын балалыгы элеттик көп балдардыкына окшош. Айылдагы үй-бүлөнүн түйшүгүнө бышып торолгонун, советтик чарбага кол кабыш кылып эмгекке бышканын, өзүнөн улуу агаларынын эски кийимин кийип чоңойгонун, студент кезинде ачка-ток калганда жумуштун оор-жеңилин карабай иштегенин, билимге каныгам деп күн-түн китеп казып окуганын, чыгармачылык чымыны ойгонуп ыр жазганын, көп чыгармаларды кыргыз тилине которгонун аны жакшы билгендер, өзү да эскере айтканын угуп, окуп жүрөбүз.
Алмазбек Атамбаев 6 баланын атасы. Биринчи аялы Бүажар Теңизбаева экөө Сейитбек, Сейтек жана Диана, Динара аттуу уул-кыздуу болушкан. Экинчи жубайы – Раиса менен 1988-жылы баш кошкондон кийин уулу Кадырбекти,  кызы Алияны көрүшкөн. Балдарынын ичинен коомчулукка көп таанылганы Алия болду. Раиса Атамбаева Орусиянын Уралында төрөлгөн, Ош шаарында өсүп өнгөн, окуп билим алган. Кесиби дарыгер, медицина илимдеринин доктору деген илимий даражасы бар. Теги – татар кызы.  Кыргызстан менен Татарстандын кызматташтыгына данакер болуп жүргөнүн байкайбыз.
Президент А. Атамбаевдин кесиби – инженер-экономист. 1980-жылы Москвадагы  башкаруу институтун аяктаган. Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлигинде катардагы инженер болуп баштаган. Андан кийин Бишкектеги № 4 ЖЭБ мекемесинде башкы инженер катары иштеген.

Өндүрүштөн өсүп чыгып, өр алган…
1983-жылдан А.Атамбаевдин мамлекеттик кызматка өткөнүн байкайбыз. 1987-жылга чейин  Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин аппаратында ар кандай кызматтарда иштеп, чиновник катары “баш тоголоткон” көп сыноолордон өткөн. Өзүн кыргыз-орус тилдеринде эркин жаза билген, интеллектуалдык көрөңгөсү терең, билимдүү, өжөр, бир нерсенин айттырбай түшүнгөн, маданияттуу, жоопкерчиликтүү советтик кызматкер катары көргөзө алганы менен көптүн эсинде калган.  “Баралына келгенде баладан бир нерсе чыгат” дешип, таанып-билгендер андан көптү үмүт кылышчу. Андай үмүттүн арты биздин каарманды 1989-жылга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары кызматына чейин көтөрдү. Бул  Атамбаевдин совет заманындагы жеткен саясий карьерасынын бийиктиги болду. Эгер СССР кулабаганда чоң коммунист жетекчи болмок  деп калышат.
Алмазбек Атамбаевдин андан кийинки 15 жылдан ашуун өмүр жолун өндүрүштөн жана ишкерликтен көрөбүз. 1990-жылдан ал “Форум” илимий-өндүрүштүк фирмасынын директору, “Кыргызавтомаш” акционердик коомунун башкы директору, кайрадан “Форум” өнөр жай тобунун директорлор кеңешинин төрагасы, “Кыргызавтомаш” корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы катары өлкө оор абалда турганда бел чечпей иштеп, ыдырап, талкаланып, тонолуп бараткан ишканаларды сактап калып, жаңы жумушчу орундарын түзүп, үзүлгөн байланыштарды улап, жаңысын таап, өндүрүштүн өндүрүмдүүлүгүн көтөрүүгө болгон күчүн, билим-тажрыйбасын арнаганын айткандар көп. Ошол эле учурда “Атамбаев Автомашты майкандады, талкалады, байыды” дегендер жок эмес. Канткен менен анын Кыргызстандын өнөр жайынын, өндүрүшүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы зор деп баалагандар аз эмес.
Атамбаев өзү 1990-жылдардын башында эле жеке ишкерликти баштаганын айтып келет. Алгачкы бизнести китеп сатуу менен баштап, биринчи кирешелерин тапкан. Баса, ал Кыргызстандын Жазуучулар союзуна караштуу “Адабий фонд” коомдук уюмун башкарып, калемгерлерге колдоо көрсөтүп турганын билебиз. Ал жардамы азыркыга чейин уланып, чыгармачыл адамдарды “Арашан” эс алуу үйүнө дем алдырып турат.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Атамбаев ишкерлик менен бирге саясатка да активдүү аралаша баштайт. 1993-жылы ал Кыргызстан социал-демократтар партиясын түзүп, анын лидери болот. Ал саясий уюм Кыргызстандагы алгачкы партиялардын бири катары тарыхта калды. Анын саясий айдыңдагы чыйыры уланып, 1995-жылы Жогорку Кенештин эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланат. Парламентте “Реформа” фракциясын түзүп, аны жетектеп, талылуу көп маселелерди көтөрүп, жигердүү эл өкүлү катары элдин оозуна алына баштайт. Ал учурдагы бийликке ачуу сындарды айтып турганын эл жакшы билет.

Биринчиден “Даңк”, экинчиден “Данакер”…
Анан эле 1999-жылы КСДП партиясынын “эки тизгин бил чылбырын” партиялашы, парламент спикери Абдыганы Эркебаевге өткөргөнү угулду. Ал кырдаалга баам салып тургандар ошол кездеги бийлик Атамбаевди саясат менен эмес, ишкерлик  менен шугулданганга мажбурлаптыр деп калышты. Андан көп өтпөй Алмазбек Шаршеновичти өндүрүшкө, жалпы эле экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн президент Акаевдин “Даңк” медалы менен сыйланганы мурдагы саясий божомолдорду чындыкка чыгаргандай болду. Кыргыз гезиттеринин бир тобу Атамбаевди өлкөдөгү көрүнүктүү инсандардын катарында аташып, зоболосун дагы бийиктетип жатышты.
Ал медаль үчүн үн катпай калган жок. 2000-жылы март айында Атамбаев катуу кармаштын аркасы менен кайрадан парламентке депутат болуп шайланат. Бирок бир ай өтпөй Алмазбек мырза соттун чечими менен депутаттык мандаттан ажырайт. Ага мүлктөрүн, кирешелерин жашырган деген айып тагылат. Анткени Акаевдин бийлиги Атамбаевдин парламентке келишин каалаган эмес эле. Ыза тарткан Атамбаев 2000-жылдын күзүндө президенттик шайлоого аттанат. Күрөш катуу жүрөт, кыл чайнашкан учурлар көп болот. Жыйынтыгында президенттик жарышта А. Акаев биринчи орунду, Ө. Текебаев экинчи орунду ээлесе, А. Атамбаев  коло байге тагынып маарага үчүнчү келет. Калгандары бир пайызга жетпеген упай алышып, чоң жарыштын чаңында калышат. Ошондон баштап Атамбаев Акаевдин бийлигине элдешкис күрөшкө чыкканын баамдайбыз.
2005-жылдын 24-мартында А. Акаевди бийликтен алып түшүүгө башталган “жоогазын революциясында” Атамбаев болгон күчүн жумшаган. Анын миңдеген жактоочулары ыңкылаптын кыймылдаткыч күчү болгонун жалпы журт жакшы билет. Ал саясий окуядан кийин да Атамбаевдин президент болуу амбициясы өчкөн эмес. Бакиев менен Куловдун тандеми күчүнө киргенин сезгенде ажолук орунга баруудан аргасыз баш тартканы белгилүү.
Шайлоо марага келип, Бакиев президент болгондо Атамбаевди Өнөр жай жана соода министри кылып дайындайт. Алты ай өтпөй бийлик башындагыларга ачуу сынын айтып, өз каалоосу менен кызматын тапшырып берип, оппозициячылардын “Реформа үчүн” кыймылына кошулат. Бакиевге каршы чыккандар Атамбаевдин келиши менен мурдагыдан күчтөнүп, көчө митингдери байма-бай өтүп, бийликтин шаштысын алып жатышты. Ага Атамбаевдин ал кездеги саясий салмагы жана акчасы чоң салым кошкону коомчулукта көп айтылат.
2007-жылы жаз айларында Атамбаев жана башка саясатчылар бөлүнүп, «Бирдиктүү Кыргызстан үчүн” деген кыймыл түзүшүп, бийликке кайрадан тиш кайрап башташат.  Аргасы кеткен Бакиев каршылаштарын чакырып, сүйлөшүүлөрдү баштайт. Натыйжада А. Атамбаев өкмөт башчысы болуп дайындалат. Ал өзү бул бийик кызматка келишин өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн букаралар менен башкаруучулардын ортосунда “көпүрө болгусу” келгени менен түшүндүргөн.
Тилекке каршы, Бакиев менен Атамбаев тандем болуп, коюн-колтук алышып иштеше алышкан жок. Көп суроолор боюнча Бакиев жана анын айланасындагылар менен тил табыша албай, көп жаракалар кеткен, чырлар чубалып чыгып жатты.  Көпүрө боло албашын сезген Атамбаев  “тойдум байдын кызына” деп, өкмөт башчы кызматынан өз каалоосу менен кетерин жар салды. Анын эмгегин жогору баалап, өлкө башчысы “Данакер” ордени менен сыйлап узатты. Эл оозунда ошондон кийин Атамбаев “көпүрө болбой калган өкмөт башчысы” деген атка конгон.

Тамекиге чейин акча берип турган…
Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы байманалуу адамдардын бири. 2010-жылга чейин эле республикалык гезиттер Кыргызстандын эң бай 100 адамдын сап башында Атамбаевди атап келишкен. Биздин каарман колунда бар адам экендигин өзү да жашырбайт. Бир нече өндүрүш ишканалары, компаниялар, жер тилкелери, кыймылсыз мүлктөрү бар экендигин, банктарда эркин жүгүртүүдө аз эмес акчалары сакталып турганын жашырбайт. Коомчулукта анын негизги бизнеси Түркияда экендиги көп айтылат. Президент болгондон кийин да декларациясында болгон мүлк, каражаттарын ачык толтурганы, жарыя кылганы үчүн башка чиновниктерге үлгү болуп келатат. Ал тургай убагында оппозициянын акцияларын каржылап келгенин, айрым үзөнгүлөштөрүнө “тамекиге чейин акча берип турганын” өзү ачык айтып келатат. Атамбаевди жакшы тааныгандардын пикиринде ал акчага сараң эмес, колу ачык, берешен адам, кайрымдуулук иштерин көп кылат.
2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин А.Атамбаевди эски бийликти кулатуудагы активдүү аракети жана экономика жаатындагы көп жылдык тажрыйбасы эске алынып, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары кызматына ишеним көрсөтүлөт. Өлкө үчүн оор учурда “башын канжыгага байлап”, туруп бергенин билгендер көп. Ал эмгеги жана парламенттик шайлоодо КСДП партиясы жеңиш менен келгенин эске алынып, А. Атамбаевге 2010-жылдын декабрь айында экинчи жолу өлкөнүн өкмөт башчысы кызматын аркалоого ишеним артылат. Шаршен уулу Алмазбек ал бийик даражалуу кызматты туура бир жыл аркалагандан кийин, президенттик шайлоодо жеңип келип, 2011-жылдын 1-декабрында Кыргызстандын президентинин тактысына отурат.
Президент А. Атамбаевдин саясий ишмердүүлүгүнө бир жактуу баа берүү өтө кыйын. Ал карама-каршылыктуу инсан. Анын саясаттагы аракеттерин, жасаган кадамдарын, сүйлөгөн сөздөрүн колдогондор, жактагандар мурдатан аз эмес болгон, азыр да көп. Ошол эле учурда аны сөөгүнө чейин сындагандар да андан көп. Акыркы күндөрү ага каршы аттангандар күргүштөп көбөйүп жатканын моюнга алышыбыз керек. Атамбаевдин президенттик бийлигинин бүтүшүнө бир жыл калганда кечээги үзөнгүлөштөрү менен кармаша баштаганы кыргыздын соңку тарыхындагы унутулгус окуяларга айланууда. Бул дагы анын тагдыры…

Эмне эсте калды…
Өмүрдүн алтымышынчы ашуусун ашып жаткан ажобуз Атамбаевдин Кыргызстанды башкарган беш жыл эмнеси менен эсте калды деген суроо туулат. Акыйкат үчүн айтсак, жогорку чыңалуудагы “Датка-Кемин” электр линиясынын курулушу, Түндүк-Түштүк альтернатив авто жолунун салынып жатышы, эки жолу “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” өтүшү Атамбаевдин демилгеси, аракети менен ийгиликтүү ишке ашып жаткан мамлекеттик долбоорлор катары тарыхта калары шексиз. Ошол эле мезгилде Кыргызстанда “Кумтөр” кенинин “Чубактын кунундай чубалган иши” аягына чыкпай, өлкө кызыкчылыгына  иштебей жатканы, “Камбар-Ата-1-2”, Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулуштары Атамбаев бийлиги учурундагы чуусу көп, ишке ашпай калган ири долбоорлор эсебинде элдин эсинде калары да чындык.
Алтымыштын ааламына келген Президент Алмаз Атамбаев инсандык өмүр жолун, саясий ишмердүүлүгүнө көз чаптырганда ушуларды эстедим. Пайгамбар жашына келген мамлекет башчыбызга узун өмүр, чын ден соолук, үй-бүлөсүнө бакубат турмуш каалайм. Бар болуңуз, мырза президент!

Бакыт Орунбеков