23 июль 2018
Бишкек убактысы: 19:42


Асылбек Дамирбек уулу кантип депутат болгон?

Дээрлик бир жумадан бери казак-кыргыз  Жалпыга маалымдоо каражаттарында контрабандага жана улуттар аралык кылмыш өкүлдөрү менен катыштыгы бар деген болжолдуу айып менен Казакстанда эки айга камалган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин айланасындагы ызы-чуунун улам жаңы өңүтү ачылып келет.

Бүгүнкү күндө ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбек Казакстандын да жараны экендиги тастыкталды. Ошол эле мезгилде ал Кыргызстандын жарандыгынан да баш тарткан эмес. Кош жарандыкты алып жүрүп, ал канткенде Жогорку Кеңештин (эки ирет) депутаты болуп калгандыгы да кызык. Анын жарандыгынын аныгына жетпей туруп,  Борбордук шайлоо комиссиясы жана парламент мыйзамды бузуу менен депутаттык мандатты ыйгарып келгенби?

Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов кош жарандыгы бар адамдарды кандай жаза күтөөрүн айтты:

—Эгер ТИМ депутаттын кош жарандыгы бар экенин расмий тастыктаса, анда биз аны депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу маселе коёбуз. Анткени кош жарандыгы бар адамдар биздин мыйзам боюнча парламенттин депутаты боло албайт. Мындай мыйзам бузуу боюнча беш жылга жарандыгынан ажыратат жана 300 айлык эсептик көрсөткүчтө айып тагылат, -деди Назарали Арипов.

Андан дагы Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин аты-жөнү башка болуп чыкканы андан бетер таң калычтуу. Биринчилерден болуп бул тууралуу Эдил Байсалов айтып чыкты. Ал мындай деди:

—Депутат  Дамирбек Асылбек уулунун аты-жөнү  Динарбек Супатаев болуп чыкты. Жакындары менен туугандары ага Дина деп кайрылышат. Ал 1981-жылы эмес, 1979-жылы туулган. Аты-жөнүн өзгөртүп, жашын ылдыйлатканы криминалдык эмес, спорттук кызыкчылыктан улам. 1997-жылы кадеттик дүйнө чемпионатына катышышы керек эле, анда 16 жашка чейинкилерди  гана кабыл алышчу. Ошондо  коло медалдын ээси болгон.

2001-жылы Дина-Дамирбек Казакстандын атынан Азия чемпионатына катышып, күмүш медалды жеңип алган. 2001-2004-жылдарда  Казакстандын атынан эл аралык спорттук мелдештерге катышып, бир канча жолу Казакстандын чемпиону аталган. Демек, биздин депутатыбыздын казак жарандыгы болгондугунда эч шек жок! Эми менин УКМКга суроом: Аты-жөнү өзгөртүлгөн жана казак жарандыгы бар адам кантип,  эки жолу,  2009 жана 2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп калды?”   деди  Эдил Байсалов.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары да бул тууралуу жазып чыкты.“Спутник” агенттигине берген интервьюсунда мурдагы тренери Мейрамбек Ахметов да депутаттын аты мурда Динарбек Супатаев болгонун, Казакстанга кеткенге чейин фамилиясын өзгөрткөнүн айтты.

“Ал Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча Казакстандын атынан чыгып, 2-орунга жетишкен. 1999-жылы фамилиясын “Асылбек уулу” деп өзгөрткөн. Ошол кезде “уулу” деп өзгөртүү мода болуп жаткан. Ооба, анын атасынын аты Асылбек” деди М. Ахметов.

Жогорку Кеңештин төрагасы  Дастанбек Жумабеков депутат Асылбек уулу Дамирбектин  Казакстанда дүңгүрөп кармалышына байланыштуу кармалса-койсо өз иши, башка өлкөдөгү тергөөнүн жүрүшүнө кийлигишпейбиз деп орустар айткандай, “Моя хата с краю” деп четке чыга берди.   Ырас, кечирээк Жогорку Кеңеш спикери мурунку сөзүн кайра алып, депутаттын кандайча кармалган жагдайын сурап,  Казак мажилисине кайрылганы маалымдалды.

“Ээсин сыйласаң, итине сөөк сал”  дегендей, Жогорку Кеңешти сыйласа, казак туугандар неге депутаттын кармалганын дароо билдиришкен жок деген суроо туулат.  Ыкчам маалыматтарда 15-16-февралда атайын операция учурунда кармалды десе, неге 17-февралда гана, ошондо да Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин нотасынан кийин гана жооп беришти? Балким алар Жогорку Кеңештин депутаты Казакстандын жараны болуп чыгаарын алдын-ала билишкендир.

Казакстанда атайын операциянын жүрүшүндө адегенде 29 киши кармалды десе, кийин кармалгандардын саны 35, анын ичинен 32 си камалганы маалымдалды.  Мына ушул 32 адамдын арасынан жалгыз гана—Асылбек уулу Дамирбектин аты казак-кыргыз арасында байма-бай айтылып келүүдө.  Айрымдар сот чечими чыга электе эле аны айыптап киришти. Мындай иштерде “күнөөсүздүк презумпциясы” деген бар эмес беле? Аныбыз кайда калды?

Казакстан тарап окуя болгон 8 күндөн бери кармалган жооптуу кызматкерлеринин биринин да атын атаган жок. Эмнеге?  Менимче күнөөсүздүк презумпциясына ылайык, күнөөсү далилденмейинче, эч кимге айып тагууга болбойт дешти. “Бажы жана бажыга жакын тармактын жооптуу кызматкерлери, чек ара кызматындагылар, брокерлер, ортомчулар, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү” деген гана маалымат менен чектелди, башка эч кимдин аты-жөнү аталбады.

Ырас эле, бажыдагы дүңүнөн кармоо,  ириде Казакстандын көйгөйү турбайбы. Казак—кытай чек арасынын, Алтын-Көл, Хоргос, Калжат постунан, казак-кыргыз чек арасынын Кордой, Кара-Суу постунан, казак-өзбек чек-арасынын  Сары-Агач, Кара-Кур, Капланбек бажы постундагы  казак бажычыларынын кулачын кенен жайган кылмыштуу жүрүшүнүн кесепети экени маалым болууда. Башка мамлекеттин  үлкөндөрүнүн күнөөсүн жалгыз көтөргөн, алда биздин топурагы жеңил депутатыбыз ай!

Дагы шүгүрчүлүк, партиялаштары арасында кара булут каптаганда боор тарткан бирди-жарым депутаттар бар экен. 22-февралда Асылбек уулунун партиялашы, “Кыргызстан” фракциясынан  Жогорку Кеңеш депутаты Тазабек Икрамов парламенттик жыйында сөз алып, депутаттарды  Казакстанда кармалган кесиптешин колдоого чакырганын уктук. Анын ою боюнча, парламент Казакстан мажилисине Кайрылуу жолдоп, сот чечими чыкканга чейин аны убактылуу чыгарып алуу талабын коюшу керек.

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстан парламенти Казак мажилисине ошондой Кайрылуу жолдоду. Эми мажилистен кандай жооп болуп, тергөөнүн жүрүшү эмнени аныктап чыгаар экен, алдыда көрө жатарбыз.  Эгер депутаттын кош жарандыгы БШКга расмий тастыкталып жиберилсе, ал биринчиден депутаттык мандатынан ажыратылып, айып төлөп, анан Кыргыз жарандыгынан да беш жылга айрылып кала турган болууда. Ал эми негизги кармалган жагдайы боюнча териштирүү али алдыда. Айтор, депутаттар бул жагынан жагдайды иликтеп чыгышпаса, ЖК депутатынын абалы ар тараптан кысымга туш болууда.

Айгүл Бакеева