16 июль 2018
Бишкек убактысы: 02:54


Алтындын үстүндө жаткан Кыргызстан эмнеге жакыр жашайт?

altyn ken

Жалпысынан алганда, Кыргызстанда 1000ге чукул алтын кени бар. Мамлекеттин балансында турган 48 кендин жетөө иштетилип атат. Булар – Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары, Тереккан, Кара-Казыкта эки участок, Долпран. Ал эми Жерүй, Талды-Булак, Иштанберди, Андаш өӊдуу 29 кен чалгындалып бүтүп даяр, бирок иштетилбей турат. Эмне үчүн ушунча кенибиз туруп, Кыргызстан жакыр жашашы керек?

Жерүй 20 жылдан бери колдон колго өтүүдө
“Жерүй” кени 1964-жылы ачылган. 74 тонна запасы бар. Аны иштетүүгө 1989-1990-жылдары уруксат берилген. Союз тарап кеткенден кийин каражаттын жоктугунан казылбай токтоп калып, Кыргыз тоо-кен комбинатынын карамагына өткөн. Андан соӊ аны америкалык «Мордзен гнудзен» деген фирма алган. 4-5 жыл кармап, бирок ишке киргизбегенден кийин өкмөт аны канадалыктарга берген. Алар дагы иштете албагандан кийин «Оксус» деген англиялык фирма алган. Бул фирманын аракеттеринин негизинде 2006-жылы кен ишке кириши керек эле. Бирок кандайдыр бир себептер менен өкмөт кенди швейцариялык «Глобал голд» деген тоо-кен ишканасына берип коюшкан. Кийин алар “Визор холдинг” деген казак компаниясына сатып жиберген. 2010-жылы бул компаниядан планды аткарбаганы үчүн лицензиясы алынып салынган. Аталган компания Өкмөттү жана Жаратылыш ресурстар агенттигин сотко берген. Өкмөттү кендеги компаниянын үлүшү боюнча сотко берип, 400 млн доллар талап кылып келет. Ал эми Жаратылыш ресурстары министрлиги сот учурунда лицензия мыйзамдуу түрдө тартып алынганын далилдеп, утуп алган. Бул аталган кенди кайрадан сынакка коюуга мүмкүнчүлүк берген. Андан бери өкмөт бул кенди иштетүү үчүн бир канча жолу сынак жарыялады. Бирок, инвестор табылган жок. Инвесторлордун келбей жатканына Талас элинин бул кенди иштетүүгө каршылык көрсөтүп жатканы дагы себеп болуп жатканын айтышат адистер. Өкмөт бул кенди иштетүүгө февраль айынын аягында дагы конкурс жарыялады. Эми анын аягы кандай болору али белгисиз.

Андаштын багы качан ачылат?
Бул кен 1962-жылы Кыргызстан геологдору тарабынан ачылган. Жалпы запасында 19 тонна алтын, 70 миң тонна жез бар. Бул кенди иштетебиз деп 1994-1997-жылдары “Ала- Тоо Голд Майнинг” компаниясы изилдеп чыгат да, бирок рентабелдүүлүгү жетишсиз деген себеп менен иштебей кетип калган. 2004-жылы «Аурум Майнинг Компаниясы” деген англиялык компания келип, эсептеп чыгып, иштетмей болушат. Бул үчүн Кыргызстанга алар 2005-жылы “Андаш Майнинг Компани” деген фирма түзүшкөн. Бирок, жергиликтүү жарандар менен келише албай, алар “Кентөр Майнинг” компаниясына сатып жиберген. Иликтөөлөргө ылайык, «Кентөр Майнинг» – Кыргызстанда 97-жылдан бери эле иштеп келген компаниялардын бири. Бирок, ушул кезге чейин жергиликтүү эл менен тил табыша албай, жергиликтүү тургундар инвесторлорду кенге киргизбей келишет.

Малайзиялыктар кеткенден бери тыптынч
«Талды-Булак сол жээк» кени Чүй областында жайгашкан. Изилденген кенинде 70 тоннадан ашык алтыны бар, такталбаган кени дагы ушунча көлөмдү түзөт. Ошондо кем дегенде, жалпы запасында 130-150 тонна алтын бар. Муну дагы алгач малайзиялык бир компанияга бере коюп, белгисиз себептерден улам алар иштетүүдөн баш тартып коюшкан. Андан соӊ Казакстандын бир компаниясына берилген. Алар жаӊы эле иштеп баштаганда 2009-жылы өкмөт кайра алардын ишмердүүлүгүн токтотуп койгон. Ошол бойдон бул кен иштебей турат.

Орозбек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын жетекчиси: «Кыргызстан үлүш албай, алтын кендерин чет элдиктерге берип салган»
– Кыргызстанда «Жерүй» сыяктуу бир топ даяр кендер иштебей туруптур. Эмнеге мындай болуп атат?
– Анткени, тоо өнөр жайы боюнча сөздөн ишке өтө элекпиз. Сөз боюнча тоо өнөр жайы, кен бизде көп. Иштетебиз, бирок саясаттагы башкаруунун жоктугунан бүгүнкү күндө тоо кени өспөй атат. Ошондон улам биздин акыбалыбыз оор. Тоо өнөр жайы боюнча жакшыраак бир уюм түзүлүп, адистерди иштетсе жакшы болор эле. Бул маселе боюнча биз, Кыргыз тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясы Акаевге да, Бакиевге да кайрылганбыз. Бирок эч кандай майнап жок. Анын ордуна баарын бир министрлик кылып түзүп салышты, боткосу чыгып калды.

Кубат ОСМОНБЕТОВ, геология илимдеринин доктору: «Канча алтын сыртка кетип атканы тууралуу юридикалык документ жок»
– Алтын өндүрүү боюнча Орто Азияда үчилтикке кирерибиз чынбы?
– КМШ боюнча алтын запасы, казып алуу жагынан 3-орунда турабыз. Россия, Өзбекстан, Кыргызстан. Жакында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «биз жакынкы беш жылда 70 тонна алтын казып алабыз» деп айтып атат. Мен билген геологиялык изилдөөлөр боюнча, мынчалык көлөмдө казып ала турган кени жок. Болгон кендерин казып алып коюшту.
– Алтын боюнча биздин мамлекет кандай саясат жүргүзүп атат?
– Тийиштүү министрликтерде канча жетекчи алмашты. Келгенде да адис эмес кишилер келип, лицензияларды көрүнгөндөргө берип жиберди. Лицензиянын саны 1500ге жетти. 20 жылдык кемчиликтерибизди эске алуу менен жаӊы мыйзам кабыл алуу керек. Анан дагы ушул тармакта жакшы кадрларды даярдоо керек.

Кыргыз алтынынын тарыхы
1968-жылы кыргыз геологдору Терекканда алтындын запасы бар экенин айтып, бирок аны мамлекеттик баланска өткөрө албай коюшкан. Буга туура эмес методика менен иштегени себеп болгон. Москва ал кезде «Кыргызстанда көмүр, суу, сымап, сурьма бар, бирок алтын жок» деген пикирде болушкан. Ошонун негизинде, Кыргызстандагы алтынга көп көӊүл бурулчу эмес. Алтын кенин чалгындоого көп акча жумшалчу эмес. Болгону 1 млн 700 миӊ рубль бөлүнө турган. Муну геологдор ары чоюп да, бери чоюп да жеткире алчу эмес.
Андан кийин 1975-жылы Макмал кенин «жакшы» деген баага коргоп, 50 тонналык запасы бар экенин аныкташкан. 1986-жылдан тартып алтын чыгарган комбинат иштеп баштаган. Ошондо гана Советтер союзу Кыргызстандан алтын чыгарына көздөрү жетип, Кыргызстандын геологдору алдаган эмес экен деп, алтынды чалгындоого 15 млн рубль акча бөлгөн. Анын артынан ошентип Талды-Булак, Жерүй, Кумтөр кендери ачылды. Ошентип Советтер союзу ураганга чейин 24 таштагы кен бекилип, запасы эсептелинди.
Советтер союзунун убагында кендин алдын ала чалгындалган прогнозунун 20%дан ашыгы такталбаса, он жылга чейин соттолуп кетчү. Ошон үчүн геологдор так прогноздорду берчү.
Алтын чыгарып аткан мамлекет болгонубуз менен ювелирдик буюм жасагандардын ассоциациясы өзүбүздөн алтын-күмүш ала албайт. Советтер союзунун учурунда мындай ишкерлерге атайын квоталар берилчү.

Сөз аягы
Ушунча алтындын үстүндө басып жүрүп кедей болуп жашабай, ал кендерибизди туура пайдаланып, иштетсек, мамлекетибиздин экономикасына пайда болору турган иш. Алтындан түшкөн акчадан сырткары, ошол кен иштеп аткан жерге жолдор курулуп, инфраструктурасы жакшырмак, жергиликтүү эл жумуш орундары менен камсыз болуп, тыӊ тиричилик кылмак. Мамлекет дагы кендердин эффективдүү иштешинин жолдорун табышы керек. Жергиликтүү калк дагы “Кендерди иштетүүгө мораторий жарыялансын, биз иштеттирбейбиз” деп куру кыйкырык сала бербей, салмактап көрүшү зарыл.

Дилбар АЛИМОВА