15 август 2018
Бишкек убактысы: 01:01


Айып пулду төлөй албагандарды кандай тагдыр күтөт?

Басма сөз каражаттарына жана журналисттерге салынган айып пулдун жалпы өлчөмү  2017-жылы 52 млн сомго жетти. Бул доо өлчөм кайдан алынган? Соттук айып пулду төлөй албагандарды кандай тагдыр күтөт?  Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова пикирин билдирди.

—Басма сөз каражаттарына жана журналисттерге бир нече ондогон миллиондогон суммадагы айып пул салынып жатат. Айып пулду чогулта албаса эмне болот? 

—Бул сумма абдан чоң болгондуктан, алар сотко бөлүп-бөлүп төлөйлү деп кайрылышса, сот  макулдугун бербей койду. Мисалы, Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдө бир үйү бар экен, сот ошону саттырып туруп төлөтүп алар. Ал эми Нарын Айыптын айып пулу дээрлик 27 миллион  сом (!), пенсионер энеси менен чогуу жашаган журналисттин бир эле үйү бар экен. Нарын Айыптын үйүн саттырса дагы, аны кессе дагы, асып койсо дагы, ал сумманы чыгара алышпайт. Ошон үчүн “доону төлөй алган жок”  деп ага кылмыш ишин козгошот. Бийлик муну атайын жасап жатат, анткени муну менен алар «ким бийликти ар жак-бер жакты карап сындабаса, дал ушундай болот» деп көрсөтүш үчүн атайын жасаганы турат.

Бийлик андан ары  токтоп калбайт. Алсак, көп мыйзамдар жалпыга маалымдоо каражаттарына эле тиешелүү болчу. Бизде азыр социалдык түйүндөрдө да көптөгөн сын-пикирлер жүрүп жатат. Дастан Бекешов азыр ошондой демилгелердин куйругун чыгарып коюп жатат. Эми элден кандай реакция болор экен деп күтүүдө. Эгер биз ага унчукпай койсок, ошондой мыйзамдарды кабыл алышат да, социалдык тармактардан бизди  коопсуздук кызматы кармап алат.  Бабановго айтпадыбы, “Чөгөлөп жашагыча, тик туруп өлгөн жакшы” деген сөзүн эле алып, бул мамлекеттик түзүлүштү бузганы жатат, улут аралык араздашууну алып келет деген эки беренени коюп жатпайбы. Ошентип, эртең биздин жөнөкөй эле сөздөрүбүздү мисалга алып, бул мындай кооптонууну жаратат деп механизмдерди иштеп чыгарып алышты.

Ошон үчүн укук коргоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарында иштегендер макала, ошондой эле жөнөкөй эле жарандардын  ар бири бир нерсени социалдык түйүнгө, Фейсбукка жазып жатканда ушуга жооп бере аламбы деп өзүн-өзү цензуралоо кетет. Кылмыш иши буга көрсөткүч болуп берет. Мавлян Аскарбеков Дача СУ боюнча “Качанкыга чейин ушуга чыдайбыз?” деген эле сөзүн алып, бул “Кыргызстандагы түзүлүштү  талкалаганга алып барганы, төңкөрүшкө чакырып жатат” деп айтылды сотто. Эми ар киши эле “Ушуга чыдайбызбы?” деп социалдык тармактарга жазса эле, оозубузду жаап, соттоп, айып пул тагып, аны төлөй албаса, кылмыш ишин козгоп коймокчу. Темирлан Ормуков деген азиз адамга дагы, канча бир айып пул тагып, камаганга бара жатышкан. Бул атайылап, максаттуу түрдө биздин сөз эркиндигибизди кыйла азайтуу максатында жасалып жатат. Анткени  бийликке сөз эркиндигинин кереги жок. Алар өз кылмышын, коррупциялык иштерин жабык, жашыруун жасаганга кызыкдар.

—Журналисттерге, ЖМКга салынып жаткан доо-арыздардын өлчөмү кантип белгиленет? Дүйнөлүк практикада кандай?

—Анын негизи болушу керек. Бул жерде дапдаана  көрүнүп турат. Каза болгон кишилердин жакындарына деле оор кайгы деп доо төлөнүп берилет. Президентибиз ошол каза болгондордон да көбүрөөк жан дүйнөсү жабыркады деп прокуратура доо коюп берип жатат. Соттор ошол өлчөмдү азайтууга  аракет да кылган жок. Жөнөкөй кишилер, мисалы менин аброюма шек келди десе 5 миң сом, мисалы, депутат Ирина Карамушкинага 5 миң сом  жазган, жөнөкөй кишилерге анысына деле карабай, аз коет.  Президент дегенде эле прокуратура койгон сумма ошол боюнча өзгөртүүсүз калып жатат. Прокуратура дегеле президенттин атынан сотко бергенге укугу жок болчу.

Президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдик жөнүндөгү мыйзам бар, 2003-жылы чыккан, ал биздин 2010-жылы жазылган Конституцяга карама-каршы келген ченем. Ошондуктан прокуратура президенттин атынан  анын аброюна шек келтирип жатат дегенге укугу да жок. Ошон үчүн бизде, Кыргызстанда, бүгүнкү күндө укуктук система талкаланып,  биз баарыбыз баш-аламан, мындайча айтканда,  ким кандай айтат,  кимдин муштуму чоң болсо, ошол кыйын, ошол мыйзам болуп кетип бараткан заман болуп жатат. Бул жакшылыкка алып келбейт.

Дүйнөлүк практикада анын иш репутациясына  карап өлчөнөт, ушулар жазгандан кийин жабыркады, бир нерсе болду ж.б. деп. “Абройго шек келтирүү” деген образдуу айтылган. “Кээ бирлер ооруканага жатып калдым, жүрөгүм кармап” деп чыгымдарын көрсөтүшү мүмкүн, абройго шек келтирди деген бул жөн эле асмандан алынып жазыла бербейт. Ушул канчалык түрдө  ооруканага жатып калып, балдары менен бир жакка чыга албай калгандарынын баарын аныкташ керек. Биздеги  көп доолор ал тургай, мыйзамга туура келбеген доолор. Мисалы, Текебаевдин юристтери  пресс-конференция берет,  пресс-конференцияда берилген маалыматты массалык маалымат каражаттары пресс-релиз катары алып барып чыгарууга укуктуу. А пресс-релиздин ичиндеги маалыматка ошо айтып жаткан кишилер жооп бериш керек. “Заноза” менен Нарын Айып ошол пресс-конференцияда эле айтылгандарды жайгаштырып койсо, ошолорго 3 млн. сомдон доо коюп койгон. Бул жерде  доону канчалык туура колдонуп, прокуратура берип  жатат, прокуратура берүүгө укугу барбы деген нерсе каралган жок. Этап-этабы менен кетип, канчанчы мыйзам бузулуп жатканы карабай калды.

Маектешкен Айгүл Бакеева