18 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 04:53


Айтматов жана доор чакырыктары

Бүгүн, 5-октябрда ачылган “Айтматов жана доор чакырыктары” аттуу эл аралык Ысык-Көл форуму Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналды. Форумдун кийинки иш-чарасы Ысык-Көлдө өтүп, 7-октябрга чейин созулат.  

Ысык-Көл форуму Ала-Арча резиденциясында бүгүн өз ишин баштады.  Ага президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Кыргызстандын илимий жана маданий интеллигенциясы, ЮНЕСКО өкүлдөрү, жазуучунун жакындары, КМШ, Кытай, Түркия жана Түштүк Корея өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышууда.

Бүгүн, 5-октябрда Ала-Арча резиденциясында Ысык-Көл форумунун ачылышында президент сөз сүйлөдү. Төмөндө толук текстин келтиребиз.

Сооронбай Жээнбеков: Айтматов мезгилдин руханий компасы катары дайыма келечекке жол багыттайт 

Урматтуу форумдун катышуучулары!
Ардактуу коноктор!
Айымдар жана мырзалар!
Баарыӊыздарды Чыңгыз Айтматовдун мекенинде, меймандос кыргыз жеринде тосуп алып жатканыбызга кубанычтамын.
Заманыбыздын улуу инсаны, залкар жазуучу жана ойчул Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90-жылдык мааракесине жана ал негиздеген Ысык-Көл эл аралык форумуна кош келиңиздер!
1986-жылы, дал ушул жерде, дүйнөнүн көрүнүктүү 17 интеллектуалы глобалдык цивилизациянын ошол учурдагы көйгөйлөрүн жана келечектеги тобокелчиликтерин талкуулоо үчүн чогулган эле.
Алар адамзаттын аӊ-сезими саясаттын туткунунда калып, ой жүгүртүүсү ядролук коркунучка кептелгенин, Жер шарында адамдардын чогуу жашоо мүмкүндүгү кризиске кабылганын сезишкен.
Ушул улуу инсандар дүйнөлүк кырдаал үчүн ыктыярдуу жоопкерчиликти өздөрүнө алып, андан чыгуу жолун маданият айдыӊынан издешкен.
Кыргыз элинин даанышман уулу Чыңгыз Айтматов демилгелеген Ысык-Көл форуму дүйнөлүк аренада түзүлгөн ошол мезгилдин чакырыктарына жаӊычыл жооп сунуштаган.
Маселени чечүү жолдору — экономикада, технологияда же саясатта эмес, адамдардын аӊ сезимин өзгөртүүдө экенин ырастаган.
Адамзатты глобалдык капсалаңдан сактап калуу үчүн ар кайсы маданиятка таандык болгон, түрдүү диний ишенимди тутунган, башка дүйнө таанымды алып жүргөн инсандар жаңыча ой-жүгүртүүсү зарыл экенин далилдеген.
Цивилизациялык, улуттук айырмачылыктарына карабай, бирдиктүү аракеттенүү жана жаӊычыл ойлонуу менен гана адамзат өзүн сактап калаарын тастыктаган.
Кийин Айтматов өзү жазгандай, биринчи Ысык-Көл форумун өткөрүү орду — Борбордук Азия — глобалдуу проблемаларды талкуулоого абдан ылайыктуу мейкиндик деп табылган.
Анткени бул регион — ар кандай цивилизациялардын, улуттардын, диндердин, маданияттардын айкалышы орун алган дүйнө жүзүндө өтө сейрек кездешчү чөлкөм.
Тарыхтын ар кайсы мезгилинде, Борбордук Азияда рим, түрк, иран, грек, араб, кытай цивилизациялары жайылган. Бул территория, фанатизм эмес, эркин ой жүгүртүүнүн мейкиндиги болгон.
Орто Азия элдеринин менталитетинде көчмөндөрдүн улуу көчүнүн издери калган, сенек болбой, түбөлүк кыймылдын деми сезилип турган.
Көп учурда Борбордук Азия глобалдык тенденциялардын башаты болуп, адамзаттын тарыхындагы жаӊы этаптарды аӊдап сезүүгө ыӊгайлуу аймак болгон.
Борбор Азиянын байыркы салтын улап, кыргыз жергесинде өткөн биринчи Ысык-Көл форуму — тарыхты, учурду жана келечекти түшүнүүнү жаӊы деӊгээлге чыгарды десек болот.
Ошондо жаӊы планетардык ойлонууга өбөлгө болгон кереметтүү жерибиздин ушул касиети бүгүн дагы бир жолу жанданат деп ишенем.
Урматтуу форумдун катышуучулары!
Мына ошол даңазалуу биринчи Ысык-Көл форумунан бери туура отуз эки жыл өттү. Чыңгыз Айтматов баштаган асыл жөрөлгө кийин Европада, Латын Америкасында уланды.
Улуу инсаныбыз Айтматов демилгелеген нарктуу салтты улантуу максатында бүгүн сиздер менен кайрадан кыргыз жергесинде жүз көрүшүп олтурабыз.
Бул жолку Ысык-Көл форуму Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, учурдагы заман коогалаңдарын талкуулоо үчүн улуу инсандын асыл мурастарына кайрылат.
Анткени Чыңгыз Айтматовду түйшөлткөн көйгөйлөргө үндөш жаӊы глобалдуу чакырыктар жаралды.
Биринчи Ысык-Көл форумунан бери дүйнө жүзүндө көп жаӊы мамлекеттер пайда болду.
Азыркы дүйнөнүн көпчүлүгүн түзгөн анча чоӊ эмес өлкөлөрдүн өнүгүү жолдорун, келечегин талкуулоо — форумдун максаттарына үндөш.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн, капитализм менен социализм тирешип турган доорго туура келген эл аралык нормалар эскирди. Дүйнөлүк карым-катнашты жөндөп туруу үчүн курулган институттарды жаӊылоо зарылдыгы жаралды. Эски механизмдер менен жаӊы келечекти куруу мүмкүн болбой калды. Жаӊы мамилелерди, жаӊы нормаларды, жаӊы институттарды издөө жүрүп жатат.
Глобализация дүйнө мамлекеттерин айрым жактан окшош кылганы менен, көп айырмачылыктарды дагы тереӊдетти. Батыштын бай өлкөлөрү менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-экономикалык ажырым азайган жок. Жер шарынын „алтын“ миллиарды менен „ачка“ миллиарды эки башка дүйнөдө жашап жатат.
Кайрадан күчөп бараткан ич ара тирешүүлөр, локалдык согуштар, анын ичинде соода согуштары, миллиондоп жер оодарган качкындар — адамзаттын зор көйгөйүнө айланды.
Терроризм менен экстремизмден коргонуу — ар бир мамлекеттин, дүйнө коомчулугунун күн тартибиндеги курч маселе болуп турат.
Диндердин ортосундагы кагылышууларды болтурбоо, толеранттуу жашоого умтулуу, руханий жакырданууга жол бербөө — өтө актуалдуу глобалдык тема бойдон калды.
Чыңгыз Айтматов көрөгөчтүк менен көтөргөн маселелер — улам бузулуп бараткан экологияны коргоо, табият менен гармонияда жашоону камсыз кылуу, улуттар арасындагы биримдикти сактап, өлкөлөр ортосундагы интеграцияны чыӊдоо — бүгүн да актуалдуу, ал тургай мурдагыдан да курч мүнөзгө ээ болду.
Жогоруда белгиленген көйгөйлөрдү талкуулоо — бүгүнкү Ысык-Көл форумунун негизги максаттарына кирет деп эсептейм.

Урматтуу форумдун катышуучулары!
Чыңгыз агабыз кылымдын кыйырына сереп салып, доордун тамырын тартып, келечегин аӊдаган масштабдуу сүрөткер эле.
Журтубуздун башынан өткөн улуу өзгөрүштөрдүн дастанчысы, жарчысы болду.
Кыргыз эли — кандай кеменгер эл, кандай улуу калк экенин, асылдык жана айкөлдүк сапаттары каны-жанына сиңген санжыралуу журт экенин бүт ааламга жар салган гениалдуу уул, чыныгы патриот — Чынгыз Айтматов болду.
Өткөн заман тууралуу бүт билгендерин, жүрөгү менен сезип, акылы менен туйгандарын зор талант менен чагылдырып, урпактарга мурас кылып калтырып кетти.
Ал чыгармаларында негизинен кыргыз элинин турмушун жазды. Ааламга кыргыз образын, кыргыз мүнөзүн, кыргыз дүйнө таанымын жеткирди. Бирок, кыргыздын жашоосу аркылуу жалпы эле адамзаттын тилегин, кубанычы менен көз жашын айткан жазуучу болду.
Кыргыз элинин гениалдуу уулу кичинекей айылдан сапарга аттанып, кең ааламга канатын какты. Космос мейкиндигине, мухит тереңине, тарых сересине ой чаргытты. Дүйнөлүк маданияттын асманында жаркырап жанган жылдыз болду.
Технократтык идеяларга ашкере берилип кеткен, асылдык менен аруулуктан кол жууп бараткан адамзатка нечен эскертүүлөрүн жасады.
»Планетаны сактагыла, Жер-энени ыйык туткула!« деп ар дайым мурасын айтып, осуятын табыштап жүрүп өтүп кетти, Чыңгыз агабыз!
Айтматов айткандай „Баарыбыз бир кайыктабыз, биздин алдыбызда улуу космикалык мухит“. Адамзат кайыгын бул мухитте чайпалтпай, дүйнөнү сактап калууну табыштады.
Залкар жазуучубуз — адабияттын гана өкүлү эмес, ойчул, философ, гуманист. Айтматовсуз дүйнөлүк маданият толук болбой, бөксөрө түшөт.
Улуу жердешибиз улуттук гана руханий лидер болбостон, планетардык масштабдагы интеллектуалдык элитанын, дүйнөлүк акылмандардын катарын толуктап турат.
Айтматов мезгилдин руханий компасы катары дайыма келечекке жол багыттайт.
Урматтуу форумдун катышуучулары!
Ардактуу коноктор!
Биз, кыргыздар сыймыктанчу, дүйнөлүк маданиятка кошкон салымыбыз — бул улуттук улуу эки дөөлөтүбүз „Манас“ жана Чыңгыз.
Экөө теӊ адамзат үчүн кайталангыс, уникалдуу, көөнөрбөс баалуулук экендиги шексиз!
Бүгүн өтүп жаткан Ысык-Көл форуму — улуу инсан, улут акылманы, дүйнө кеменгери Чыңгыз Айтматов агабызга болгон биздин тереӊ таазимибиз.
Алыстан ат арытып келген ардактуу конокторду, окумуштууларды, интеллектуалдарды, бардык катышуучуларды Айтматов түптөгөн Ысык-Көл форумунун кезектеги жыйналышы менен кызуу куттуктайм!
Баарыңыздарга албан ийгилик, мазмундуу диалог, чын ниеттен чыккан баарлашуу, маанилүү талкууларды каалайм!