15 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:47


Абдыганы Эркебаев, академик: “Келерки президент кең пейил болсун!”

Академик Абдыганы Эркебаев өлкөдөгү саясий олуттуу эки маселе,  “өз балдарын жеген революция” жөнүндө кенен маек курду.

Максим Горькийдин “Эл арасындагыдай”

—Агай, алгач сөздү Чоң-Алайдагы үйүңүздү балдар бакчасына белекке бергениңизден баштайлы…

—Айылым Бишкектен 1000 чакырым алыста жайгашкан, ары жагынан Тажикстандын Жерге-Талы менен чектешет.  1999-жылы жергебизге куралчандар кирип келгенде Кара-Тейитке бомба түшкөн. Мен ошол айылда төрөлгөм. Атам эки жашымда өтүп, андан бир элес гана эсимде. Кандайдыр маараке бекен, эшектен түшүп,  астананын астында эт берип жатканы.  Ал үйдө өз кезегинде башкалар жашады, анан бузулуп калды. Мен башка үйдө өстүм, агабыз менен турдум, анан интернатта өстүм.  Балалыгым кыйын болду, ата-энемден айрылып, көрүнгөндүн үйүндө, короодо түнөгөн күндөр болду. Горькийдин “Эл арасындагыдай”  турмуш менин да башымдан өттү. Ошол себептен балдар бактылуу, кыйынчылыкты көрбөй өссө экен деп тилейм.

Айылда анда-мында каттаганда баш калкалаар үй жок, энелеш эки агамдыкында, жээндеримдикинде түнөчүбүз. 1993-1994-жылдары Ош облусуна аким болуп калдым. Эл демилге көтөрүп, айылга келип-кеткенге деле үй керек деп, айылдык кеңештин чечими менен мага жер бөлүп беришкен. Салынган там он жылча туруп калып, 2005-жылы курулуп бүттү.  Айлыгымды жумшап, айылдыктар, досторум жардам берип, ашар жолу менен курулган.   Жерге-Талдагы аталаш эжем кайтыш болгондо көз көрсөтө албай калып, мүрзөсүнө барып куран окуткам, ошондо, 2005-жылы, ушул үйдү айылга балдар бакчасы үчїн белекке берүү тууралуу ой келген. Агамдын балдары карап турчу. Бир жагынан үй жөн эле турат. Жылына бир же ашып кетсе эки жолу барат экенбиз. Уулдарым шаарга көнүп калды, ал жакка жашашпайт.

1-сентябрды бала кезден бери биринчи жолу айылда тостум, билим күнү, Эгемендик, анан менин туулган күнүм. Улуу уулум, неберем менен мектепке китептеримди, башка да китептерден белекке берип, черимди жазып келдим.  Айылдагы мектепте 2 жыл окугам. Анда 3 жылдык болчу. 67 кожолук бар деп айтышчу, азыр 350гө жакын экен.

“Аденауэр, Шарль Де Голль …”

—Мына, өлкөдө жаңы өкмөт түзүлүп, жаштар келди. Ушул Өкмөт үмүттү актайт деп эсептейсизби?

—Жалпысынан жаштардын бийликке келгенин, жоопкерчиликти моюнга алганын колдойм, бирок дүйнөлүк тарых,  тажрыйбаны жакшы билген адам катары айтып коеюн, сөзсүз жаштар болсо эле баары оңолуп кетет дегенден алысмын. Кеп—адамдын жашында эмес, анын жөндөмүндө, ишти алып кетүү аракетинде, компетенциясында. Эки түрдүү чекилик болот: Советтер Союзунда Брежнев учурунда жалаң абышкалар  отуруп, жаңылануу, өнүгүү болбой, дымып келген. 1992-жылы  Россиянын тарыхынан да көрдүк, тажрыйбасы жок, турмуштун, эмгектин баскычтарын, өзгөчө жетекчилик баскычтарын көрбөй эле бийликке келип калган Гайдардын өкмөтүн. Ал 40 жаштын тегерегинде эле болчу. Кандай кыйналып, акыры аргасыз кетиришти. Андан кийин 33 жашында С.Кириенко өкмөт башына келип Россияны дефолтко учуратты. “Шок терапиясы” кандай болду! Ошондо мен биздин өкмөттө орун басар болчумун. Мен деле 39 жашымда вице- премьер болдум, 38имде министр. Сарбанов, 32-33 жашында Улуттук банкка жетекчи болуп келди. Жаштар аралашкан жетекчилик көп эле болгон бизде. Кеп — жаштык менен тажрыйбаны айкалыштырыш керек. Өңчөй жаштар же өңчөй абышкалар болгону туура эмес. Бул жагынан Чыгышта тажрыйба башкачараак. Мисалы, Кытай менен Индия сыяктуу байыркы өлкөлөрдө мамлекет башчылары, өкмөт башчылары өтө тажрыйбалуу, 60тан өткөн адамдар болот. Кытайдын улуу лидери Ден Сяопин 90го жакындаганча лидер, Мао Цзедун 76сында кайтыш болду. Ал өлкөнүн азыркы жетекчилери да тажрыйбалуу,  жетилген, көптү көргөн көсөм адамдар. Дүйнөлүк  экинчи согуштан кыйраган Германияны 73  жаштагы канцлер Аденауэр 15-16 жыл, Францияны улуу лидери Де Голль 65 жашында өлкөнү башкарды. Черчиль 65 жашында өкмөт башына келди. Анан 2-жолу да келди.

Жаштар колдон келсе эл арасына аралашып өссө, иштесе жакшы болот эле. Шайлоолорго катышып, буларды да эл шайласа. Азыркы балдар көбүнчө эле кызматтан келип атышат, ал жакта бюрократия. Албетте, билими бар.   Элдин арасынан, карапайым турмушту, кыйынчылыкты, жамандык-жакшылыкты көрүп  келишсе. Кыйынчылыкты көп көргөн адам тажрыйбалуу, бышык болот, көзү каныгат.

—Сапар Исаков акын Исабек Исаковдун иниси турбайбы?

—Ооба, биз, чыгармачылыкка жакыныраак кишилер, Исабек аганы жакшы билебиз. “Кыргызстан маданиятынын” редактору болгон, балдар акыны. Ак көңүл, бабыраган киши эле. Сапар Исаковдун атасы Жумакадыр Исаков менен иштешип калдым, ал Ошто эмгектенди, кесипчилик-окуу жайларын жетектеп келди. Областтык Кеңештин жооптуу катчысы болгон. Атасы жакшы киши эле, тажрыйбасы жуксун. Баарын бирдей карап, акылы тар адамдай жердешчилик кылбасын. Кочкордон болгону менен Ошто өстү.

-Президенттик шайлоо босогодо турат. Сиздин баамыңызда шайлоо кандай өтөт?

—Ош тарапка барганда, жол бою эл менен сүйлөшүп келдим. Алай, Кара-Суу, Өзгөн, Баткен облусу, Кадамжайда, Ноокатта болдум. Мурдатан эксперттер талдап баа бергендей, үч адамдын—Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариевдин тегерегинде сөз жүрүп жаткан экен. Ар ким өз бактысынан көрөт, кудай колдосо, элдин назары түшсө, бири шайланат. Үчөө тең өкмөт башчы болгон, таянган шайлоочулары, туулуп- өскөн жери, тууган-уругу да эске алынбай койбойт, партиясы, саясий базасы кимдики канчалык, ага да жараша.Үчөөнүн тең таянган партиялары, шайлоочулары бар, анан албетте, жеке жөндөмү негизги, аныктоочу критерий болуш керек, адамдык, ишкерлик, саясатчылык сапаттары бааланат, канчалык кылдат билет, элдин маанайын, кечээки тарыхты, коңшуларды, дүйнө менен аралашып, тил табыша билгени эске алынат. Мамлекет башчы көп кырдуу,  терең билимдүү, тажрыйбалуу адам болушу зарыл. Бул жагынан өкмөт ички турмуш менен алек болуп, аткаруу бийлигин алып жүрөт. Мамлекет башчысы—Кыргызстан калкынын, өлкөнүн тагдырын ойлогон адам болушу керек.  Жооп бере ала турган, дарамети жете турган, элди да ишендире ала турган адам болушу шарт.  Ачык эле айтайын, Америкада деле, Францияда деле ошондой, регионалдык фактор роль ойнойт. Америкада XIX  кылымда граждандык согуш болгон, ушу күнгө чейин демократтарды түштүк, республикачыларды түндүк колдойт. Италияда деле ысык жактары  өнөр жай,  технология жагынан артта калат окшойт. Биздеги тарыхый жагы—түндүк Россияга эрте кошулган, түштүк агрардык, азиялык-чыгыштык менталитетке ээ, мусулманчылык өнүккөн. Түндүк жагыбыз европалыктарга окшош, Бишкек-Чүй зонасы өнөр жай борбору болуп калган. Элдин саны да эске алынат. Жеке аздектеген оюм, баарына тең болсо, ошол фактыга басым койсо.

“Бул шайлоодо фаворит жок”

—Сиздин оюңузча, өткөн президенттик шайлоо менен азыркы шайлоонун айырмачылыгы эмнеде?

—Ал учурда тынчтык болсо экен деп эле калганбыз да. Алмазбек  Шаршенович Өкмөт башчы болуп, мурда эки ирет иштеди эле. Аны менен тең катар атаандаш болгон жок. Албетте, мүмкүнчүлүгү барлар бар эле, бирок алар катышпады. Бул шайлоодо фаворит жок. Биз айткан 3 талапкердин деңгээли дээрлик бирдей. Терең өкүнгөнүм—азыркылардын мурункуларды жамандай бергени. Бул — тарых.  1995-жылы парламенттик шайлоодо журналисттер Аскар Акаевге суроо бергенде “талапкерлер ун, акча берсе, алып кое бергиле, анан каалаганыңарды шайлайсыңар” деп жооп узатты эле. Мыйзам боюнча андайга жол берилбейт дебейби. Мына ошондон бери эле шайлоо акчага байланышып калды. Акча чечүүчү роль ойнойт. Албетте, үгүт иштерине акча керек, бирок  шайлоочуларды сатып алган адат жаман.  Эл акыры ишениш керек.  Азыркы талапкерлер, Бабанов, Сариев бизнесмендер болчу. Жээнбеков, анын инилери, агалары кембагал адамдар эмес, колунда бар, алар да жардам берет. Шайлоо калыс болсо. Мамлекет башчы жалпы элге, партияларга тең, калыс  болуш керек.

— Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн соңунда көбүнчө сын көз караш басымдуу болуп калды…

—Мурда жаздым эле, жалпысынан мамлекет башчыбызды жакшы билем, жаш кезден бери таанышпыз, Москвада чогуу окуганбыз. Ал өз эмгеги менен өсүп-жетилди, атасы жок, кыйынчылык менен чоңойду. Апасын да узатканбыз. Анын мөөнөтүнүн башкы жетишкендиги – тынчтык өкүм сүрдү. Бир топ энергетикалык долбоорлорду ишке ашырды, газ маселесин чечти, Өзбекстан менен мамилени жолго койду, чек ара маселесин акырына чыгарып жатат.

Өкүнткөнү —эки кемчилиги болду. Ал өзү да оппозиция болгон. 2005, 2010-жылдардагы революцияны жалгыз жасаган эмес, ошону башынан өткөргөн адам кечээги эле күндөрдү унутту, чогуу жүргөн адамдар, алсак Өмүрбек Текебаев камалды, 13-май күнү эмне болгонун мен да сотто айтып бердим, Модин көрсөткөн кабинетте мен отургам. Текебаев башка кабинетте отурган. Текебаевдин Маевскийдин сөзү менен эле камалып калганы өкүндүрөт. Француз жана орус революциясындагыдай, “Революция өз балдарын жейт” экен, “Революция пожирает своих детей”.

—Сиз да Убактылуу өкмөттө эмес белеңиз?

—Мен да 14 түн  арасында болгом. Жалгыз мен айлык, кызмат алган эмесмин,кан төгүлүп калды деп. Кантсе да ал окуя ар кимдин жүрөгүндө болот. Коомдук башталышта иштедим. Финансы иштерине аралашкан эмесмин. Бирок Убактылуу өкмөттүн  жакшы жагы болсо да, жаман жагынан да жоопкерчиликти тең бөлүшкөнгө даярмын. Саясий дымак, “Мен кыйын, мен кыйын” деп,  ич ара эрегишүү жүрүп, атаандаштык таза болгон жок, Текебаев да “Конституциянын атасы мен” деп туруп алды. Атамбаев президент болоор алдында “Өлсөк да чогуу болобуз Убактылуу өкмөттөгүлөр менен” деп айтканы бар, бирок бир да жолу бизди чогулткан жок.  Эртең досумдун да мөөнөтү бүтөт. Тарых баарын кайра карайт, кайра баа берилет. Убактылуу өкмөттү мактагандар да бар, сындагандар да бар.

Мен өзүмчө, өзүмдүн позициям бар. Кылмыш жасалса, аны  жашырбаш керек. Бирок саясий маселеде ар ким оюн айтканга укугу бар. Конституция маселесинен башталып,  мүлк, байлык маселесине өтүп, “Эрегиштен эр өлөт”  болду. Бул— өтө өкүнүчтүү. Садыр Жапаров дагы бирөөнүн сөзү менен эле камалып отурат.  Каптагаевдин доосу болбосо да. Акаевдин, Бакиевдин убагында да саясий процесстер мынчалык болгон эмес. Өзүнүн жолдошторуна ушундай мамиле кылганы мени өкүнтөт. Жалпыга маалымдоо каражаттарына  олчойгон айып салынууда. Саясатчы бардык нерсени көтөрө билиш керек. Трампты деле оттон алып сууга, суудан алып көргө салып жатышат. Аларга жооп берүүдө,  бирок эч кимисин каматкан жок.

—Роза Исаковна да тарых баа берет дебедиби?

—Алмазбек Шаршенович жок дегенде  Роза Исаковна менен кайым айтышпаса болот эле. 27-июнда  жалпы эле Өткөөл мезгилдин президенти деп эл добуш берди. Кыргызстанда, дүйнөдө Убактылуу өкмөт укуктук жолго түшсүн деген. Американын Конституциясы кантип даярдалганын айтып эле келем. Филадельфияда мен-мен деген адамдар үч ай бою эшикти бекем жаап алып ташка-тамга баскандай жазышкан. 1998-жылы Конституция туруктуу болсун, аны өзгөртө бербейли деп жазгам. 26 жылдан бери биз шайлоо, референдум деп эле келатабыз. Экономиканы көтөрөлү деп эч ким айткан жок.

—Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөттүн акырында “менде дос да, тууган да калбай калды” дебедиби?

— Анын эки себеби бар. Дегеле журт башчы, мамлекет башчынын баары ошондой,  Рузвельт, Черчилль, Де Голль да жалгыз калган. Биринчиден, мамлекет башчы дистанция сактайт. Экинчи себеп—кантсе адам айкөл,  кең пейил, кыянатчылык дегенди билбесе. Махатма Ганди  өзүн өлтүргүсү келген кишини “муну соттобогула, бечара киши экен” деп кечирип койгон. Нельсон Мандела өзүн 27 жыл түрмөгө камаган кишилерди президент болгондо кечирген. Библия, Будда, Куран, баарында кайрымдуу, кечиримдүї болуш керек деп айтылат.  Аль Фараби айтылуу “Идеалдуу шаарды башкаруу” деген китебинде  12 сапатты белгилеген, байлыкка кызыкпа, айкөл бол, ичи тар болбо дейт. Феликс Куловду Акаев каматса да,  Акаевди кечирдим деген. Мыкты жетекчи адамды өзүнө тартат, элдин, мамлекеттин ынтымагын ойлойт.

—Кыргызстандын келечегине ишенимиңизге көлөкө түшкөн жокпу?

—Үмүт болбосо, жашоо болобу! Мен элимдин бир тамчысы  катары чоң ишеничим бар. 2500 жыл болду мамлекеттүүлүгүбүзгө дейбиз, биздин улуу элибиз Манасты жараткан, тарыхын унутпай келатат. Кыргыз жоголбойт!

Маектешкен Айгүл Бакеева