19 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 19:29


А. Атамбаев: «ЖЭБдеги авария: ушак жана чындык»

 

Экс президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 3-октябрда,  ”Бишкек ЖЭБдеги авария: ушактар жана чындык” аттуу билдирүү менен чыкты.  Ал ЖЭБди реконструкциялоо боюнча сүйлөшүүлөр кантип жүргөнүн, компания кантип тандалып алынганына токтолду. Энергетикадагы кризистин алдын-алгандар түрмөдө олтурганын, кантип Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди, Осмонбек Артыкбаевди, Айбек Калиевди жана Салайдин Авазовду ЖЭБди реконструкциялоонун наркын жогорулаткан деп  айыптоого болот деп суроо салды. 

Төмөндө А. Атамбаевдин билдирүүсүнөн үзүндүлөрдү келтире кетели.  

Эмнеге TBEA?

Биринчиден, ТВЕА жалпы кубаттуулугу 300 мВТ болгон эки блокту, СМЕС болсо – ошондой эле эки блокту жалпы кубаттуулугу 270 мВТ менен куруп бермек. 30 мегаватт деген айырма кандай болорун энергетиктер жакшы билишет. Мисалы, Ат-Башы ГЭСнин кубаттуулугу – 40 мВТ. Мындайча айтканда, 1 мВт үчүн 1-2 миллион доллардын тегериндеги дүйнөлүк орточо нарк менен алганда, ЖЭБдеги кошумча 30 мегаватт кубаттуулук 30-60 млн. АКШ долларына турмак.  Кытайда ТВЕА бир нече ЖЭБ жана алтымыш өлкөдө башка энергетикалык объекттерди куруптур.

Экинчиден, СМЕСтин сунушу башынан эле шектүү болчу. Иштин бир кызык чоо-жайын айта кетейин. Адегенде «Электр станциялары» ААКга ТВЕАдан керектүү бүт документтери бар билдирме кат келип түшкөн. Андан кийин СМЕС өзүнүн долбоорун жиберген эле. Бирок бул үтүр, катасына чейин сканерлеп, көчүрүлүп алынган ТВЕАнын эле кагаздары болуп чыкты. Болгону сметадан айрым объектилердин наркын алып салышкандыктан, долбоордун жалпы наркы да азайып калган. Мисалы, суммасы 24 миллион доллар турган эки позицияны алып салышкан. Маселен, түтүн чыгуучу морду алып салышкан. Жылуулук станциясын мору жок кантип курасың? «Электр станциялары» ААКнын жетекчилеринин бири айткандай, мору жок меш болобу? Ошентип керектүү нерселерди чийип салып, СМЕС сметасын 30 млн. долларга азайтып койгон.

Бирок, 2013-жылдын күзүндө биз тийиштүү түшүндүрмө бергиле деп кытай тарапка кайрылганбыз. 2013-жылдын 11-ноябрында КРнын Тышкы иштер министрлигине Кытайдын КРдагы Элчилигине караштуу соода-экономикалык кеңешчисинен жооп келген.

Сиздердин көңүлүңүздөрдү бул документтеги төмөнкү саптарга бургум келет: «ТВЕА компаниясы КЭРдын өкмөтүнүн деңгээлинде аталган долбоордун бирден бир аткаруучусу болуп бекитилди» деп жазылган. Башкача айтканда, долбоордун аткаруучусу эчак эле «КЭРдын өкмөтүнүн деңгээлинде» тандалып алынган!

Реконструкциянын  наркы

Андан ары Атамбаев реконструкциянын наркы жогорулатылган деген айыптоолор тууралуу айтып, кылмыш иши дал ушул негизде куралганын билдирди.  

Кубаттуулугу 300 мегаватт (мВТ) келген жылуулук электр борборун реконструкциялоонун наркы орточо дүйнөлүк болгон. ТВЕА жылуулук электр борборун гана модернизациялабай, чынында мурдакы борбордун аймагында жаңы ЖЭБди курган. Төмөндөгү таблицада КМШ өлкөлөрүндө акыркы 10 жылда курулган ЖЭБдердин 1 мВТ.тык баалары келтирилди:

Жалпыга маалымдоо каражаттары ТВЕАнын Дүйшөмбү -2 ЖЭБдеги ишинин биринчи этабынын гана наркын көрсөтүп, алданып жатканын да айтты.

Акчадан тышкары ЖЭБ кургандыгы үчүн ТВЕА компаниясына тажик тарабынан эки алтын кенин иштетүүгө уруксаат берилген. Өзбекстандагы Фергана ЖЭБин реконструкциялоонун тизмеге кирбей калышынын себеби, алар кубаттуулукту көбөйтүү эмес, эски жабдууларды гана алмаштырууну максат кылышкан. Ошондуктан ал жерде 1 мВт.тын наркы 3,48 млн. долларды түзгөн. (Жалпы наркы – 83,6 млн. доллар, модернизациялоодон кийинки кошумча кубаттуулугу – 24 мВт).

Энергетикада баа 1 мВт электр энергиясынын наркы боюнча аныкталат. Борбор Азияда ЖЭБди реконструкциялоо боюнча 6 сунуштун базасында орточо нарк, жыйынтыктап айтканда, 1 мВТ кубаттуулук үчүн 2,03 млн. долларды түзөт. Кыргызстан ЖЭБди 1 мВТ кубаттуулук үчүн 1,28 млн. долларга, башкача айтканда, аймактагы эң төмөнкү баа боюнча реконструкциялаган. Анан кантип Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди, Осмонбек Артыкбаевди, Айбек Калиевди жана Салайдин Авазовду ЖЭБди реконструкциялоонун наркын жогорулаткан деп  айыптоого болот?

Кошумча 300 мВТ электр энергиясынан башка ЖЭБди реконструкциялоо ошондой эле 300 Гкал жылуулук кубаттуулугун да алып келген. Кайсы өкмөт болбосун, долбоордун наркын орточо дүйнөлүк, орточо европалык жана аймактык бааларга таянуу менен аныктайт, Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү да ушуну жасаган.

Бишкек ЖЭБ реконструкциясынын наркы дүйнөлүк жана европалык деӊгээлдерден ашпаганын жана региондо эӊ төмөнкү болгонун Эл аралык Энергетика Агентствосунун (IEA), SETIS Европалык агентствосунун жана региондогу ЖЭБтер боюнча маалыматтар толук тастыктайт.

Балким дал ушундан улам бийлик ЖЭБди реконструкциялоого эл аралык аудит жүргүзүүгө кызыкдар эмес чыгаар. Анткени бийлик жергиликтүү адистерден керектүү кагаздарды жаздырып алат. Реконструкция мыйзамдардын, эрежелердин чегинде жүргүзүлгөн деп тыянак чыгарган эксперттер бул тыянак үчүн өздөрү камалгандан кийин бул өтө оӊой болот.

Маалымат иретинде белгилей кетейин, биздин өкмөттүн жана энергетика тармагынын жетекчилери кийин баары бир ТВЕА компаниясын бааны ылдыйлатууга ынандырышкан. Алар адегенде бааны 5 миллион долларга, кийинчерек дагы 5 миллион долларга ылдыйлатышкан. Андан соң компания өзүнө 20 миллион долларлык кошумча иштерге жана тейлөөгө милдеттенме алган. Башкача айтканда, жыйынтыгында компания бааны 30 миллион доллардан ашуунга кемиткен. Ошондой эле ТВЕА экология боюнча талаптарга жана ЖЭБди казак көмүрүнүн ордуна өзүбүздүн көмүрүбүздү колдонууга өткөрүү боюнча талаптарга макул болгон.

   Авариянын себептери

2018-жылдын 26-январындагы болгон авария ЖЭБдин эски цехиндеги манометрлердин тоӊуп калганынан башталган. Казандарга келип турган суунун деӊгээлин көрсөтүп турган бул прибор бузулуп, туура маалымат көрсөтпөй калган. ЖЭБдин адистери туура маалымат алганда суунун казандарга келип туруусун алдын ала камсыз кылмак, бирок кышкы сууктан цехтеги датчиктердин проводкасы тоӊуп калган. ЖЭБ директору Андрей Воропаев казандардын иштеши үчүн келип туруучу суунун жетишпей калганына негизги себеп “адам фактору болгон”, “керектүү жабдуулар убагында күйгүзүлгөн эмес” деп ачык эле айткан.

Авариялык кырдаал жаңыланган ЖЭБдин жаңы казан агрегаттары чен өлчөмдөрдү чегинде кармап калганынан улам гана кыйроого айланып кеткен эмес. Бирок жадагалса, бул жаӊы казан агрегаттарды да авария болгондон кийин дароо эле күйгүзбөй, 30-январда гана араң күйгүзүшкөн!Шаардагы жарыкты өчүрбөй, алдын алып калган да так ушул жаңы агрегаттар болгон. Анткени ЖЭБ жылуулуктан тышкары электрди да иштеп чыгат эмеспи.Жаңы ЖЭБдин кубаттуулугу болбогондо Бишкектеги «Главная» жана «Ала-Арча» подстанциялары мынчалык жүктү көтөрө алышмак эмес.

Коомчулукту авария ЖЭБдин эски жагында эмес, реконструкцияланган бөлүгүндө болду деп ишендирип коюшту. Бирок, катардан 60-жылдары орнотулган эски жабдуулар  чыккан болчу.

ЖЭБди реконструкциялоо туурасындагы келишимден химцехтин «уурдалып» кеткени жөнүндөгү калптын чоо- жайы да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бишкек шаардык ЖЭБди ТВЕА компаниясы тарабынан модернизациялоонун долбоорунда «иштеп жаткан ХСТты (химиялык суу тазалоо) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эксперттик аныктоо» деген 2.7 пункт турган. Анда «негизги циклди камсыздап туруу үчүн жаңы химиялык даярдоону»куруу каралган. Бирок 2014-жылы ЖЭБдин мурдакы жетекчилиги өзү жаңы химцехти куруунун зарылчылыгы жок деп туруп алган. 2017-жылдын июлунда, кыйроо болоордон жарым жыл мурда гана «Электр станциялары» ААКнын өкүлдөрү ТВЕАнын өкүлдөрү менен биргеликте химиялык суу тазалоо цехин куруу керектиги жөнүндө чечим кабыл алышкан. Мындайча айтканда, кадыресе шалакылык жана иштин көзүн билбегендик ачык көрүнүп турат. Мунун кесепетинен улам химцех эми араң ТВЕА тарабынан курулуп бүткөрүлүүдө.

ЖЭБдеги кыйроонун себеби кенебестик жана шалакылык болду. ЖЭБдин суукка тоңгон эски участокторунун сүрөттөрүн баарыбыз көрдүк, бул участоктор кышка карата даярдануу убагында ремонттон өткөрүлүүгө тийиш эле. Бирок тергөөнү ЖЭБди кышка даярдагандар, ЖЭБдин эски бөлүгүн сынган терезеси, тешилген чатыры менен калтыргандар кызыктырбайт. Жогоруда айтылган манометрлер менен жабдуунун импульстук линиялары болсо так мына ушундан улам тоңуп калган.  Ошол эле убакта ЖЭБдин эски цехтерин ремонттоо үчүн 2016-жылы 472 млн. сом, ал эми  2017-жылы 408 млн. сом каражат бөлүнгөн!-деди А. Атамбаев.

Реконструкциянын мөөнөтү боюнча экс президент буларга токтолду:    

ЖЭБди реконструкциялоонун мөөнөттөрү бизге абдан маанилүү болчу. Эмнеге экенин түшүндүрө кетейин. Бишкек ЖЭБ жарым кылым мурда, 1961-жылы пайдаланууга берилген. 2008-жылдан 2012 –жылга чейин эле ЖЭБди оңдоого кеткен чыгымдар 100 млн. го жакын АКШ долларын түзгөн. 60 –жылдары орнотулган сегиз казан агрегаттардын беши иштен чыккан болчу.2010-жылга карата эле ЖЭБдеги жабдуунун эскилиги 70-75%ды түзгөнүн эске сала кетейин. Иш жүзүндө ЖЭБдин бардык маанилүү түйүндөрү менен агрегаттары өз мөөнөтүн өтөп бүткөн болчу жана авария эртеби кечпи баары бир болмок! Ири авария болсо кыйроого алып келмек. Ошондуктан мен президент катары ЖЭБди реконструкциялоо ишин создуктурбоону талап кылган элем.

Ошо 2013-жылда Президенттин Аппараты, өлкөнүн Өкмөтү жана ЖКнын депутаттары ыкчам иш-аракеттерди жүргүзбөгөндө, ЖЭБди реконструкциялоону баштоо, Кытайдын чиновниктери эскерткендей, жок эле дегенде, 2015-жылга дейре толук бир жылга кечикмек. Демек, ЖЭБдин негизги бөлүгү 2017-жылдын күзүндө эмес, быйылкы 2018-жылдын күзүнө араң бүтмөк.

ЖЭБдеги кейиштүү авария ушул жылдын январында болду! Ошондуктан реконструкцияны биз негизинен өткөн жылдын күзүнө чейин аягына чыгарбаганда, анда чоң кыйроо болмок! Болгондо да чыныгы техногендик катастрофа болмок!

ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды, анткени ансыз Бишкек узак жылдарга жылуулугу, суусу, жолдору  жок шаар бойдон калмак. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар болсо бүгүн камакта отурушат.   Ачуу чындык ушундай” деди экс президент.

ЖЭБдеги авариядан кийин түзүлгөн парламенттик комиссиянын мүчөсү, ЖК депутаты Исхак Масалиев Атамбаевдин жогоруда келтирилген билдирүүсү боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди:

 ЖЭБ боюнча парламенттик комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев:

“Алардын партиясынын борбордук органынын бир топ кызматкери камакта отурса ошентип айтат да

Биздин комиссия реконструкция керек, насыя сурайлы дегенге каршылыгыбыз жок экенин айттык. Бирок долбоордун аткарылышы боюнча, наркынын кымбаттыгы тууралуу суроо пайда болду. Ошол мезгилде адис 600 долларлык аттишти айтып чыкканы эсиңерде. Демек, кандайдыр бир кызыкчылыктар болгон, наркы жогорулатылган деген оюбуз бар. Ошондуктан изилдеп, текшерип чыгуу керек. Долбоордун тагдырына президент (мурдагы, А. Атамбаев- ред.) министрлерге түзмө-түз буйрук берген. Ал эми Конституция боюнча президенттин андай укугу жок. Албетте, алардын партиясынын борбордук органынын бир топ кызматкери камакта отурса ал киши ошентип айтат да» деп айтты И. Масалиев.