Балдар мекемелери боюнча жумушчу топ кандай иш алып барууда?

Балдар мекемелери боюнча жумушчу топ кандай иш алып барууда?Сооронбай Жээнбеков 13-ноябрда «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун директору, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчи орун басары Назгүл Турдубекова менен жолугушту.

Баланы үй-бүлөдө сактап калуу үчүн интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин натыйжалары жана топ аркылуу өлкөнүн Өкмөтүнө даярдалган сунуштар талкууланды.

Назгүл Турдубекованын маалыматына ылайык, 3 айдын ичинде жумушчу топ балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы абалды, кандай себептер менен балдар бул мекемелерге барып калгандарын талдап,  бул багыттарг аайланыштуу мыйзамдарга да анализ жасады.

Балдар үйлөрү жана интернат мекемелеринин системасын реформалаган, бул мекемелерди жаап, баланын өз үй-бүлөсүндө же багып алган үй-бүлөдө, үй-бүлөлүк типтеги үйлөрдө жашоого шарт түзүп бере алган жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин тажрыйбасы изилденди.

Эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин жыйынтыгы менен тиешелүү сунуштар иштелип чыгып, Өкмөткө жиберилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков эксперттик жумушчу топтун Өкмөттүн 2017-жылы бекитилген үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо 10 жылдык (2018-2028-жылдары) планына киргизиле турган социалдык кызмат көрсөтүү жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү  аркылуу интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо Планын иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу сунуштарын колдоду.

Буд тууралуу Президиенттин маалымат кызматы билдирди.

Расмий сүрөт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты