18 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 04:07


2005-жыл, 24-март: Андан бери Кыргызстан өзгөрдүбү?

Бүгүн — 2005-жылдын 24-мартында өткөн жоогазын революциясы деп аталган күн. Аскар Акаевдин бийлиги кулап, Кыргызстанда жаңы бийлик орнотулган. Быйыл жоогазын революцисына 13 жыл толду. Кыргызстан андан бери өзгөрдүбү? 

2005-жылдын 24-мартында Аскар Акаевдин бийлиги кулап, өлкөдө бийлик алмашкан күн. Ошол “жоогазын революциясы” деп аталган учурга 13 жыл толду. Кыргызстан андан бери өзгөрдүбү?
24-мартта эл бийликке каршы эмне үчүн көтөрүлгөнү жумурай журтка маалым. Анын себеби үй-бүлөлүк башкаруу, парламентке дээрлик бийликти жактагандардын шайланып келиши, андагы президент Аскар Акаевдин кызы Бермет менен уулу Айдардын Жогорку Кеңешке депутат болуп, бийликтин династиясын уланткысы келгени, тоскоолдуктардан улам оппозиция өкүлдөрүнүн депутаттыкка шайланбай калышы, коррупция, элдин турмушунун оор абалга кептелиши, соттордун адилетсиздиги ж.б.
Ошол себептен өлкөнүн туш-тарабында нааразылык акциялары жүрүп, Ош, Жалал-Абаддан башталган каршылык акциясы 24-мартта Бишкекте уланган. Бирок анда 24-марттагы бир күн тарыхты дүңгүрөтүп, бийликтин алмашышына алып келет деп эч ким боолголобосо керек.
24-март күнү оппозиция, саясатчылар жарандык коом өкүлдөрү менен бирге эл Бишкекте Совет көчөсүнөн ылдый бийликке, сотторго нааразылык билдирген “Акаев кетсин!”, “Куловго –боштондук!” ж.б. жазууларды көтөрүп, жүрүшкө чыгышкан. Ал убакта Феликс Кулов айыпталып, абакта жаткан кези эле.
Жолдон демонстранттар “ак шапкечендер” деп аталган чагымчыларга, милициянын чабуулуна туш келбегенде, ал күнкү окуя, балким, башкача өңүттө жүрмөк. Чагымчылар аралашып кетип, алар каршылыкка чыккан элге таш, союл ала чуркап, милиция кууп-тараткысы келгенде, ансыз да бийликке нааразылыгы күчөп, жаалданып турган эл Ак үйгө чабуул коюп, бийликти басып алып, мамлекет башчыны качууга аргасыз кылган.
Ошол кезди эскерип, Алмазбек Атамбаев “Акаев дыркырап качып кетет” деп ойлогон да эмесмин деп кийин берген интервьюсунда айтканы бар. Айткандай, Аскар Акаев оппозиция менен болгон узак кармаштан кийин, алеки заматта, бир күндө женилип, бийликти таштап качып кетет деп эч кимдин оюна келбесе керек. Революциянын “бульдозери” деген атка конгон Азимбек Бекназаров да аянтта таң калып, Акаевдин качып кеткенин жар салып турган.
Өлкөдө формалдуу бийлик Акаевдин колунда калганы менен, иш жүзүндө бийлик оппозиция өкүлдөрүнүн колуна өткөн. Ал кездеги спикер Абдыганы Эркебаев бийликти Мыйзам чыгаруу жыйынына өткөрүп берип, жаңы спикер Ишенбай Кадырбеков шайланса, көп узабай Мыйзам чыгаруу палатасы менен Эл өкүлдөр палатасы бириктирилип, Жогорку Кеңеш болуп түзүлүп, спикерлик Өмүрбек Текебаевге өткөнү маалым.
Андан бери 13 жыл өттү. Андан 5 жыл өткөндөн кийин дагы бир революция болуп, дагы бийлик алмашты. Убактылуу өкмөт түзүлүп, Роза Отунбаева бир жыл мамлекетти башкарды. Андан кийин Алмазбек Атамбаев бийликке келип-кетти. Эми мамлекетти башкаруу президент Сооронбай Жээнбековдун колунда.
Албетте, калп айткан менен болобу, ал ортодо бийликке келген ар бир мамлекет башчы кандайдыр бир деңгээлде мамлекетти өсүп-өнүктүрүүгө өз салымын кошту. Ал башка кеп. Бирок баягы 2005-жылдагы талаптардын дагы бир тобу күнү бүгүн болуп жаткандай элес берип турганын каякка катабыз? Дагы эле 2005-жылдагыдай, азыр да соттордун адилетсиздиги кадимкидей сайран курууда. Феликс Куловду 2000-жылы Аскер гарнизондук соту Нурлан Ашымбек уулу биринчи инстанцияда актагандай чечимди азыркы убакта соттордун эч кимиси чыгарууга батына алган жок. Соттордун баары жогору жактын көзүн карап турганы турган. Кезинде Аскер гарнизондук сотунун судьясы Н. Ашымбек уулунун өкүмү кайра каралып, башка сот 2001-жылы Куловду 7 жылга эркинен ажыратып жибергени менен, биринчи инстанциядагы соттогу судьянын тарыхый чечимди кабыл алганы факты боюнча калды. Азыр анын бири жок.
2005-жылдын 24-мартына тушташ саясий чечим менен абакта саргарып жаткан жалгыз Кулов болсо, бүгүнкү саясий туткундардын саны бир канча ондоп саналат. Азыркы тапта Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Канат Исаев жана башка саясий оппоненттер айыпталып, саясий чечимдин айынан саргарып абакта жатышат. Ал эми Аида Салянова айыпталып, депутаттык мандатынан ажырады. ЖК депутаты Алманбет Шыкмаматов сот процессинен башы чыкпай, ЖК депутаттык мандатынан да кол жууганы жатканы тууралуу маалыматтар чыгууда.
Эгер сот адилеттиги өкүм сүргөн болсо, соттор саясий эмес, кылмыш ишинин далилинин негизинде өкүм чыгармак. Бирок андай болбой, азыр деле саясий чечим чыгып жатканы өкүнүчтүү. Ал эми аларга акыйкатсыз чечим чыгарган Воронцова, Архарова сыяктуу соттор кызматынан жогорулаганы турат. Бул адилеттүүлүккө жатабы?
2005-жылга чейин, андан кийин 2010-жылга чейинки бийлик, андан кийин Атамбаевдин бийлиги учурунда Жалпыга маалымдоо каражаттарына карата кандай айыптар коюлуп келсе, азыркы ЖМК каражаттарына, журналисттерге салынган айыптардын суммасы эбегейсиз көбөйдү, бир канча ондогон миллион сомдорго жетип жатат.
Азыркы таптагы Жылуулук электр борборундагы жана башка тармактардагы коррупция, өлкөдө мамлекеттик кредиттер менен гранттардын ысырапталышы, СДПК партиясынын чет өлкөдөн, Кытайдан мыйзам бузуп, жардам алышы тууралуу фактылар боюнча президент Сооронбай Жээнбеков азырынча чечим кабыл ала элек. Кантсе да жарандык коом, оппозиция, жалпы элибиз жаңы шайланган мамлекет башчыдан батыл чечимдерди күтүүдө.

Айжан Айтышева
Фото: “Акипресс” агенттиги