Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?

“Президенттикке ат салышкан 13 талапкердин кимисин колдойсуз?” – деген собол менен көчө аралап, элден сурамжылоо жүргүздүк. Сурамжылоого катышкан жарандар 1ден 10го чейин упай бериши керек. Анын жыйынтыгын сиздер бул таблицадан көрүп турасыздар.

ТалапкерлерАйбек ЖапаровАсел ДамирбековаБектур КучкаровГүлайым БектургановаУлан РыскелдиевКерез КурмановаЭстер АндашоваЗейнеп АйтбаеваЗалкарбек КарабалаевЖалпы
Сооронбай Жээнбеков5101025545450
Өмүрбек Бабанов25995645453
Бакыт Төрөбаев54093445438
Адахан Мадумаров660210645336
Азимбек Бекназаров44024345329
Токтайым Үмөталиева36022545227
Таалатбек Масадыков40027645333
Арсланбек Малиев50023345325
Камчыбек Ташиев30024345323
Эрнис Зарлыков20022445221
Улукбек Кочкоров35024245126
Арстанбек Абдылдаев10021245216
Темир Сариев77587545453

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?Керез Курманова, үй кожойкеси:  “Бабанов шайлоодон четтетилип калбайбы?” 

— Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштогу шайлоочулар алдындагы талаштуу сөзү жана анын саясий шериги Канат Исаевдин кармалышынан улам шайлоо жарышынан чыгып калбайбы деген суроо жаралууда. Бийликтегилер анын үстүнө административдик ресурстарын колдонуп, элди алдап, басымды күчөтө берсе, эл да жөн турбайт. Элдин кандай экенин буга чейинки болгон көтөрүлүштөрдөн улам билебиз да. Андыктан, бийликтегилер чынында элди ойлойбуз десе, азыр ойлонушу керек. Кыргыз эли бир күнү болбосо, бир күнү баарын чыгарып алат. Атамбаев башаламандык жаратам дегендерди токтотом деп сүйлөдү эле, канчалык деңгээлде ишке ашырылат билбейм.

Эстер Андашова, конок үй жетекчиси:  “Талапкерлер Кыргызстандын келечегин ойлосун” Тараза ташы кайсы талапкерге оойт? 

—Президенттикке талапкерлердин көпчүлүгү өзүн жаман жагынан көрсөтүп жатышат. Талапкерлер Кыргызстандын келечегин, башка өлкөлөр алдындагы аброюн ойлобой жатышат. Мына ушундай адамдар кийин Кыргызстандын жүзү болгону жатканы мени капаландырат. Өзгөчө штабдар ортосундагы тирешүү күчтүү. Талапкерлер 15-октябрды гана ойлобой, өлкөнүн келечегин да ойлошу абзел. Президенттик шайлоо бул катардагы саясий кампания эмес. Бул— улуттук кампания. Башка шайлоолордон салмагы алда канча жогору. Бир адамдын тагдыры чечилип жаткандай көрүнгөнү менен журт атасын тандаганы турабыз. Бул шайлоо— байлык менен бийликтин жарышы эмес. Бүтүндөй элдик марафон. Бул марафондо байлык же бийлик эмес эл жеңишке жетиш керек.

Гүлайым Бектурганова, тренер:  “Мойнунан байланган ит ууга жарабайт”  

—Сооронбай Жээнбеков дегендерге айтат элем, Текебаевди жөндөн-жөн каматкан Атамбаевдин жактоочусу, мураскери кандай саясат жүргүзмөкчү? “Мойнунан байланган ит ууга жарабайт” дегендей, КСДПчылар Сооронбайды канча түртмөлөп эл көзүнө көрсөткүсү келгени менен, артында алгылыктуу иши жок адамдын жылдызы оңою менен жанчу беле? Кайсыл кызматты аркалабасын, Сокенин деле бир жылдызы жанган эмес”.

Асел Дамирбекова, окутуучу: “Добушумду Жээнбековго берем”  

—Ошончолук талапкерлердин ичинен өз добушумду Сооронбай Жээнбековду берейин деп чечтим. Анткени анда башка 12 талапкердин баарында болгон касиеттерди көрө алдым. Эң биринчиден, ал жөнөкөй, карапайым элге жакын жана карапайым элден чыккан киши. Баарына бирдей мамиле кылганы жагат. Экинчиден, ал бийликке келсе коррупция жоголот деген үмүттөмүн. Үчүнчүдөн, ал кыргыз экономикасын алдыга чыгарат.

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?Улан Рыскелдиев, ашпозчу: “Чыныгы баатырлар көз жаздымда” 

—Жээнбеков жакшы киши, жөнөкөй, ыймандуу, ак көңүл дегендей, бирок шайланып калса баягы эле жашоо, баягы эле КСДП, Мискенбаев, Карамушкина калат да бийликте тайраңдап, пайдасынан зыяны көп болуп. Негизи «экөөнөн башка жок» деген ой элдин басымдуу бөлүгүн басып калды. Бул жаңылыштык. Талапкерлердин арасында өлкө үчүн өмүрүн аябаган эр азаматтар да бар. Төгөрөгү тєп келишкен баатырлар жүрөт арасында. Тилекке каршы, баалуулуктар алмашып, байлык менен бийликтин ити чєп жеп жатканда чыныгы баатырлар көз жаздымда калып кетишти. Байдын байлыгына, бийдин бийлигине азгырылбай өзүбүзгө окшош шор тапанга болушалы.

Айбек Жапаров, программист: “Талапкерлердин бириккени—жакшылыккадыр”  Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?

— Талапкерлердин көпчүлүгү бирикти. Бул ар кимде ар кандай ойду жаратууда. Балким жакшылыккадыр… Бул президенттик шайлоодон  мен жакшы нерсени үмүт кыла албадым. Себеби өтө көп. Негизгилеринин бири талапкерлердин, анын артындагы командасынын жана саясий аренадагылардын алсыз, туура эмес көз карашы, деңгээли. Азыркы учурда бийликте да, оппозицияда да биз үмүт кылган, эңсеген мамлекетти куруучу кадрлар бар. Бирок алар аз жана колдору байланган. Мындан улам акыркы 10-15 жылда мен, силер, биз элестеткен Кыргызстанды куруу оор. Аны куруу үчүн билимдин өзү жетишсиз. Ал үчүн күчтүү, тартиптүү коом, мекенди «дозасынан» ашык сүйгөн мекенчил, ыймандуу жана билимдүү адамдар тобу керек.

Мен бул шайлоодо эң мекенчил талапкерге добуш берем,  ал өтпөсө да. Эми тандайм аны. Жарандарды шайлоого толук катышууга чакырам жана добуш сатуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөм. Шайлоодон ким утуп чыкса да президентим катары аны сыйлоого мажбурмун. Мен буга даярмын. Себеби коомду өзгөртпөй туруп мен кыялданган президент келиши кыйын. Шайлоодон кийин дагы да мамлекеттик мекемелер менен, жетекчилер менен тыгыз иштеше берем. Себеби элди, коомду мамлекет менен жакындатуубуз керек. Бул баары бир ишке ашуусу зарыл.

Тараза ташы кайсы талапкерге оойт?Зейнеп Айтбаева, социалдык кызматкер, пенсионер: “Шайлоо тезирээк эле өтүп кетсе экен” 

— Президенттик шайлоо тезирээк өтсө экен. Ушунчалык да ызы-чуу болобу. Биздин элге таң калдым. Анысы мындай дейт, мунусу мындай дейт. Кимге ишенүүнү да билбейсиң. Жумшак саясат болбойт экен биздин элге… Кыргыздын улуттук каада, нарк, салты боюнча эч убакта энеге асылган эмес. Нечен акындардын кыл чайнашкан айтыштарын окугула. Биринде да энесине асылган фактыны таппайсың. Андай маңкурттар бүгүн эле чыга калды. Кыргыздын кылым карыткан нарк-салтын бузууга жол берилбеши керек. Муну Бабановго жан тартуу катары кабыл албагыла. Калыс пикирди, чындыкты айтып турушубуз керек. Нечен шайлоолор баштан өттү. Бирок адамкерчиликтен, ыймандан чыкчу эмеспиз. Улуттук нарк салтка, улуттук мүнөзүбүзгө шек келтирүүгө жол берчү эмеспиз.

Бектур Кучкаров, грек-рим күрөшү боюнча спорттун мастери: “Болгону эки талапкердиТараза ташы кайсы талапкерге оойт? тааныйм” 

— Болгону эки президентке талапкерди тааныйт экенмин. Алар— Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов. Жээнбеков Ошто губернатор болуп иштеп жүргөндө жолдорду оңдоп, көп жакшылыктарды кылган. Угушум боюнча, анын атасы да жакшы жумуштарда иштеп, элге кереги тийген экен. Андыктан, жакшы тарбия алган адам мыкты журт баласы болот деп ишенем.

Залкарбек Карабалаев, мамлекеттик кызматкер:  “Саясаттын сазына батышты” 

— Демократиялык, укуктук мамлекет эмес, өзүмбилемдердин, оозуна алы жетпеген, кыпындай да жоопкерчиликти сезбегендердин өлкөсүнө айландык. Мамлекеттик органдардын баары саясаттын сазына батып кетти. Эч ким өз укугун, абийирин сот аркылуу коргогусу келбейт. Анткени адилеттикти да түк унуттук. Андан да кайгылуусу — ак, кара, кызыл пиар болобу, элдин пикирине эч таасир этпей калган мезгил азыр. Кара пиар эмес, адилеттик, чындыкты пиар кылып замбирек менен атсаң да кєрмєксєн, укмаксанбыз. Коомчулукка, элге баары бир болсо, акылман аксакалдарыбыз саясатташып, бөлүп-жарып жатса, анан саясатчылар ойломок беле элди?

Мээрим Самиева  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты