Темир Сариев: “Улутка мен айтаар бүгүн кебим бар: Улуу кыял жаратуучу демим бар”

Темир Сариев: “Улутка мен айтаар  бүгүн кебим бар: Улуу кыял жаратуучу демим бар”

Президенттикке ат салышуу оюн буга чейин бир канча талапкер билдиргени менен, алардын ичинен биринчи болуп “Ак-Шумкар” партиясы өзүнүн VII съездин өткөрүп, партия төрагасы Темир Сариевди президенттикке расмий көрсөтүштү. Съезд 19-июнь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп, ага  өлкөнүн жети дубанынан келген 398 делегат катышты. Темир Сариевди колдоп Аликбек Жекшенкулов, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, ж.б. белгилүү саясатчылардын келгенинен бул талапкердин таскагы  катуу экенин билүүгө болот.

Аталган курултайга көрүнүктүү саясатчылардан сырткары, саясий партиялардын, этностук топтордун, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен бирге партиянын жалпы жыйынына 1000ден ашуун адам катышты.

Курултайда президенттикке талапкер  Темир Сариев өз программасы менен тааныштырып, жыйындын катышуучуларынын колдоосуна ээ болду. Темир Сариев бул шайлоо таза атаандаштыктын негизинде өтөт деген үмүтүн билдирди.

“Бул шайлоо ачык-айкын, атаандаштык шартта өтөт деп ишенем. Президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоону Конституция жана мыйзамдарга ылайык, ачык өткөрүү убадасы бул ишенимди бекемдейт” деди Сариев.

Андан ары Кыргызстан өнүккөн өлкө болууга милдеттүү экенин айтып, мамлекетибизди өнүктүрүү боюнча иштеп чыккан программасы менен тааныштырды:

“Бизге темирдей тартип керек!”Темир Сариев: “Улутка мен айтаар  бүгүн кебим бар: Улуу кыял жаратуучу демим бар”

— БИРИНЧИДЕН, мамлекеттеги тартип. Аң сезимибиз менен аракетибиздеги баш аламандык мамлекеттик башкаруу системасындагы, коомдогу адилеттик түшүнүгүн талкалап,  мамлекет менен жарандардын мамилелерине доо кетирип жатат. Чынын айтканда, ээн баштык, өзүм билемдик көбөйдү. Ошондуктан биринчи кезекте бардык тармактарды тартипке салуу зарыл. Мамлекетти тартипке салуу — бул мыйзамдын кынтыксыз диктатурасын орнотуу. Бизге темирдей тартип керек!  Мыйзамды кызыкчылыгыбызга жараша өзгөртө бербей, өзүбүздү өзгөртчү мезгил келди. Мыйзам — баарынан улук, баарынан ыйык, баарынан бийик! Бардык жарандар, өлкө жетекчилери баш болуп мыйзамды урматтаганды, мыйзам алдында бирдей экенибизди аңдап-билишибиз керек. Бүгүнкү күндө сот, прокуратура жана милициянын дарегине абдан көп доомат айтылат. Мен айтылган дооматтарды адилеттүү деп эсептейм. Ошондуктан биринчи болуп темирдей тартипти укук коргоо жана сот системасынан баштоо зарыл. Бүгүн милиция жана соттордун залимдигине туш болуп, запкы  көргөн жарандарыбыз арбын. Дили булганган укук коргоо кызматкерлер менен соттордун орду түрмөдө. Алардын ордуна мыйзамды сыйлаган, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору койгон адистерди тартышыбыз абзел. Ошондуктан кыска убакыттын ичинде сот, милиция жана прокуратура системасын ыкчам реформалоо зарыл болуп турат. Менин көз карашымда, реформанын негизги принциптери жана механизмдери төмөнкүлөр болушу керек:

-Укук коргоо жаатындагы кадрларды тандоо жана окутуу (Анткени кадрлар баарын чечет).

-Айлык маянасын көтөрүү;

-Антикоррупциялык көзөмөл системасын киргизүү;

-Укук коргоо кызматкерлеринин киреше-чыгаша декларациясын текшерүү менен коомдук көзөмөлдү орнотуу.

Мына ушул тапшырмаларды чечмейин укук коргоо жана сот реформасы сөз жүзүндө гана калып,  өзгөрүү болбойт. Тартип жана мыйзамдуулук адилеттүү мамлекеттик башкаруунун негизин түзөт.

“Биз бөлүнүүнүн лимитин бүтүрдүк. Эми биригүүнүн убактысы келди”

— ЭКИНЧИДЕН, калктын биримдигин жана Кыргызстандын руханий кайра жаралышын камсыз кылуу. Азыркы доор алдыбызга жаңы тапшырмаларды, чакырыктарды жаратууда. Экономикалык олку-солкулуктар, маалыматтык технологиялардын өнүгүшү, глобализация — дүйнөнү өзгөртүп жатат. Мезгил талабына жараша, бирок өз тамырыбызды унутпай өнүгүүбүз керек. Анын негизги шарты руханий жана экономикалык байгерчиликти камсыз кылуу. Биз XXI кылымда элибиз өз ордун, тарыхый миссиясын аңдап-түшүнгөндөй шарт түзүүбүз абзел. Бизге бирдиктүү улут, бирдиктүү эл керек. Ошондо гана ийгиликке жете алабыз. Албетте, адамдардын кулк-мүнөзү, көз карашы, кызыкчылыгы ар башка болушу мүмкүн.  Бирок өлкө жана коомдун өнүгүү жаатындагы негизги маселелер боюнча бирдиктүү көз карашты калыптандыруу зарыл. Биз —  БИРГЕ гана, жаңы Кыргызстанды, жаңы кыргыз рухун жарата алабыз. Биз бөлүнүүнүн лимитин бүтүрдүк. Эми биригүүнүн убактысы келди.

Күчтүү экономика жана интеграцияны өнүктүрүү

— ҮЧҮНЧҮДӨН, күчтүү экономика жана интеграцияны өнүктүрүү.  Эң алгач коңшу жана өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык интеграция саясатын улантышыбыз керек. Жарандарыбыздын жашоосун жакшыртып, экономиканы көтөрүү үчүн мындан башка жолубуз жок. Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөр интеграциялык жараяндарга катышуу менен гана — эмгек, товар жана кызмат көрсөтүүнүн жаңы базарларын ача алат. Бул жаатта биздин өлкө үчүн  Евразия экономикалык биримдиги, Шанхай кызматташтык уюму жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму эӊ ыйгайлуу өнөктөштөр болот. Эки жыл мурун биз Евразия экономикалык биримдигине кирдик. Мен муну Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берген, тарыхый туура чечим болгон деп эсептейм. Дал ушул багытты улантып, тереңдетүү зарыл. Мен евразиялык интеграциядан биздин жарандар реалдуу түрдө пайда көрүшү үчүн кандай  кескин иш-чаралар керек экенин билем. Биз Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөр менен мамилени кескин жакшыртып, жаңы деңгээлге чыгарышыбыз керек. Өтө кыска убакыттын ичинде чек ара маселелерин жөнгө салып, экономикалык, маданият жана коопсуздук жаатында интеграциялык долбоорлорду баштоо зарыл. Бул Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө дем берип,  өлкөнүн ичиндеги улут аралык мамилени жана тынчтыкты бекемдейт. “Алтында дат болбойт, жакшыда жат болбойт” дегендей, бардык мамлекеттер менен астейдил, ишенимге таянган мамилени куруубуз абзел. Албетте, улуттук кызыкчылыктарды эске алып.

Темир Сариев: “Улутка мен айтаар  бүгүн кебим бар: Улуу кыял жаратуучу демим бар”“Улуу кыргыз кыялы”

— Ар бир адамдын кыялы, максаты, эңсөөсү бар. Ошол кыялга жетүүнү ар бирибиз дегдеп жашайбыз. Биз бүгүн  “Улуу кыргыз кыялын” жаратышыбыз керек. Анда элибиздин эӊсөөсү менен көксөөсү камтылган, ынтымак менен ырашкерликке ширелген калктын кыялы болушу керек. Албетте, “Улуу кыргыз кыялы” дегенимди – жамбаштап жатып кыялга батуу деп түшүнбөңүздөр. Ошол улуу кыялга жетүү үчүн өлкөбүздө биринчи кезекте адамдык ресурсту өстүрүү эң чоң мааниге ээ. Жааны алыска мээлесек, жебенин күүсү алыска барат. “Улуу кыргыз кыялына” жетүү дегеним: бул – реалдуу мүмкүнчүлүк. Себеби карт тарыхта улуу КЫРГЫЗ КАГАНАТЫН түптөгөн элибиздин жөндөмүн 21-кылымда көрүп атабыз. Чет өлкөлөрдө канчалаган улан-кыздарыбыз бүгүнкү дүйнөлүк интеграция менен эрте жуурулушуп, зор ийгиликтерге жетүүдө! Демек, улуттук кулк-мүнөзүбүздө жаратмандык касиет уюган эл экенибизге бөркүмдөй ишенем! Улуттук уңгубуз, көрөңгөбүз “Улуу кыргыз кыялына” сөзсүз жеткирет! Мен “Улуу кыргыз кыялы” катары Кыргызстанда жашап жаткан ар бир адамдын татыктуу айлык-акы, пенсия-пособие алып, коопсуздукта, Мекени менен сыймыктангандай шартта жашашын элестетем. Четтен бакыт издебей, өз үйүбүздө, өз очогубузда, өз түндүгүбүз алдында, өз  мекенибизде бактылуу боло алсак.             Алдыдагы алты жылда өткөн 26 жылда аткара албай калган жумуштарды аткаруу максаты турат. Бул мүмкүнбү деген суроо туулат? Албетте, биз БИРГЕ аткарабыз. Мен буга толук ишенем. Биз “Улуу Кыргыз кыялын” орундатууга милдеттүүбүз жана колубуздан келет.

Улутка мен айтаар  бүгүн кебим бар:

Улуу кыял жаратуучу демим бар!

Улуу дөөлөт түптөй турган дүйнөдө

Уюткусу уюп жаткан элим бар!

Темир Сариев: “Улутка мен айтаар  бүгүн кебим бар: Улуу кыял жаратуучу демим бар”Аликбек Жекшенкулов, «Акыйкат» саясий партиясынын төрагасы: «Өлкөнүн келечеги үчүн биригүүгө үндөгөнү  туура саясат»

 -«Ак Шумкар» саясий партиясынын 7-съезди уюштуруу жана мазмуну жагынан жогорку деңгээлде өттү. Темир Сариевдин лидер катарында бүгүнкү күндө мамлекеттеги жүйөлүү үч маселени көтөргөнү, алар: тартип, мыйзамдуулук жана экономикалык өнүгүү программалары, съезддин катышуучуларын ынандырды. Дагы белгилеп коюш керек съездге ар кайсы региондордон делегаттар, ар кайсы партиялардын лидерлери катышканы бул биригүү процессинин башаты катарында баамдасак болот. Съезддин өтүшү, андагы айтылган пикирлер биздин коомубуздун саясий маданиятынын өсүп баратканын көрсөттү.

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” партиясынын лидери: “Баатыр көп болушу мүмкүн, бирок лидер бирөө болот”

Темир Сариев: “Улутка мен айтаар  бүгүн кебим бар: Улуу кыял жаратуучу демим бар”

—  «Ак Шумкар» партиясынын мүчөлөрү, Темир Сариевди президенттикке талапкер катары көрсөткөнүңүздөр менен куттуктайм жана бул чечимди колдойм. Өлкөнү бириктирүү боюнча үмүтүңүздөр ишке ашат деп ишенем. Бардык президенттикке талапкерлер өлкөнүн өнүгүүсүн каалашат. Президенттикке татыктуу инсандар көп, алар Мадумаров, Келдибеков, Төрөбаев жана Темир Аргенбаевич. Бүгүнкү күндө коомубуз, партиялар майдаланып кетти. Биздин бийликтин жүргүзгөн саясатынын негизинде бардыгыбыз чачылдык, төгүлдүк, таландык. Эми ушунун баарын бириктире турган адам келиши керек. Мамлекетибизде элимди, журтумду башкарам, элге, журтка кызмат кылам, эртеңки келечегин аныктайм деген уул-кыздарыбыз жок эмес. Кыргызда ушуга чейин “өсөр элге бир башчы, миң баатыр болот, өспөс элге миң башчы бир баатыр болот” деп айтылып келген. Баатыр көп болушу мүмкүн, бирок лидер бирөө болот. Ал өлкөнү өнүктүрө ала тургандай болушу керек. Өлкө ушундай кыйын абалда турганда бизге элибиздин башын бириктирип, кырдаалдан алып чыга ала турган лидер керек.

Темир Сариев: “Улутка мен айтаар  бүгүн кебим бар: Улуу кыял жаратуучу демим бар”Акматбек Келдибеков, “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири: “Бөлүнүүнү токтотолу, биригүүгө багыт алалы”

— Бул жерде 98 пайыз Ак-Шумкарчылар олтурасыздар, сиздер үчүн бүгүн  чоң салтанат болуп жатат десем жаңылышпайм. Мен бул жерден Сариевди колдогула десем, туура эмес болуп калат, сиздер бизге айтыңыздар, бизди биригип колдогула деп айтыңыздар. Кыргызстанда болгону 300дөй саясатчы бар, сиздер канча каралабаңыздар, сиздер канча кыйкырбаңыздар, өлкөнүн тагдыры ошол бир ууч саясатчынын колунда. Кимиси кандай багытты көздөйт ал башка кеп. Бөлүнүүнү токтотолу, биригүүгө багыт алалы, биригишибиз керек.  Темир Сариев такшалган, чындыкты сезе билген, акыйкатсыздык менен адамгерчиликти айырмалай алган мамлекеттик ишмер, Кыргызстанга ушундай лидер керек.

Эксперттер Сариевдин программасын колдоду

Алмаз Исанов, Насирдин Исановдун уулу: «Мен апама берген антымды буздум»

 — Менин кызыкканым жаштар эмнени кааларын, жаштарга кандай багытты көрсөтүүнү Темир Сариев жакшы билет. Ал жаштардын келечегин, перспективасын көрүп, билип турат. Сариев такшалган саясатчы, өлкөнү башкарууга билими дагы, саясий эрки дагы, тажрыйбасы дагы жетет. Мен 25 жыл мурун апама ант бердим эле, эч качан саясатка аралашпайм деп, ошол антымды мен бүгүн буздум. Мен эми саясатка кадам таштайм, Темир Сариев менен бирге.

Талант Нарбаев, эксперт: “Сариев туура жолду тандап алды

— Сариев эң туура үч багытты тандап алыптып. Биринчи, Сариев өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө болгон күч аракетин жумшагандыгы. Жаңы завод – фабрикалар курулат. Бул дегени  жаңы жумуш орундары пайда болот, элдин жашоо турмушу оңолот, социалдык маселелер чечилет. Кыргызстанда буга чейин эч ким өнөр жайын өнүктүрөм деп өзүнүн алдына максат коюп иштеген эместигин баса белгилеп өтүү керек. Экинчиден, Сариев Кыргызстанда бийик технологиянын өңүгүүсү үчүн жасаган аракети. Сариевдин IT технологиясынын өнүгүүсү керектигин айтканы жакшы. Менин оюмча, анын бул демилгесин мамлекет колдошу керек. Сариев көтөргөн биотехнология, туризм тармактары экономиканын  өсүшүнө салым кошот. Үчүнчүдөн, бул ата мекендик ишкерлердин соода-сатыгына бекем көңүл буруу. Бул дегени жаш энергиялуу, перспективдүү ишкерлердин пайда болуусуна шарт түзүү. Биз көп жылдан бери ишкерлерге шарт түзүп беришибиз керек деп айтып келебиз. Ал эми Сариев  ишкерлердин маселелерин, аны чечүүнүн жолдорун жакшы билет. Бул багытта кандай чоң иштер тургандыгын мен жакшы түшүнүп турам. Биз баарыбыз бирге болсок, өзүбүз койгон максаттарга жетебиз.

Орусиянын ММКлары бекеринен жазбайт

“Ак-Шумкар” партиясынын съезди өткөрүлөрү менен Орусиянын бир катар белдүү маалымат булактары Темир Сариевдин Президеттикке аттанганын жазып чыгышты. Буга чейин Темир Сариевди Кремль колдоору тууралуу күбүр-шыбырлар жүрүп келген болчу. Мунун баары иш-аракеттер менен далилденип тургандай.

Айта кетсек, ушул жылдын 15-октябрында өлкөдө президенттик шайлоо өтмөкчү. Президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттикке талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына катталуудан мурун кыргыз тилинен сынак тапшырып, 30 миң шайлоочунун колдоосуна ээ болушу зарыл. Ошондой эле шайлоо күрөөсүнө 1 млн сом коюшу керек. Эскерте кетсек, мыйзам боюнча  бир президент 6 жылдык мөөнөткө гана шайлана алат.

  Жанара Каденова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты