Якутия: Самолеттон чачылган алтын уютмалары

Якутия: Самолеттон чачылган алтын уютмалары

15-мартта Якутияда 9 тоннадан ашык алтын уютмасын ташып бара жаткан самолеттун люк жагынан алтындар чачыраган.
РБК сайтынын маалыматы боюнча, Якутиянын аэропортунан учаарда АН-12 самолетунун люгунун (жабылган тешик капкагынын-ред.) створкасы (эки жакка ачылма капкактары — ред.) үзүлүп кеткен. Самолеттун ичинде 9 тоннадан ашык алтын уютмалары бар болчу.
Sakhaday маалыматы боюнча алтын уютмаларын ташып бараткан самолет Купол кени-Красноярск багытында учуп бара жатып, Якутияга май куйганы конгон.
Иликтөө комитети самолетто самолет 9,3 тонна алтын уютмаларын тартып бара жатканын билдирет.
ТАССтын маалыматы боюнча 3, 5 тонна алтын самолеттон чачылган.
Бул окуядан кийин самолет Яуктскиге кайра кайтып, Маган аэропортуна ийгиликтүү конгон.
НТВ теле каналы алтын уютмалары аэропортко чачылганын, 9 тоннадан ашык алтыны жыйнап алышканын билдиришти. Самолеттогу алтындын жалпы баасы 22 млрд болгон. Айрым жарандар алтын чогулткагы аэропортко чуркашкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты