17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 19:11


Мал базар: “Сулуулук салонунан” чыккан койлор. Былкылдаган бодолор

Күздүн күнү, той-аштын убагы болуп, сойгонго ылайыктуу мал издегендер көбөйдү. Тоодон түшкөн семиз малын сатып, кыштын камын көргөндөр андан көп. Айылдагылар го белгилүү, ал эми шаардагылар кантип атты экен деп кызыгып, борбордун четиндеги Маевка айылында жайгашкан «Жантай» базарына сапар алдык.

Мындагы мал базарда мал-алып сатууга байланыштуу жумушту экинчи кесип кылып алган бир катар кызматкерлер менен сүйлөштүм. Алардын айрымдарынын базар турмушун баяндай кетейин.

Таалай Исаков, базар кызматкери: 

“Сырттан келгендер мал сата албайт”

 

—22 жылдан бери малды алып-сатуу менен алектенем. Базар 2009-жылы ачылган,  ошондон бери бул жакта эмгектенем. Бир эмес, эки окууну бүтүргөм, кесибим боюнча инженер-механикмин. Бирок студент кезимде дем алыш күндөрү иштеп жүрүп, окууну бүткөндөн кийин, биротоло ушул кесипти аркалап калдым.

Базардын тартип-тазалыгын карайм, андан сырткары кой алып-сатам. Жалпысынан мында 70 тей киши иштейбиз. Сырттан келип, бул жакта эч ким мал сата албайт, башкача айтканда, туруктуу оруну барлар гана мал сата алат. Ижара акысына— айына 4000 сом беребиз.

Элдияр Элебесов, базар кызматкери:

“Мал алып-сатуу да кумар сыяктуу болуп калды”

— 8 жылдан бери мал алып-сатам. Малды аймактардан, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Таластан алып келебиз. Көбүнчө Нарындан келет. Мал алып сатуу дагы өзүнчө кумар сыяктуу болуп калды мен үчүн. Семиз мал көрсөң кымбатына карабай сатаарын сатып алып, бирок өткөрө албай, чыгымга учураган учурлар да болот. Айына 30-70 миң сомдун тегерегинде акча табам.

Койлордун  “Сулуулук салону”

Базарда кардарды өзүнө тартыш үчүн сатыкка чыгарыла турган койлорду «сулуулук салонуна» киргизишет экен.  Тагыраак айтсак, тазалап, жүндөрүн кыркышат. Мында кой кырккандар тобу койдун самсаалаган жүнүн кыркып, мотурайтып,  “сулуулайт”.  “Сулуулук салонунун” чеберлерин сөзгө тартканда, алар буларды айтып берди:

Улан, кыркмачы:

“Кой кыркканга 60 сом алабыз”

—Кой кыркында үч киши иштейбиз. Бир койдун жүнүн 60 сомдон кыркабыз. Кээде андан азыраак, канча берсе, ошончо акчага кырка беребиз. Күнүнө мен миң сомдун тегерегинде акча табам.

Жандос, мал ташуучу:

“Кээде акыдан качкан кардарлар болот”

—Мен кардарлардын сатып алган малын унаасына  чейин жеткирип берем. Кызмат акыма бир малга 30-40 сомго чейин алам. Бир күндө 500-600 сомго чейин табам. Кээде малын унаасына чейин жеткиртип алып, акчасын төлөбөй качып кеткен кардарлар да кездешет.

Кээде жумуш жок, бош болуп калабыз. Андай учурларда шахмат, волейбол ойнойбуз.

Раиса, кардар:

“Малды союп, ичегисин артып бергени да жагат”

—Мен Бишкекте турам. Бул жактан 6-7 жылдан бери мал алабыз. Көңүлүңө толгонун тандап, сойдуруп да аласың. Бул шаар жериндегилерге, өзгөчө көп кабаттуу үйдө   жашагандарга, аябай ыңгайлуу. Базардан союлган даяр этти деле алайын дейсиң. Бирок, адалбы же адал эмеспи, анысы күмөн жаратат. Алданып, эчкинин этин да алып алган учурлар болгон. Бул жердин кызматы менин купулума толот. Бир гана жакпаган нерсе, малга бата кылганы киргенде мууздалган малдын канын тебелеп калат экенсиң.

Касапканада  

 Мал союлуучу жайдын ичине кирип, абалы менен таанышып чыктык. Кой сойгондор өзүнчө, бодо малдыкы өзүнчө экен. Алгач майда жандык сойгондор тарапка баш бактык.

Азамат, касапчы:

“Койду союп, кааласа куйкалап да беребиз”

—Жалпы 12 бала иштейбиз. Бир койду 300 сомго союп, ичеги-карынын артып беребиз. Койду куйкалатам дегендер дагы 300 сом беришет. Жумуш күзүндө жакшы болот. Дем алыш күндөрү 30-40, жумушчу күндөрдө 10-15тей кой соебуз. Ижара акысына бир күнгө 2500 сом төлөйбүз, -деди Азамат.

 Бодо мал сойгондорго барып аларга да суроо узатсам, мындай жооп беришти: :

Адилет, касапчы:

“Жылкы арбын союлат”

—Бул жерде 15 бала эмгектенебиз. Көбүнчө жылкы сойдурушат. Союп, жиликтеп, дароо эле казанга салгыдай кылып даярдап беребиз. Акысы— 2500 сом. 500 сомун ижара акысына беребиз. Күздүн күнү жумасына 35-40 бодо мал соёбуз, -деди Адидет.

Жайы-кышы муздак суу менен ичеги артышат

Базарды кишини түйшөлткөнү, жайы-кышы дебей, ичеги-карынды муздак сууга артышат экен.  Күнүнө 5 миң сомдун тегерегинде ижара акысын алган базар жетекчилиги же такыр болбосо мында иштеген 30 га чукул киши бир күндүк тапканына ысык суу чыгартып алса болбойбу  деп ойлуу сыртка чыктым.

Чыгып эле ажатканага бет алдым. Эми бир сөз менен айтканда, киши кире алгыс. Ошонусунан уламбы, башка базарлардагыдан айырмасы — 5-10 сом сурагандар жок.

ИНФОГРАФИКА

Анан да мал алып, сойдуруп кетем дегендерге шаар ичине жеткирген такси кызматы дагы бар экен:
майда жандыкты жеткирүү акысы — 500 сом
бодо малды- 1000 сомго жеткирет.

«Мал сатууга бөтөн адамдарды киргизбейбиз»

«Сулуулук салонунан» чыккан койлор…

«Чогуу иштеп, катышыбыз бар»

Айтор, чакан мал базарды баштан-аяк кыдырдым. Алармандардын жылуу пикирлерин угуп, соодагерлердин ынтымагын көрүп, ичимден ыраазы болдум. Азык-түлүк, тамак-аш саткан айрым базарларга караганда таза, жыйнактуу. Ошентип, ушул жерден жанын баккан да, анда-санда издеген малын тапкан да базардагылардын бир күндүк турмушунун бир үзүмүнө тең орток болуп кайттым.

Бек Оморбеков