14 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 09:11


Машина менен сууга түшүп кеткен экөө каза тапты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Жыргалаң-Каракол жолунда 25-ноябрда “Нива” машинасы менен сууга түшүп кеткен экөө каза тапты.

Жыргалаң-Каракол жолунда “Нива” машинасы менен сууга түшүп кеткен эки киши каза болуп калды. Алар—1973-жылы туулган Т. А. жана 1981-жылы туулган Ч.Р. аттуу аял.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Облустук ИИБ маалыматына караганда, аталган жолго кар калың түшүп, жол көрүнбөй калгандыктан, алар машинада суу жээктеп бара жаткан.