15 август 2018
Бишкек убактысы: 04:55


Жол караган карылар

Ысык-Ата районунун  борбору Кант шаарынын үстүндө жайгашкан Төмөнкү Серафимовка  айылындагы  Социалдык cтанционардык мекеме же Кыргызстандын кыйырына “Карыялар үйү” деген аталыш менен белгилүү болгон мекемеге аманат жеткирип барып калдым. Бул жайда карылыгы келип, жакындарына кереги жок  болуп, “өз үйү, өлөң төшөгүндө” каралбай  калган адамдар менен катар эле майыптыгына байланыштуу  мамлекеттин камкордугуна алынган адамдар бар.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу  районундагы Сары-Камыш  айылынан Кант шаарындагы Карылар үйүнө келген 60 жаштан ашкан Кудайберген Исмаиловго багышталган аманатын алып барып, ал- ахыбалы менен тааанышып кайттым. Менин бара жатканымды уккан бул киши мени тааныбаса дагы, эки балдагын сүйрөп алып, төртүнчү кабаттан короого түшүп келип, алаңдап ар тарапты караганы….  “Мен сизге келдим” десем, ак калпагын булгалап, “бери бас” деп ишарат кылганы…  Жанына барсам, жаш балача кудуңдап сүйүнгөнү эсимде калды.

Кайтарымда  өзү жашаган төртүнчү кабатка  чыгаруучу лифт бош эмес экен деп (түшкү тамак ташып жатышыптыр), аны күтпөй эле, мени кетип калбасын дегенсип, балдагын таянып,  тепкич менен жөө  чыгууга шашылды.  Бирок кубанычтан өрөпкүп турган карыяны бир келүүм менен убара кылгым келбей,  “лифтти күтөлү” деп шашпай,  сүйлөшүп олтурууга даяр экенимди, убакытым бар экенин билдирдим.

Ошентип, биз ал жашаган төртүнчү кабатка, бир аз күтүп турсак да, лифт менен көтөрүлүп жетип келдик. Бир бөлмөдө үч адам… үч тагдыр… Бири— туулуп-өскөн ата конушунан бир тууган иниси тарабынан сүрүлүп чыккан Кудайберген Исмаилов болсо, бөлмөлөш эки кишини майыптыгынан улам мажбурлап,  ушул мекемеге алып келгенден бери, кайрылып туугандарын көрбөгөндөр экен.

Кудайберген аба ата  конушун сактап, өз айылында эле жашачу.  Кичүү  иниси  жыйырма жыл Россияда жашап жүрүп, күндөрдүн биринде үй-бүлөсү менен атасынын үйүнө кайтып келди. Ошол кезде карылыкка моюн сунуп,  өз жанын эптеп багып калган агасы  “ашка жүк, башка жүк” болуп калды. Муну алдыртан айттырбай сезген  бул киши карыялар үйүнө өзү документ топтоп,  биротоло үйдөн кетип калууга аргасыз болуптур.

… Бүгүн минтип Кудайберген аба жээни берип жиберген аманатты  алып, тамак ташып келген  кызматкерлерге айтып, кудуңдап сүйүнгөнүн жашыра алган жок. Ал  акыркы жылдары  айыл жергесинде жашоо оорлоп жатканын,  бул мекемеге чейинки жашоо таржымалын айта баштады. Бу мекемеге келгени үч айда эле ден соолугу калыбына келе түшкөнүн божурады. Анткени “багуу жакшы да” деп  үчүнчү корпустун  социалдык  кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Анткени ал акыркы кезде айылда келиндин кагуусун жеп, каткан нан чайнап, жаш балдардын шылдыңына айланган карып болуп калганын жашырбады. Эми бул жайга келгени  өзүнүн керебети бар. Шейшеп  менен кийими убагында жуулуп, мончого жума сайын түшөрүн айтып,  мага “ушул эле жетиштүү” деп ошого каниет кылып олтурду.

Карыялар үйүндө жашагандар ар кандай тагдыр жетелеп келгендер. Бирок басымдуу көпчүлүгү  Кудайберген абанын кейпиндеги эркектер… Эмнеге мындай тагдырга туш келди деп бушайман болом.  Жаш курагында, алы- күчү бар кезинде бүлө күтүп, анын түйшүгүн үй-бүлөсү менен бирге тартпагандар. Жашоо ыңгайына карап,  туш келди басып кеткендер карылыкка моюн сунганда, жардам сурап кайрылууга балдарына  батына албай,  ушул мамлекеттик жайга жалдырап келишет экен.

Бирок биз сөз кылып жаткан Кудайберген абанын эки кызы бар экен. Жаш кезинде алардын апасы менен ажырашып кеткендиктен, эми кыздарына жардам сурап кайрылууга деле батынбайт.  Дагы шүгүр, бир кызы, анда-санда болсо да,  атасынан кабар алып турат экен. Ал эми экинчи кызы менен  таптакыр байланышы жок экенин уктук.

Төмөнкү Серафимовка  Социалдык стационардык мекемесинин жетекчиси Бактыбек Жунушов замандаштарына  кайрылып, жаш кезде үй-бүлө, бала-бакыра  күтүүгө чакырды.

“Мен ушул айылда  өскөм. Мурда Карылар үйүнө кыргыздар сейрек келсе, азыркы мезнилде, тескерисинче,  кыргыздар көп, башка улуттардан келгендер аз. Ал эми чечендер такыр жок. Айтмакчы, бир майып адам бар эле,  ошого чечен кишилер тез-тез келип, ал өлүп калганча карашты. Демек, биз ушул кишилерден үлгү алуубуз керек” деди мекеме жетекчиси.

Андан ары дагы бир окуяны айтып берди.

“Жакында бир окуя болду. Бизде жашаган бир кишиге ал бир убакта таштап кеткен кызы маал-маалы  менен каттап турду. Уулу да бар экен. Көрсө, бул киши бир убакта жакшы акча таап, Россияда иштептир. Бирок, экинчи үй-бүлөсүнөн жолу болбой, анын үстүнө майып да болуп, ара жолдо кароосуз калган. Мындай абалда жүргөн  атасын мурунку жубайынан көргөн балдары таап, өз үйүнө алып кетишти. Ушундан улам, жаш убакта балдарды таштап,  башка үй-бүлө куруп, бирок аны менен да оту күйүшпөй,  карылык башка түшкөндө кароосуз, кайрымсыз калуудан коркуу керектигин замандаштарыма кайрылып, айткым келет” деди Карылар  үйүнүн жетекчиси.

Бактыбек Жунушовдун айтымында, Карылар үйүндө жашап жүрүп, каза болгондорду мусулмандарча жайга беришет. Айрым учурда балдарына атасы же энесинин каза тапканын угузуп, “сөөктү жайга коюуга келесиңерби?” деп сурашса, “көмө бергиле, барууга убактыбыз жок”  деп  мерез болуп  калгандар да бар дейт.

Бирок карылар уул-кыздары карабай, таштап кетишсе деле үмүтүн үзбөй, жол карап күтө беришет экен. Акыркы кезде Кыргызстандын алыскы  аймактары— Ош.Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынан да Карылар үйүндө жашаганы келгендер көп экенин билдирди.

Учурда Карылар үйүндөгү социалдык маселелер чечилип, тамак-аш түрү, рациону жакшыртылып калган. Мекеме өзү да демөөрчүлөрдү издеп, күнөскана, шире иштетүүчү цех ачып,  өзүн-өзү каржылоо аракетин көрүүдө.

Бирок, чечилбеген маселелери да бар. Сууну Нооруз суусунан түз алып ичкендиктен, жаз айларында,  суу киргенде карылар таза суусуз калышууда. Азыр мына ошондой киргил суу ичкен маал. Ошондуктан,  Карылар үйүнүн жетекчилери таза суу чыгаруу үчүн демөөрчүлөрдү издөө менен алек болушууда.

Сөз соңунда эмне дейин… Ооба жаштык кезде айрымдар бала багуудан качып, бүлө күтпөй, кандай карылыкка туш болом деп ойлонбой жүрө беришет экен. Кадырлуу  карылыкка жетүү үчүн татыктуу уул-кыз тарбиялап,  аларды кайрымдуу болууга неге аракет кылбады дейсиң. Балдар ата-энесин карылыкка жеткенде кароого, муктаждыгын  камсыздоого милдеттүү да! Жок дегенде, ата-энесине жылуу сөзүн кантип аяшат?!

Эң негизгиси— жүрөктү жакшы иш жасоо менен кенен ачуу зарыл. Жаныбыздагы адамдарга кайрымдуу болуп, төрдүн көркү болуучу карыяларга кайрымдуу болсок деп ичим каңтарылып келдим. Албетте, “Карылар үйүндө” жашагандардын жашаган жайы бар, курсагы ток, кийими бүтүн, багуусу дурус. Бирок мындагы карыларга андан башка да уул-кыздарынын мээрими, жакындарынын жылуу сөзү, үйдүн төрү жетишпеси сезилип турат. Карыялардын баарына келин-уулунун, кыз-күйөөсүнүн, жакындарынын кагуусун эмес, багуусун насип этсин! Жакын адамдарын бул жайга, айрыкча ата-энесин бул жакка таштоо  уят болуп,  ага карата коомдо мамилени өзгөртсөк,  коомубуз да өзгөрөөр эле, оңолоор эле, замандаш!

Гүлмира Уметалиева