15 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:28


Жаштар кальян чегип эс-мас болушууда!

Соңку учурларда Бишкектин кафе-ресторандарынын басымдуу бөлүгү өз кардарларына кальян (коркуратма)  сунуштайт. Кыргызстандагы жаштардын арасында коркуратма алгач мода катары чегилсе, учурда адатка айланганын байкоого болот. Чөйчөктөн бир нече түтүк чыгып, сорулуучу тамекинин бул түрү, жөнөкөй тамекиге караганда зыянсыз деген пикир коомчулукта кеңири кулачын жайган. Бирок дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымында, кальян чегүү саламаттыкка олуттуу коркунуч келтирип, көз карандылыкка жетелейт.

Кальянчы аптасына 40тай ирет  чегет

Учурда калаанын дээрлик бардык кафе-ресторандар, клуб-барларында кальян— эң популярдуу товар. Өзгөчө акыркы эки жылда Бишкекте “My Shisha”, “Кальянная №1”, “Угли” сыяктуу атайын кальян сатууга багытталган эс алуу жайлары популярдуулукка ээ болгон. Мындай жайларда бир кальяндын орточо баасы 500 сом.

Соңку кезде жаштардын клуб-ресторандарда кальянды көп колдонгону чынында кеңири жайылганын кафенин ээлери да моюнга алышат. Шаардын мындай көңүл ачуу жайларынын биринде Марат (аты өзгөртүлдү — М. С.) кальянчы болуп эки жылдан бери иштейт. Анын айтымында, кыргыз жаштарынын, айрыкча кыздардын, кечкисин кальян чегип отурганы көнүмүш адатка айланган.

—Эс алууга канча кардар келсе, ошолордун жарымынан көбү же 80 пайызы деп коелу, кальян чеккени келет. Биздин клубга көбүнчө жаштар келгендиктен, кальянды чеккендер да ошолор. Көп учурда 17-18 жаштагы кыздар буркуратып отурганын көрүүгө болот. Бир жумада бир кардарды эле бир нече жолу көрүп, эстеп каласың. Менин милдетим кальянды даамдуу кылып даярдап берүү. Андыктан кардарга алып баргыча коркуратманы бир нече ирээт өзүм соруп даамдап көрөм. Ошентип, менин ишим аптасына орточо эсеп менен алганда 40тан ашуун кальян чегүүгө мажбур кылат. Кээде үйгө мас сыяктуу темтеңдеп келем. Бир жолу эки сутка уктабай жүрүп, кальян чеккен соң башым айланып ээсим ооп жыгылгам. Ден соолукка зыян экенин билем, бирок маянасы жакшы. Дагы бир аз иштеп контракт төлөсөм, балким, бул жумуштан кетем.

Адилет, кальян чегет: Кальяндан жыргам калам”

Ал эми жыйырма сегиз жаштагы Адилет башкалардай эле достору менен кечкисин клубдарга барып кальян тартканды өнөкөт кылып алган. Анын пикири боюнча, коркуратма чегүү чыңалган нервди жазуунун эң зыянсыз ыкмасы.

—Курбуларым менен туулган күндөргө чогулганда дайыма кальян заказ кылабыз. Азыр аны чегүү үчүн атайын кафеге баруунун кажети жок. Интернеттен “Кальян на выезд”, дизелден же shisha.kg сайтынан сатып алып, үйдөн чексең болот. Башында жакын досум чегип баштап, аны көрүп мен да тарта баштагам. Мен үчүн кальян нормалдуу көрүнүш. Көңүлүм чөгүп же жөн эле эс алгым келсе, кальян чегем. Кадимкидей жыргап калам. Алгач чеккенде башың бир аз айланат, кийин көнүп кетесиң. Кальяндын түрүнө жараша кайф алса болот. Анын зыяны тууралуу ар ким ар кандай айтышат. Бирок мага жагат.

Зыяны тамекиникинен да күчтүү

Ал эми кальян сүйүүчүлөр арасында кальяндагы зыяндуу түтүн суу аркылуу чыпкаланып, ден соолукка зыян келтирбейт деген пикир жаңылыш экендигин көптөгөн медициналык мекемелер айтып келет. Колбада калган зыяндуу заттарды суу менен жууп кетирүүгө болбойт, ал эми кальян түтүнүндөгү бериллий, хром, кобальттын жана никелдин саны тамекинин түтүнүнө караганда бир топ эсеге жогору. Анын үстүнө, кальян тарткан адам чылым чеккендерге караганда бир кыйла көп көлөмдөгү тамеки түтүнүн сорот.

Адатта коркуратма уй мүйүз тартып отурган достор, топтор арасында чегилгендиктен, шилекей аркылуу учук, кургак учук, вирустук гепатит сымал жугуштуу дарттардын жайылуу коркунучу бар. Ошондой эле, тамеки тарптпагандар үчүн коркуратма чегүүчүлөрдүн арасында болуу чылым чегүүчүлөр менен отургандай эле, зыяндуу.

Бермет Эстебесова, Өпкө оорулары боюнча врач:

“Зыяндуу заттар түздөн-түз өпкөгө барат”

Өпкө оорулар боюнча адис Бермет Эстебесова кальян чегүүнүн кесепети чынында коркунучтуу ооруларга алып келиши мүмкүндүгүн айтып берди:

—Терең дем алуу менен тартылган түтүн өпкөгө терең кирет да,  организм үчүн зыяндуу заттар тез арада өпкөгө сиңет. Демек, кальяндагы ысып күйгөн заты бар көмүрүндөгү ар кандай аралашмалар, зыяндуу чөптөр сууга аралашпай түздөн-түз өпкөгө барат. Узак убакыт бою аны чеккен адам ага көз каранды болуп, кийин чылым чеккенге өтүүсү мүмкүн. Мындан тышкары, анын курамында никотин бар. Никотиндин зыянын бардыгы билет.

Сингапурдагы Menshealth журналынын маалыматына ылайык, кальян тамекисинин химиялык курамына чайыр – 802 мг, никотин – 2, 96 мг жана көмүртектин кычкылы (CO) – 143 мг кирет. Кальяндагы никотин менен чылымдагы никотин окшош болгондуктан, кальян көз карандылыкты пайда кылат.

Мындан 2-3 жыл мурда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын кафе-ресторандарында кальянга чектөөлөр коюлушу керек деген демилгелер айтылган. Бирок кандайдыр бир тиешелүү мыйзам кабыл алынган эмес.

Ал ортодо 2014-жылы Казакстанда жана Россияда кальян бериле турган коомдук жайларга пландан тышкары рейддер өткөрүлгөн. Натыйжада санитардык-эпидемиологиялык экспертиза көрсөткөндөй, тамеки тартылуучу түтүктөрдө, кальян суюктуктарында жана идиштеринде ичеги карын жана көк ириңдүү таякчалар, алтын түстүү стафилококктор, ачыткылар жана грибоктор табылган. Азыркы учурда Казакстанда коомдук тамактануу пункттарында жана оюн-зоок жайларында кальян тартууга тыюу салынган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму келтирген тыянактарга караганда, кальяндын бир эле сеансынын зыяны бир пачка тамеки зыянына барабар. Демек, 40 мүнөттүк кальян чегүү бир топ куту чылым чеккенге барабар. Кальяндын тамекиден бир эле артыкчылыгы, чеккенден кийин ооздон жагымсыз жыт чыкпайт. Тескерисинче, жыпар жыт келип турат. Анда, ушул артыкчылык организмди ууландырууга тетеби?

Мээрим Самиева