17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 19:26


Жасалма жана башканын паспорту менен чек арадан өткүсү келгендер кармалды

Кыргызстандын жараны Өзбекстанга жасалма паспорт менен өтүүгө аракет жасаганын КР Чек ара кызматынын ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

“Чечме-Автодорожный» пунктунан жасалма паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран А.А. 1959-жылы туулган, Өзбекстанга Сох анклавына бара жаткан.   Ал жаран укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле башка кыргызстандык жарандын паспорту менен Казакстанда өтүүгө аракет кылган “Чоң Капка-Автодорожный пунктунан 1971-жылы туудган Б.Ч. кармалган жана ал УКМК кызматкерлерине берилген.