15 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:28


«Жар-жар» ыры бизден болсун, бата алмак сизден болсун

Күркүрөгөн күз келип, бышыкчылык жыттанып турган убак. Ушул күндөрү үйлөнүү үлпөт тойлорунан кафе-ресторандарда орун жок болуп толуп турса, «Жар-жар» ырын ырдап жүргөн ырчыларга да кезекке тургандар андан көп. «Жар-жар» ыры бизден болсун, бата алмак сизден болсун» деп азыр жаш ырчылардан баштап улуу эжелерибиз да «Жар-жар» ырын ырдап, тойдо эки жашка бата тилешет.

Бул ырды илгери жаштар ырдаган ыр болсо, кийинчерээк насаат ыр катары ырдалып, аны көп балалуу, кадыр-барктуу, турмушта орду бар, үй-бүлөнү сактай билген, акылман аялдар турмуш куруп жаткан жаштарга насаат кылып айтышкан экен. Ал эми азыркы учурда кафе-ресторандарда элге жаштарды саламдаштыруунун ыры катары ырдалып, мааниси өзгөрүлүп, сөзү «Жар-жар» ырын айтууга ылайыктуу болбой калды, билгени деле, билбегени деле ырдап жатат деген сындар көп айтылчу болду.  Бул сын сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы  бар экенин билип көрдүк.

Эльмира Мадиева, журналист: «Акча табуунун амалын кылып, жар-жарды бузуп жатышат»

— Жар-жар айтуунун өзүнүн этикасы бар. Муну биз акыркы убакта ыксыз колдончу болдук. Жар-жарды илгертен ырымдап үй-бүлөсү бар, үлгүлүү аял айтчу. Азыр жар-жарды күйөөсү жогу деле, ажырашканы деле, айрыкча эстрадада так секирип ырдап жүргөн жаш кыздар чачтарын жайып алып айтып жүрүшөт. Ал эми элечек кийгени жар-жар айтып атып так-секирип бийлеп жүрүшөт. Жар-жар негизи фольклор жанрында айтылат. Анан ал айтылып жатканда элдин көңүлү элечек кийип, жар-жар айтып атып шаңдуу бийлеген «умай энеде» эмес, эки жашта болушу керек. Коридор болуп баш кошкондорду ордуна узаткан бийчилер телмирип бийлесе болот, бирок чимирилип номер аткаруусу зарыл деле эмес… Акча табуунун бир айласы кылып ар кандай заманбап вариантын ойлоп табышкандарын түшүнөбүз дечи, ошентсе да анын нукуралуулугун сактап, жол-жобосу менен айтышса. Эгерде билбеген болушса китеп карап коюшса ашыкча болбойт эле…

Назми, ырчы: «Так секирип койсо деле болот, той да»

— Эң туура! Үй-бүлөлүү, бала-чакалуу айымдар жар-жар айтышы, жаңы келген келинге жолук салышы абзел, ал эми так секирип бийлеген деген сөз мага айтылды деп түшүндүм. Жооп узатайын, мен Умай эненин ролунда болуп жар салган жокмун, жеңенин образында жар-жар айтам. Элечекти жаш келинден баштап байбичелерге чейин кийишет кыргызда, анан жеңе жол көрсөтүп биринчи өзү жүгүнүп баштайт дагы анан жаштарга үлгү көрсөтүп кошо жүгүнүп коет. Жар салып келин келди деп сүйүнүчүндө бир айланып койсо, так секирип бийледи деп ойлобоңуздар, а бирок сүйүнүп жеңеси так секирип бийлеп койсо дагы болот, той да.

Топчугүл Шайдуллаева, «Р. Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун эксперти:

– Азыр кыз узатуу тойлору көп өтүүдө, анда жар-жар айтуу колдонулуп келет, бул ырдын мааниси канчалык?

—Жар-жар ыры кыргыздын каада-салт ырларына кирет.  «Жар-жар» ыры биздин каада-салтыбызды чагылдырган маданиятыбыздын бир элементи. Бул ырды илгери айтыш ыры дешчү. Кызды алып кеткени келген күйөө бала тарап менен кыз узап бараткан тараптын курбулары, жеңелери менен болгон кайым-айтыш. Жигит тарап шаңдуу келишсе, кыз тарап кичине капаланып, кыз ата-энемди калтырып кетип атам, кыз доорум менен, балалыгым менен кош айтышып атам деп кабатырланып, эки тарап алым сабак айтышып, шаңдуу өтчү. Ал эми бүгүн болсо мааниси кичине өзгөрдү, тексти жазылып, обонун чыгарып, искусствонун бир түрү болуп калды. Бүгүнкү тойлордо кеңири колдонулуп жатканы жакшы. Себеби ал жерде социалдык мотивдер бар, ата-энеге күйүмдүү болсун, эки жаш бактылуу болсун, үй-бүлөсү бекем болсун, силерге бата берген элге ыраазычылык билдиргиле деген сыяктуу алкоолор айтылат. Доорго жараша, коомго жараша өзгөрөт, өнүгөт да. Азыр мурункудай болуп кыздын үйүнө барып айтышса абдан жакшы болмок, бир калыпка салынып, кафе-ресторанда тойдун башталышында гана ырдалып, кичине формалдуу болуп калып атат. Эми кандай болсо да бул ыр казак, өзбек туугандарда да илгертеден эле бар, кеңири тараган, негизи кыздын кетип аткандагы абалы, ал алыска кетип атабы, жакшы көргөнүнө баратабы же айласыз кетип баратабы, кимге баратат сыяктуу учурларды чагылдырган кыздын сезимдери берилет.

—Бул ырды илгери турмуш курган, очор-бачар болуп жашап калган жеңелер ырдачу эле деп калышат. Азыр болсо баары бирдей ырдап жүрөт деген сындар жаш ырчыларга, айрыкча ажырашып кеткен ырчы айымдарга көп айтылат?

—Эми ырымчыл болбошубуз керек. Биз ырчыны жар-жарды аткарган деңгээлине жараша тандашыбыз керек. Абдан жакшы ырдап жүргөн ырчыны ырымга таянып чакырбай коюу туура эмес деп ойлойм. Ырдын өзүнө, сөзүнө, ниетине басым жасоо зарыл. Негизи бул ырымдар элдин башка бир этапты басып өткүн учурун көрсөтөт, бүгүн болсо биз заман талабына жараша толукталып, ылайык келбеген ырым-жырымдардан арылышыбыз керек. Көп эле салттарыбыз унутулуп калды. Ошолор жанданып, айрым каадаларыбыз азыркы заманга ылайыкташып толукталып жатканына сүйүнүшүбүз керек. Кээ бир акылга сыйбаган ырым-жырымдарды кармана берсек, анда бизде өнүгүү, өсүү деген болбойт го. «Сен ырдашың керек, сен ырдабашың керек» дей берсек, анда ырчыларыбыздын укугун бузган болобуз.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева: «Бул ырды 18 жыл мурун ырдап чыккам»

—Илгери жаңы келген келинди боз үйгө алып кирип, кайын журтуна көрсөтүп көрүндүк алган кызмат кыздын жеңелерине жүктөлгөн. Бирок мунун баары шаан-шөкөтсүз болгон. Ал эми азыр жеңелердин да, төкмө акындардын да милдетин бир эле «Жар-жар» айткан ырчы эжекелерибиз аткарып калбадыбы. Мен бул ырды 18 жыл мурун ырдап чыккам. «Жар-жар» ыры кадимки сүйүү тууралуу ыр болбошу керек. «Жар-жар» ырында эки жаштын башын кошкон, акыл-насаат айтылган сөздөр камтылышы зарыл. Учурда ырчы айымдардын айтып жатканына каршы эмесмин, болгону ырдап жаткан ырынын сөзү «Жар-жар» ырын айтууга ылайыктуу болсо дейм.

Эльвира Какиева