Жалал-Абадда жер титиреди
- 2 года мурун
Жалал-Абадда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-июль күнү саат 23:45те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Токтогул районунун Бөр-Дөбө айылында 3 балл, Кетмен-Төбө жана Жетиген айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү