15 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 01:28


Ысык-Көлдө жер титиреди

Кечээ, 27-апрелде саат 22:18де Ысык-Көл облусунун аймагында (Тескей Ала-Тоо) очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Тоң районунун Кажы-Саз айылында 3 балл, Кажы-Сай шаарчасында жана Туура-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.