13 декабрь 2018
Бишкек убактысы: 01:46


Виноградное айылын суу каптады 

2018-жылдын 25-февралында аба ырайынын жылуу болушуна байланыштуу талаадагы кар эрип, суу топтолуп, Чүй облусунун Аламүдүн районунда Виноградный айылындагы Молодежный көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короолорун каптаган.

Куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп, суу каптоо кесепетин жоюшкан.

Бул тууралуу   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди