15 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:48


Уникалдуу кыз — Мария Наумова

Кыргызстанда искусство сүйүүчүлөрү Мария Наумованы уникалдуу кыз деп билишет. Ал кыргыздын он чакты улуттук аспабында кол ойнотуп гана тим болбостонталанттуу бийчи, хореограф жана балет артисти катары белгилүү. 14 жашында Орусиянын “Минута славы” шоу-программасына катышып, “оркестр-кыз” аталган. Ар кырдуу таланттын ээси Мария ар түрдүү эл аралык таймаштарда өлкөнүн намысын коргоп келет. Жакында эле КР маданият отличниги ордени менен сыйланды.  

Учурда таланттуу өнөрпоз Борбор Азиядагы Америка университетинин  Кино,  Тв жана  визуалдык искусство бөлүмүндө окуп жаткан чагы. Илбериңки, карапайым жана жаркылдак жүздүү Мария менен анын чыгармачылыгы, студенттик жашоосу, алдыга койгон пландары тууралуу окуу жайына барып маек курдук. 

Мария Наумова учурда он чакты музыкалык аспапта ойной алат. Алардын ичинде украиндердин улуттук музыкалык аспабы бар. Ал жаңы күүнү үйрөнүүдөн мурда алгач анын келип чыгыш тарыхын, аталышын, авторун изилдеп чыгат. Себеби, ар бир музыкант чыгарманын толук кандуу түшүнгөндө гана аны аудиторияга кеңири жеткире ойной алат деп эсептейт. 

«Комуз жан дүйнөмдү ээлеп алган» 

-Үч жашымдан баштап “Жаш Кыял” бий ансамблинде улуттук бийлерди бийлечүмүн. Бир жолу бир бийдин номуруна ооз комузда ойнош керек болуп калды. Мугалимим ооз комузда ойнойм десем, комузду биринчи үйрөн деп калды. Алгач комузду үйгө алып келгенимде апам таң калганы менен унчуккан жок. Көрсө, бир аз кармап таштап коет деп ойлогон экен. Бирок комуз жан дүйнөмдү арбай баштаганд апам Шубин атындагы музыкалык мектепке алып барды. Ошентип, үчүнчү чейректин аягынан баштап ал мектепте кыргыз улуттук аспаптар классында окуй баштадым. Учурда чопо чоор, темир ооз комуз, ооз комуз, комуз, флейта, добулбас ашкабак, сыбызгы сыяктуу он чакты улуттук аспапта ойноп келем. Аспаптарымдын кайсы бирин көбүрөөк сүйөм деп айтуу кыйын. Мен үчүн баары бирдей. Балалыгым чыгармачылык менен өттү. Бирок апам мени бийле же черт деп кыйнаган жок. Бардыгы өз калоом менен болду. Дайыма иш-чаралар, сынактарга катышчумун.  

«Балет мектебинде кинодогудай эле таймаш күч» 

-Жашоомдогу эң оор убак деп хореографиялык окуу жайда окуп жаткан учурду айта алам. Балетте окуган окуучулар арасында ар түрдүү атаандаштык, таймаш, кыйынчылык тууралуу кинолордон көрүп калабыз. Бул чыныгы жашоодо да дал ошондой. Ал жерде студенттер физикалык жактан жана психологиялык жактан катуу басымга кабыл болушат. Бир класска 20 окуучу кабыл алынса, алардын төртү гана окууну аякташат. Себеби, окуудагы стресске чыдашпайт. Мындай басым жеке студенттер арасында гана эмес, мугалимдин студентке болгон мамилесинен байкаса болот. Сени менен чогуу окуган кыздар сени көрө албайт, ар кандай бут тосуулар болот. Ал жакта окуп бир дагы курдаш күтө албайсың, ишене албайсың. Ар бир окуучунун артында кайсы бир педагог турган болот. Кокус кайсы бир кызга тийип калсаң, анын мугалими сага басым көрсөтүшү мүмкүн. Бир жолу эсимде, кийимим турган шкафга шире суусун төгүп кетишип, костюмум кир болуп калган. Кинодогудай кыздар бири-биринин бут кийимдерине айнектерди салып коюшат. 

Окуу учурунда сахнага чыгуума тыюу салгандыктан, жашыруун, эч кимге айтпай, комуз чертип келчүмүн. Эгер кайсы бир иш-чарага катышсам, сүрөткө тарттырбай, жашыруун жашоо менен жашоого туура келчү. Окууну бир күн да калтырганга болбойт эле. Балет мектебинде бардык окуучулар бирдей деңгээлде болуусун каалашат. Жылдыздарды көп каалашпайт. Балким, бул себептен улам менин сахнага чыгуума жолтоо болушкандыр. Ошондой эле, кайсы ата-эне бай болсо, педагогдорду алтынга бөлөп, кызын алдыга сүрөп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Апамдын колдоосу, сүйүүсү бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берди. Аталган окууну бүткөнүмө чексиз кубанычтамын. Анткени, классикалык хореографияны үйрөнүү жана бийлөө ар бир катардагы бийчинин колунан келе бербейт. Бул бийдин падышасы. Андыктан, классиканы үйрөнгөн соң башка бийлерди оңой өздөштүрүүгө болот. 

«Келечегимди Маданият министрлигинде көрөм» 

-Окууну бүтүргөндөн кийин Опера жана балет театрында бир жылдан ашык убакыттай иштедим. Театрдын ичинде иштегенде ал системанын ийне-жибине чейин билип баштайсың. Ал театр өзүнчө токтом, мыйзамдары бар кичинекей мамлекет. Мен прима балерина болоюн деген оюм жок болчу. Жөн гана тажрыйба алгым келди. Мен үчүн ал театр аздык кылат. Менин жашоом бул театр эмес, менин жашоом – бул маданият. Өзүмдүн келечегимди Маданият министрлигинде көрөм. Себеби, кыргыз музыкасын, хореографиялык чөйрөнү билем, учурда кино искусствосун үйрөнүп жатам. Бул алган билимимди Маданият министрлигинде колдонсом деген тилегим бар. Анын үстүнө уюштуруучулук жөндөмүм бар жана иш-чараларды уюштуруудан ырахат алам. Бул чөйрөнүн бардык көйгөйлөрүн билип, көргөндүктөн чечкенге аракет кылам.  

«Азыркы окуу жайымда өзүмдү эркин сезем» 

-“Бүгүн кыла турган ишти эртеңкиге калтырба” жана “Бир өзүңө гана ишен” деген принцип менен жашайм. Ийгилик сенин иштегениңе жараша болот. 90% сенин эмгегиң, 10% гана сенин талантың. Азыркы жеткен ийгилигимдин сыры бир гана талыкпас эмгекте. Эгер бир кадам алдыга тыштасаң, ал кадамың болбой калса, экинчисин, үчүнчүсүн кылыш керек. Максатка койгон нерсең ишке ашкычакты кыла бериш керек. Убакытты үнөмдөш керек. Башкалардын пикирине же ойлогон негативдүү ойлоруна эч көңүл бурбаш керек. Мага дайыма “же балетти танда же музыканы танда” деп көп жолу айтышты. Мага эч качан бири-бирине тоскоолдук кылган жок. Эч качан экөөнүн бирөөсүн тандаган эмесмин. 

Күндүз университетте сабактамын, андан чыгып “Mirrow” аттуу окуу жайдын театрында болом. Бийлейм, машыгам, театрда ойнойм. Студенттик күндөрүмдү максималдуу түрдө пайдалуу жана кызыктуу өткөргөнгө аракеттенем. Азыркы жашоом мага өтө жагат, эркин дем алам, каалаганымды кылам. Ошол эле учурда бийлеп, формамды жоготкон жокмун. Азыркы досторум чын жүрөгүнөн жардам берип, мен үчүн күйгөн чыныгы достор. Үйгө кечинде гана келем. Апам менен кечинде көрүшкөн учурларыбыз болот. Дем алыш күндөрү “Билимкана” аттуу мектепте окуучуларга комуздан сабак берем. Ар кандай иш-чараларга катышам. Бий менен музыка аркылуу эс алам. Качан адам сүйгөн ишин кылганда эргүү алып, эс алат, чарчабайт. Убактымды сериалдарды көрүүгө же обу жок сүйлөшүүлөргө коротпойм. Эң башкысы, азыркы колдо бар режимди сактап калгым келет.  

«Жүрөгүмдүн ээсин көргөндө аны тааныйм» 

-Кичинемден бери улуулар менен сүйлөшчүмүн. Улуулардын ойлонгону, бышып жетилгени мага жакчу. Азыр 19га чыктым. Андыктан, артыман жигиттер чуркашса да, убактымды текке кетиргим келбейт. Азыр жүрөгүм бош. Өз адамым келгенде, аны тааныйм деп ойлойм. Жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин. Бирок ал болочок жигитим тарбиялуу, спортко жакын, чынчыл, эмгекчил адам болушу керек. Анын байлыгы, бийлиги мен үчүн маанилүү эмес.  

«Шоу-программаларда калыстык жок» 

-Кыргызстанда болуп өткөн көптөгөн фестиваль, сынактарга катыша берип, бир нерсени байкадым. Жыл сайын бир эле адамдар катышат. Андыктан, атаандаштыктын күчү жокко эсе. Бул себептен чет өлкөлүк сынактарга катышуу керек деп эсептейм. Андай таймаштарда сен чет элдик музыкалык аспап же алардын улуттук бийлери менен жарышасың, кызыктуу. Бирок Орусиядагы өткөрүлгөн шоу-программалардын  айрымдарында орундар сатылып алынганын байкадык. Алар элге шоу тартуулаган үчүн гана мунун баарын кылышат. Андыктан чыныгы талант менен мындай сынактарга катышуунун кереги жок. Тээ алыстан келсең дагы сени сынакка киргизбей коюшу мүмкүн. Телевизордо болуп жаткан ар бир кыймыл  режиссердун койгон идеясы гана. Ошондуктан, олуттуу эл аралык сынактарга гана катышуу туура деп санайм. 

«Апам менин эң катуу талап кылуучу сынчым» 

-Кичинемден бери апам мени ар тараптан колдоду. Балким өзүнүн каалоосу болсо дагы, менин каалоом кылды. Ар бир чыгармачылыгымдагы кыйынчылык мени сындырбай, тескерисинче, күчтүү кылды. Апам мүнөзү боюнча катуу адам. Бирок өтө боорукер, камкор жана сүйүүгө толгон адам. Менин чыгармачылыгымдагы эң катуу талап кылган сынчым. Кээде өтө катуу, олуттуу айтат. Бирок дайыма аныкы туура сын болот. Кээде апамдын сөзүнөн ыйлаган учурларым болот. Жалгыз бир тууганмын. Апам мени 45 жашында төрөгөн. Кесиби боюнча инженер-куруучу. Бирок өмүр бою иттерди тарбиялап үйрөтүп, машыктырып келет. Жакында эле эки тайган ит сатып алдык. Аттарын Маш жана Ботой деп койдук. Комуздагы Маш ботой күүсүнөн улам мындай аттарды койдук. Анын үстүнө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда миң киши аталган күүнү чертиши кайталангыс окуя болду биз үчүн. Маш ботой күүсү сыяктуу тайгандарыбыз шамдагай, ыкчам болушсун дедик. Ошентип, үйдө алабай жана тайгандар бар. Ит-мышыктардын курчоосунда балалыгым өттү. Ошондой эле, апам кийим дизайнери. Сахнага кийип чыккан кийимдердин баарын апам тигип берет. Андан тышкары, дизайнерлердин мода жумалыктарына кийимдери менен катышып турат. Апам экөөбүз чыгармачылык дуетпиз. 

 «Жакын арадагы пландар» 

-Бир жолу Казакстанга кыргыз музыканттары менен бирге музыкалык фестивалга барып, кыргызча сүйлөшүп жатып кыргыз тилин жакшы билип калгам. Негизи мен кыргыз тилин жакшы түшүнөм, жөнөкөй сөздөр менен сүйлөй алам. Мектепте кыргыз тилин берген мугалимдерим күчтүү болчу. Акыркы учурда гана англис тилинде гана көп сүйлөшкөндүктөн кыргыз тилим аксап калды. Бирок жакынкы планда кыргыз тилимди жакшыртайын деп жатам. 

Режиссерлукка окуп жаткандан кийин, искусство тууралуу салмактуу тасма тарткым келет. Билсеңер, “Чолпон” балети тууралуу документалдык фильм тартылып, балеттин алптары Бейшеналиева,  Сарбагышев, Чокоевалар тартылып калган. Кыргыздын туңгуч балериналары бул тасма аркылуу тарыхта калып калган. Мен дагы келечекте кыргыз балетин хореография тарабынан эмес, драматургия жагынан көрсөткүм келет. Муну менен тарыхка салым кошкум келет. 

Мээрим Кайыпсагын