17 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 17:18


Той жөнүндө ой: “Кереге” фонду тойдун жаңы форматын сунуштайт

Кыргызстанда той-салтанаттар өтө ысыраптуу болуп, көйгөйгө айланып бара жатканы баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүп келет. Бул көрүнүш материалдык жана рухий чыгымга туш кылып, жан дүйнөгө бүлүк салып, ырас эле чукул арада кандайдыр чара көрүүнү талап кылууда.
Тойдун шарданы менен нарк-баалуулуктар кайсы тарапка өзгөрүп баратканы, элдин келечеги, жашоо салты кандай болору түйшөлдүрөт. Бул көрүнүштү коомчулук талкуулап, бийлик тарабынан да айрым аракеттер көрүлгөнү менен, жыйынтык чыкпай келет. “Кереге” коомдук фонду тойдун жаңы форматын сунуштап, мыкты өрнөктөрүн иштеп чыкмай болууда.
Той-салтанат кандай өтсө дээр элеңиз?
Искендер Ормон уулу, “Кереге” коомдук фондунун жетекчиси:
“Бишкекте 500дөй тойкана бар экен”
— Кыргызстанда 800дөй тойкана болсо, анын 500дөйү Бишкек шаарында экен. Ошол 500 тойканада 300-500 киши, болбоду дегенде 7-8 сааттан отуруп кетет.
Ал эми Бишкекте 50дөй китепкана болсо, анын 10у гана активдүү иштесе, ал жакта 50 адам 50 мүнөттөн да отурбаганы өкүнүчтүү. Китепканага баргандар зарыл болгондо гана көбүнчө диссертация, диплом жазганы же кеңсе катары пайдаланып, тынч отуруп иштөө үчүн барат экен. Бул биз илим-билимге эмес, шаан-шөкөттөргө ыктап бара жатканыбызды билдирет. “Кереге” коомдук фонду тойдун жаңы форматын сунуштоодо.
Жийде Зоотбекова, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы:
“Коомчулук да сунуш-пикирин айтса”
—Маданият министрлиги тойдун жаңы форматын демилгелеп, өрнөктүү той өткөрүүгө багытталган иш-чараларды уюштурууну колго алуда. Мисалы, тойдогу ысырапкерчиликти, ашыкча чыгымдарды ашкерелеген роликтерди даярдап жатат. Жакында мындай роликтердин бири элге көрсөтүлө баштайт.
Экинчиден, министрлик тойдун шаан-шөкөтү боюнча ойлорун ортого салууда. Алсак, ашыкча чыгым кылбай, жаштар үчүн “швециялык үстөл” уюштуруу, кытайлык өндүрүштүн синтетика калпак-жоолугун таратууга бөгөт коюу ж.б.
Коомчулук дагы тойдун жаңы форматын сунуштаса жакшы болор эле. Министрлик өрнөктүү тойду үлгү катары тартып, элге жайылтууну көздөйт.
Сейит Жаанбаев, КР Илим жана билим берүү министрлигинен:
“Сокур намысты токтотуш керек”
—Былтыр кызымды узаттым. Тойду Прагада өткөрмөй болушту. Бирок ал жактан 200 киши баткан тойкана таба албай кыйналышты.
Жеңил музыка коюп, келген конокторду 30-40 мүнөттөй бош коюшту, шире ичип, ары-бери басып, өз ара маектешип турушту. Балдар тойго келгендер алдында бири-бирине убада берет экен. Анан швециялык үстөл үстүндө жарым сааттай эле тамак ичилди. Жалпы той 2, 5 саатта эле аяктады. Мына ушундайды Кыргызстанда да ишке ашырсак жакшы болот экен.
Азыр тойдо жада калса академиктер жарышып, бодо мал сайылып жатат. “Анын колунда жокпу?” деген сокур намыска алдырышууда. Мисалы, бир академик тойдо байгеге жылкы алса, кайра аны жууп, бир жылкы союп жууп бериптир. Мындай сокур намыс жалпы эл арасында бар, аны токтотуш керек.


Үмүт Култаева, филология илимдеринин доктору, профессор:
“Элди салт менен тартыш керек”
—Тойдо менин жүрөгүмдү өйүткөн төрт маселе бар. Биринчиси-убакыттын коромжу болгону, коноктордун кечиккени, тойдун кечигип башталганы. Ал түгүл той ээси да кечигип келет. Түнкү саат 12де бешбармак тартышат. Ошондо тойдо он саат олтуруп, кийинки күнү иштей албай калат экенбиз.
Сунушум –убакытты эсептеш керек, ал түгүл чектеш керек окшойт. Тойго төрт саат жетет деп ойлойм.
Экинчиси—адеп маселеси. Тойдо элдин баары сүйлөйм дейт, угайын деген киши жок. Кыргызда улуу маданият бар эмес беле, улуу маданияттын аркасы менен “Манас” бизге жеткен да. Тамадалар ээн ооз, көпчүлүктү тарбиялагысы келет.
Ата мекендик товарларды колдоо деген эрежени да бекем сакташ керек. Биздин накта, экологиялык таза буюмдарды колдонуш керек. Кытайга барсак, мектепте окуучулар аппак болуп жайылып чыгышты. Көрсө мектеп кайсы бир өндүрүшчүнү колдоп, продукцияларын сатып алат экен.
Той боюнча жобо дейбизби, концепция же элдик эреже дейбизби, кабыл алыш керек. “Элди мыйзам менен башкарса кылмыш көбөйөт, салт менен башкарса, адептүүлүк артат” деген экен Конфуций.


Жолдош Турдубаев, публицист, адабиятчы:
“Азыркы тойлор мителерди байытууда”
—Тойдогу дымактын, уу-дуунун артында ким турат? Чондор, элита турат. Той бул паракорчулуктун эң ыңгайлуу жолу. Анткени чоңдорго кошумча, пара ушул жерден берилет. 90 жылкы түшкөн тойлор да кездешет. Азыркы тойлор мителерди байыткан нерсе болуп калды.
Бизге тажиктердей тойго тыюунун кереги жок. Той конкурсун жарыялап, жылдын мыкты тоюн аныктап, алгылыктууларын тандаш керек.
Олжобай Шакир, акын, жазуучу:
“Акын-жазуучулар чыгармачылык отчет бербей эле той берип, байлык жыйноо мисалын көрсөтүүдө”
—Бизде итиркейди келтире турган көрүнүштөрдү акын-жазуучулар баштап койду. Мисалы, алар 60, 70, 80 жылдыгында чыгармачылык отчет бербей эле, дүңгүрөтө той берип, байлык жыйноо элементтерин көрсөтүүдө.
Өрнөктүү тойлорду видеороликтер аркылуу көрсөтүш керек. Бийликти карап олтурбай, коомчулук киришип, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө салым кошуп, тамак-аш кийим-кечесин колдонуш керек. Сырттан келген сапатсыз азык-түлүктөр менен эле эмес, сапатсыз кийимдер менен да биз талкаланып жатабыз. Азыр, мисалы, бит да болбой калды. Анткени сапатсыз тамак-аш, сапатсыз кийим менен талкаланып жатабыз.
Эл театрга барбай, тойго буту үзүлгөнчө чуркайт. Той-аш аркылуу маданиятыбызды да көтөрүүгө салым кошолу. Тойдун мыкты сценарийинин конкурсун да жарыяласа болот. Коомдук катмарды оюн айтууга тартыш керек.
Тойдун болжолдуу форматы
“Кереге” коомдук фонду тойдун болжолдуу форматын сунуштап жатат. Анда:
— Тойдо улуттук баалуулуктарды сактоо, маңыздуу ыр, накыл сөз, макал-лакап, улуттук оюндар жаңырып турса, улуттук кийим кийилсе, адамзатка тиешелүү баалуулуктар жукса;
— Ата мекендик азык-түлүк, белек-бечкек алынса;
— Арзан, колдонулбаган Кытайдын товарлары четке кагылса;
— Тойдун чыгымдары азайтылса;
— Швециялык үстөл жасоо түрү да колдонулса, улуттук тамак-аш сунушталса;
— Той убактысы 5-6 саат эмес, 3-4 саат болсо делет.
Тойдун жалпы маданиятын көтөрүү аракети жасалып, б.а. жаңы форматы сунушталып, сценарийлер түзүлүүдө.

Айгүл Бакеева