17 январь 2018
Бишкек убактысы: 21:12


Тилемчиликке кандай тагдыр түртүүдө? 

Оор турмуштун азабын көтөрө албай селсаякка айланып, тилемчиликке барган жарандарыбыз көп. Алардын абал-жайын ойлогон бирөө-жарым барбы, мындай жашоого кабылгандарына ким күнөөлүү? Бул суроолорго  жооп издеп көрдүк.

Тилемчилик беш ай

61 жаштагы Ахматова Салима беш айдан бери Бишкекте тилемчилик менен күн көрүп келет. Ал буга чейин Жалал-Абадда сүт, каймак сатып жүргөн. Ден-соолугу начарлагандыктан иштей албай, төшөккө жатып калганда жубайы таштап кеткен. Өзүн багыш үчүн башында үйдөгү буюмдарын сата баштап, аягында үйүн сатууга мажбур болгон. Ошентип, калган акчаны алып Бишкекке келип, Ош базардан ижарага стол алып чемичке, тамеки сатып бир айдай иштеген. Тапкан акчасы күнүмдүк тамак-ашына жана дары-дармекке гана жетип, ижарага артпай калган. Дал ошол күндөн тарта Салима тилемчинин күнүн көрө баштаган.

«…Эки күндөн кийин жергиликтүү тилемчилер мени себепсиз сабап салышты. Бетим көгөрүп, бөйрөгүм жана буттарым катуу ооруй баштады. Түндө аялдамада уктап жатканымда мени милиция кызматкерлери атайын тергөө бөлүмүнө алып кетишти. Ал жактан паспортумдун көчүрмөсүн алып, туугандарыма чалып, жубайым жана балдарым жок экендигин аныкташты. Кийинки күнү мени мурунку ордума жеткиришти”, — деди Салима Ахматова.

Рейддерде тилемчилерди алып кетип эмне кылышат?

Бишкекте тилемчилик кылган, үйү жок же үйүнөн качып кеткен балдарды аныктоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан рейддер дайыма жүргүзүлүп турат. Көчөдө калган үй-жайсыздарды эмне үчүн жана каякка алып кетишээрин Шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздукту сактоо кызматынын башкы инспектору Жеңишбек Дүйшекеевден сураганда төмөндөгүлөрдү айтты:

«Тилемчиликтин өзү коомдук тартипти бузуу болуп саналат. Бирок алардын кайыр сураганга толук эркиндиги бар. Биз рейддерде суроо бергенде эгер үй-жайсыз киши тартипти бузса, мисалы, сөгүнүп жооп берсе же жолдун ортосунда турса, аны бөлүштүрүүчү жайга алып кете алабыз. Ал жактан анын тек жайын, кайсы жактан келгенин аныктап, тизмеге алабыз. Чет элдик жарандарды депортациялайбыз, тартип бузгандардын айрымдары айыппулга жыгылат, айрымдарынын иштери сотко жиберилет. Өтө оор абалда болгондорду “Коломто” социалдык мекемесине, балдарды ИИМдин реабилитациялык борборуна жиберебиз».

Көчөдө калгандарга ким жардам берет?                                                    

Жыл бою үй-жайсыздар үчүн дайыма ачык “Коломто” муниципалдык мекемеси толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат. Бул мекеменин жетекчиси Айгүл Сманалиева төмөндөгүлөрдү баяндап берди:

“Көпчүлүк учурларда үй-жайсыздарды милиция же “Тез жардам” кызматкерлери алып келишет. Айрым учурларда түнөгөнгө жери жок болгон кишилер өз каалоосу менен келишет. Биз аларды ысык тамак, таза кийим менен камсыздайбыз. Ошондой эле келгендер жуунушат, медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Үч айга чейин бул жакта жашашса болот, бирок жашы өткөн кишилер жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер туруктуу жашай берсе болот”.

Ошондой эле шаардагы активисттер мезгил-мезгили менен үй-жайсыздарга жардам берип турат. Мисалы, Sputnik.kg сайтына чыккан маалыматтарга караганда, быйыл 12-декабрда “Другие люди” аттуу акцияга шаардын айрым жерлериндеги үй-жайсыздарга жана колунда жокторду кийим жана тамак-аш менен камсыздашкан.

Же өлөсүң,  же өлтүрөсүң

Бишкек шаарынын эски автобекетинин четинде отурган 32 жаштагы тилемчи Светлананын буга чейин үй-бүлөсү бар болчу. Бирок жалгыз кызы пневмония оорусуна чалдыгып, каза болгон, андан соң жубайы үйүн саткан акча менен дайынсыз жоголгон. Үч жыл мурун кычыраган кыш айларында аялды үшүк алып, сол колундагы төрт манжасын жоготуптур.

«Сол колумду үшүк алып кеткен. Түндө уктап жатсам, колумду бирөө кытыгылагандай болуп жаткан. Ойгонгондо эки келемиш бармактарымды жеп жатыптыр, катуу кыйкырып, аларды араң кууп салдым. Ошентип, менин бармагым эле калды. Кайыр сураганда башында кишилер колумду көрүп көбүрөөк акча берип жүрүшкөн, бирок акыркы учурларда эмнегедир адамдар кайдыгер болуп баратат. Бир жолу кайыр сураганымда, бир аял токтоп “Сен бармактарыңды өзүң эле мас болуп алып кесип салган окшойсуң” деп айтканда аябай ачууландым эле. Мен тилемчиликке жыргал жашоодон келген жокмун да…”, — деди селсаяк Светлана.

Тилемчилерге болгон мамилени билиш үчүн шаардын тургундарынан сурамжылоо жүргүздүк. Көпчүлүгү тилемчилерге терс мамиледе. Бул пикирлердин себептерин Бишкек шаарынын тургуну Алтынай Жакшыбекова төмөндөкүдөй божомолдоду:

«Акыркы учурларда жалпыга маалымдоо каражаттарында тилемчилер боюнча терс маанидеги маалыматтардын жайылганын байкап жүрөм. Мисалы, “тилемчилик – бул бизнес”, “ жашоосу жыргал”, “крышалары бар”, “айлыгы мугалимдердикинден да көп” деген маалыматтарды  окугам. Ооба, мындай да учурлар кездешет, бирок тилемчилердин баары жыргал жашоодон кайыр сурап жүрөт деген ой туура эмес деп эсептейм.”

Жогорудагы көйгөйдү чечүү жолдорун Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбаларынан тапсак болот. Мисалы, Прагада үй-жайсыздар жана тилемчилер үчүн  “Бир адамдын үстөлү” (“Стол для одного”) аттуу акцияны Доминика Фаркасова негиздеген. Аларга өзгөчө карточка берилет жана ушул документ менен күндө бир жолу айрым кафелерде акысыз тамак-аш жесе болот. Негизги эреже – тыкан болуп келиши керек. Бул акциянын негизги максаты оор абалга кабылган адамдарды колдоо жана алардын көчөдө калуусуна жол бербөө болуп эсептелинет.   

Айта кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында үй-жайсыздар үчүн иштеген атайын жайлардын тизмеси жайгаштырылган. Свердлов жана Октябрь райондорундагы башпаанектер жыл сайын суук түшкөн мезгилде ачылат. Биринчи май районундагы “Коломто” муниципалдык мекемеси туруктуу иштейт. Ленин районундагы башпаанек аялдарды жана балдарды гана кабыл алат.

Камила Калчакеева