15 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 02:13


Таласта ак илбирс, аркар үйүрү катталды

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин “Кыргыз токой аңчылыкты жайгаштыруу” мамлекеттик мекемеси өлкөнүн бардык облустарында жаныбарлардын кышкы каттоосун жүргүздү

Бул иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жана жер-жерлердеги аңчылар тартылган.

Каттоонун жыйынтыгында жалпысынан Талас облусунан Ак илбирсти, аркар- Марко Поло, ал эми  Баткен облусунан Северцов аркарынын 10дон ашуун баш үйүрүн кездештиришти.