15 декабрь 2017
Бишкек убактысы: 04:45


“Таенем тиш клиникадан оору жуктуруп, көз жумду”

Учурда Бишкекте тиш клиникалары жүздөп саналат. Алардын айрымдары гана толук санитардык талапка жооп берсе, айрымдары такыр жооп бербейт. Алсак клиникадагы дарыгердин кол кап, бет капты кийүү, дарылоо бөлмөсүн таза кармоо сыяктуу жөнөкөй талаптарды аткарбагандыгы. Бул өз кезегинде түрдүү жугуштуу ооруларга жол салары анык.

Ушул жылдын август айында Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Ош базарындагы стоматологиялык клиникаларды текшерүү учурунда гигиенанын сакталбашына күбө болгон. Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз катчысы Елена Баялинова фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып чыккан.

Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү борборунун 2008-жылкы жеке клиникаларды изилдөөсүндө Кыргызстанда медициналык тейлөө көзөмөлүнүн начардыгы тастыкталган. Буга Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн кадрдык жана техникалык-материалдык жеке клиникалардагы дарылануу сапатынын мүмкүнчүлүгү жетишсиз экендиги себеп болгон. Изилдөөдө жеке медициналык борборлор жылына бир жолу гана арыздын негизинде гана Экономикалык өнүгүү министрлигинин уруксаты менен текшерилери аныкталган. Натыйжада бул клиникалардагы санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, дарылануунун сапатын толугу менен канааттандырбай турганын көрсөткөн.

Ден соолук бардык адамга керек. Кайсы гана клиникага барба, бардыгында кезек күткөн оорулуулар. Айрымдары текшерилүүгө келишсе, айрымдары качан оору жанына батканда дарыгерге кайрылышат. Албетте, мындайда ал жердеги тазалыкка эч ким өзгөчө маани бербейт. Тажрыйба көрсөткөндөй, кайсы тиш клиникасы арзан болсо, анын кардарлары да көп. Адистер бул абал клиниканын кызмат көрсөтүү сапатынын төмөндөшүнө алып келе тургандыгын айтышат. Жыйынтыгында сапатсыз кызмат көрсөтүү дарылануучунун ден-соолугун жакшыртпастан, тескерисинче талкалайт.

Жогорудагы изилдөө көрсөткөндөй, көпчүлүк стоматологиялык клиникаларда үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүлбөйт. Бул өз кезегинде түрдүү жугуштуу ооруларга, тактап айтканда, гепатиттин А жана Б түрү, туберкулез, бруцеллез, герпес жана ВИЧ сыяктуу адам өмүрүнө зобун келтирген олуттуу ооруларга жол ачат. Алсак дал ушул стоматологиялык клиникадан дарт таап, андан мерт кеткендер да жок эмес.

Жыпара Дөөтказы кызы аттуу жабырлануучу таенесинин тиш клиникада дарыланып жүрүп, гепатит жуктуруп, анын аягы өлүмгө алып барганын айтып берди.

“Таенем тишин дарылатып жүрүп гепатиттин С деген түрүн жуктуруп алган. 5-6 жылдай ооруу менен алышып жүрүп, 2016-жылы көзү өтүп кетти. Гепатиттин ал түрү боорду жараксыз кылып коёт экен. Церроздон көз жумду. Бизге дайыма тишти дарылатканда абайлагыла, байкагыла деп айта берер эле. Таенеме окшогон адамдар көп да. Эч ким ачык айтууну каалабайт. Эч жакка арызданган эмеспиз”,-дейт оор үшкүрүнгөн Дөөтказы кызы.

Тиш клиникаларына жарандардан дооматтар түшөрүн билүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Сапаттуу жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Аэлита Ибраевага кайрылсак, ал учурда медициналык клиникалар боюнча изилдөө жүргүзүп жатканын, бирок стоматологиялык клиникаларга арыз түшпөгөнүн айтты.

Кандай медициналык борбор болбосун дарылануучу биринчи иретте тазалыкка көңүл бурушу керектигин Бишкек шаардык №6 стоматологиялык поликлиникасынын дарыгери Бурул Бутоева эскертет. Ал “Ар бир дарылануучу кайсы гана клиникага барбасын инструменттердин кайсы жерден стерилдене тургандыгын сурашы керек. Ар бир дарылануучуга өзүнчө инструмент колдонулушу зарыл. Гепатиттин Б, С деген түрү, ВИЧ инфекциясы жугуп калышы мүмкүн. Дарыгер сөзсүз түрдө кол кап, бет кап, атайын көз айнекти тагынышы зарыл. Бул дарылануучунун ден-соолугуна гана эмес, дарыгердин коопсуздугу үчүн керек. Бир дарыгерге ооруу жукса, ал башкаларга да жуктурат”,- дейт 42 жылдык тажрыйбасы бар тиш дарыгери Бурул Бутоева.

Дарыгердин бөлмөсү оорууга себеп болушу мүмкүн

Орусиядагы “Доктор Левин” менчик стамотологиялык борборунун башкы дарыгери Дмитрий Левин mirnov.ru сайтына берген маалыматында вирустун тишти жулуп жаткан учурда тыкыр тазаланбаган шаймандар аркылуу жугуу ыктымалы жогору экенин белгилейт.

Ошондой эле, дартты жуктуруу дарыгер шаймандарын, анын бөлмөсүн, дарылануучунун орундугун стерилдөө жана дезинфекциялоо талаптарын аткарбаган, гепатитке, ВИЧке каршы атайын аптечкаларды колдонбогон клиникаларга мүнөздүү экендигин баса белгилеген.

Анын айтымында, дарыгер бөлмөсүнүн мезгил-мезгили менен стерилденип турушу дарыгерди да, дарылануучуну да ооруудан 100% коргооруна ишендирет.

“Инфекция жуктуруу коркунучу үзгүлтүксүз стерилдөө, дезинфекциялоо иштеринин сапаты төмөн же таптакыр жокко эсе болгон клиникаларда”,-дейт Дмитрий Левин.

Вирустук инфекциялар көзгө көрүнбөйт. Бирок дарыгердин мамилесине байкоо жүргүзүү аркылуу клиникадагы жалпы гигиенага саресеп салууга болот. Мына ушул максатта алгач дарылануучу катары Ош базарындагы онго жакын клиникаларга баш бактык. Жыйынтыгында көпчүлүгүнүн тазалык тартибине жооп бербей тургандыгына күбө болдук. Алсак дарыгерлердин кол кап, атайын форма, ал жапкычты (фартук) кийбегендиктери, кир сүлгүнү колдонгондору, дарылоочу бөлмөнүн таза эместиги, ыраатсыздыгы мунун айкын далили. Ал эле эмес, «кол кабы жок иштейсиздерби?» — десек, «А сиздерге кол кап менен иштеген дарыгер керекпи?”- деген жоопту да уктук.

Ушул эле клиникаларга журналист катары барсак, айрым стоматологиялык борборлор тазалыкты 100% сактай тургандыгына ынандырышса, башка кесиптештери муну четке кагышты. Алардын бири “Арууке” медициналык борборунун тиш дарыгери Акыл Курманбеков (аты-жөнүн айтууну каалаган жок)

“Сөзсүз түрдө кол кап кийип иштейбиз. Дарыгер сакташы керек болгон бардык эрежелерди сактайбыз. Убактысы менен шаймандарды стерилдеп турабыз. Биздин столдо стерилденген кол каптар да, стерилденбеген кол каптар да турат”,-десе, дагы бир тиш дарыгер Элдияр Жапаркулов гигиенаны сактабай калуунун себептерин төмөнкүдөй түшүндүрдү: “Мунун түрдүү себептери бар. Айрым учурда шарт туура келбей калат. Кээде дарыгерлер шашканда жетишпей калышы мүмкүн. Кезек менен стерилдеши мүмкүн”.

“Оору айтып келбейт” демекчи, медициналык клиникалардан дарт таппаш үчүн, биринчиден, дарылануучу сак болушу зарыл. Стоматологиядагы бардык санитардык-эпидемологиялык эрежелердин сакталышы инфекцияны жуктурууну төмөндөтөт. Ал эми андагы талаптарды аткаруу бир гана дарыгерге гана эмес, тиш клиникасынын башчысына, жана эң башкысы ден-соолугуна кам көргөн ар бир дарылануучуга керек.

Жанара Каденова