20 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 20:10


Түркмөнстанга сапар: Жабык өлкөдө


Дүйнөдө жабык өлкө, жабык шаар катары таанылган саналуу жерлер бар. Алардын бири—Орто Азиядагы жабык өлкө- Түркмөнстан. Бул өлкөгө кирүү, тагыраак айтканда, виза алуу (баасы $250-300) абдан татаал, көп учурда баш тартышат.
Түркмөнстанга биздин сапарыбыз кызматыбызга байланыштуу болгондуктан, виза ачууда кыйынчылык жаралган жок.
Ашхабад шаарына Бишкектен түз аба каттамы жок болгондуктан, же Алматы, же Стамбул аркылуу учууну тандашыбыз керек болду. Албетте, баалары ар кандай, биз арзаныраак, Алматы аркылуу жолду тандадык. Барып-келген учак билетинин баасы 35,130 сомду түздү.
Алматыга чейин маршруттук такси менен жетүүнү пландадык, бир кишиге билеттин баасы 2000 теңге (400 сом). Кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө көпкө деле кармалган жокпуз. Чек арадан өтүп, Кордойго кирер замат, такси дегендер бутка чалынат. Колуңдагы баштыгыңды жула калып, каалаган жериңе жеткирүүгө даяр. Бирок биздин Алматыга чейин жеткире турган маршруттук таксибиз бар эле. Ошентип, 3,5-4 саатта Алматыга кирип бардык. Казакстанда жашоо кымбат деп укчумун, чын эле кымбат экенин Алматыга кирип баратканда жол боюндагы дааратканадан эле байкалды: бир кишиге 15 сом же 50 теңге!
Маршруттук такси Алматынын автобекетине чейин жеткирди. Ал жактан да такси деген толтура. Биз аэропортко барышыбыз керек. Автобекеттен аэропортко чейин жарым сааттык жол, жол акысы 3000 теңге болду. Рейс түнкү саат 2 де, ага чейин 8 саат бар. Тамактанып, аэропорттун айланасын кыдырып жүрүп, убакыт бат эле өттү. Каттоодон өтүү, учакка отуруу деле көп убакытты алган жок.
12 миң метр бийиктикте, саатына 700 км. ылдамдыкта жүргөн учак 2,5 сааттан кийин Ашхабадга конду. Абасы, климаты башка өлкөгө бара жатканда биринчи эле кандай кийим алуу керектигин ойлонобуз. Сапарыбыз апрель айынын аягына, май айынын башына туура келгендиктен, ошондой эле Түркмөнстан ысык өлкө экенине жана интернеттеги аба-ырайынын болжолуна карап, өтө жылуу кийимдерди албай эле коюу чечимине келгем. Бирок учактан түшөр замат, буга бир аз өкүнө түштүм, анткени, Ашхабадда ал күңү Бишкекте кечинде кандай суук болсо, ошондой эле экен.

Ак мрамордон курулган —Ашхабад

Ашхабад Сапармурат Ниязов учурунан тартып өзгөрүлө баштаган дешет. Өсүп-өнүгүү азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун тушунда да уланып жатыптыр. Мурдагы жалпак, жапыз үйлөрдүн ордуна бийик аппак имараттар тургузулуп жатканын көрүүгө болот.
Ашхабад 2013-жылы ак мрамор шаары катары Гиннес китебине кирген. Бул убакта жалпы аянты 4,5 миллион чарчы метрди ээлеген мрамор дубалдар менен капталган 543 жаңы имарат тургузулуптур. Алардын саны дагы өсүүдө. Айтмакчы, Түркмөнстан мынча көп мраморду кайдан аларын жашоочулары эч кимге айтышпайт экен, бул мамлекеттик сыр окшойт деп ойлодум.
Шаардагы имараттардын баары чыгыш стилинде курулган жана караңгыда жарык күйүп турат. Буга эбегейсиз көп электр энергия талап кылынары айтпаса да көрүнүп турат.

Адамдары жок шаар

Көчөлөрдө адамдарды дээрлик кезиктирбейсиң. Унаалар жана жөө жүргүнчү өтө турган сызыктар бар, бирок жөө жүргүнчүлөр жок. Түркмөнстанда-чоң мамлекеттердин биринде жүрүп, көчөдөн кезиктиргендерди санасам, баарынан көп милиция кызматкерлери жана ар бир 50 метрде турган жолду көзөмөлдөөчүлөр (МАИчилер). Анан көчө тазалагычтар, айдоочулар, эң аягында коомдук транспорт күтүп турган адамдар. Көчөдөгү адамдардын аздыгы күндүн ысыгы менен байланыштуу го десең, биз барган убакта 28-30 градус гана болду, анча ысык эмес. Демек, бул көбүнчө саясий режим менен байланыштуу болушу мүмкүн деп ойлодум.

Унаалар жалаң ак же күмүш түстө

Айдоочулар «жолдун падышасы» сыяктуу, анткени, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолго, атүгүл жол чырактарына карабай, артыкчылык дайыма айдоочуда. Муну көрүп бишкектик айдоочуларга ыраазылык билдиргиң келет. Ошондуктан, Ашхабадга барып калсаңыз, жол белги жана жол чырактарга ишенбеңиз, айрыкча жолдун жүргүнчүлөр өтүүчү жагынан унаалар токтобойт, эч качан сизди өткөрүшпөйт.
Ошондой эле бул өлкөнүн көчөлөрүндө кара түстөгү унаа жок. 2015-жылы Президент Гурбангулы Бердимухамедовдун жарлыгы менен кара унаалардын импортуна тыюу cалынган экен, анткени кара өң жамандыктын белгиси катары өлкө президентине жакпайт. 2018-жылдын башынан тарта өлкөдөгү бардык кара жана башка күңүрт түстөгү унаалар токтотулган. Кара унаалар ак же башка ачык түскө сырдалган дешет. Азыр Ашхабаддын көчөлөрүнөн ак же күмүш түстөгү унааларды гана кезиктиресиң.

24 жыл акысыз болгон коммуналдык кызматтар акы алып калды

Былтыркы жылдан тарта Түркмөнстандын бийлиги турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү көп жылдык саясатты өзгөртүүнү чечкен, тактап айтканда. президент Г. Бердымухамедов 2017-жылдын 1-ноябрынан баштап бардык коммуналдык кызматтарга толугу менен акы төлөөнү киргизген токтомго кол койгон.
Буга чейин Түркмөнстанда 5,5 млн жаран 24 жыл бою коммуналдык кызматтарды, чектелген өлчөмдө болсо да, акысыз пайдаланып келишкен. Андан тышкары 4 жыл мурун унаа ээлери ай сайын акысыз 120 литр бензин алып турушкан.

Түркмөндөр жылкынын этин жебейт

Түркмөнстанда орус тилин билгендер чанда кездешет экен. Бардык мамлекеттик кызматтар, мамлекеттик тейлөө түркмөн тилине өтүптүр. Андыктан орус тили талап кылынбайт. Бирок орус тилин билгендерге мамлекеттик жумушка кабыл алууда артыкчылык берилет. Анткени КМШда, мурдагы СССРге кирген өлкө катары орус тилинде кат жазышууга жана пикир алышууга туура келет. Бирок Түркмөнстанда орус тилин таптакыр алып салышкан эмес, орус тилинде сабак берген мектептер бар. Түркмөндөр кыргызчаны, биз түркмөн тилин түшүнө алсак болот экен. Айрым түркмөндөр менен кыргызча-түркмөнчө эле сүйлөшүп жаттык.
Мигранттар дээрлик жокко эсе, болсо да коңшу өлкөлөрдөн (Казакстан, Өзбекстан) баргандар.
Ашканасы боюнча айтсак, тамактарынын көбү биздикине окшош. Улуттук тамак катары эсептелген «Дограма» — бизче «туурама» деп аталган тамагы даамы боюнча биздин бешбармакка окшош, бирок даярдалышы жана көрүнүшү башкача.
Түркмөндөр жылкынын этин жешпейт экен. Андыктан түркмөндөрдүн көзүнчө кыргыздар жылкынын этин жакшы көрөөрүн жана кантип жешерин айтып мактанбай эле койгону туура. Түркмөндөр улуттук баалуулук катары саналган ахалтекин тукумундагы жылкылардын урматына атайын улуттук майрам катары фестивалдарды уюштуруп турушат.

Каспий деңизи

Биздин жумушубуздун негизги иш-чаралары Түркмөнбашы шаарында өттү. Түркмөнбашы – Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан Түркмөнстандын ири порттук-шаары болуп эсептелет. Мындай аталышы 1993-жылы өлкөнүн биринчи президенти Түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун ысымынын урматына алмаштырылган. Шаардын калкы негизинен түркмөндөрдөн (дээрлик 90%) жана орус, казак, өзбек, түрктөрдөн турат экен. Көбү ислам динин тутушат.
Түркмөн лидери Бердымухамедовдун жарлыгы менен Түркмөнстанда 2018-жыл «Түркмөнстан – Улуу Жибек жолунун жүрөгү» деп жарыяланып, ошонун алкагында, 2-майда Каспий деңизинин түркмөн жээгинде курулушуна 5 жыл убакыт сарпталган, Азия менен Европаны бириктирген эң чоң Эл аралык деңиз портунун ачылышы болуп, ага катыштык.
Каспий деңизи – Жердеги эң ири туюк көлмө, ошондуктан аны эң чоң көл деп да аташат. Азыркы учурда аянты болжол менен 371 000 чарчы км, максималдуу тереңдиги — 1025 м. Жайкы сезон баштала электиги үчүн суу таптаза, бирок жай келгенде Каспий бопбоз болуп булганат экен. Деңиз жээгиндеги кум анчалык майда эмес.
Түркмөнбашыда «Аваза» туристтик аймагы жайгашкан. Г. Бердымухамедов 2009-жылы бул жерде биринчи үч мейманкананы ачып жатып, Авазаны «жаңы Лас-Вегаска» айландырууну убада кылыптыр. Бирок азырынча түркмөндөрдүн өздөрүнөн башка Аваза тууралуу көп деле билишпейт дешет. Чет элдик туристтер да көп жок. Балким бул сезон баштала электиги жана суунун азыр муздак экендиги менен байланыштуу, же балким Авазадагы мейманканалардын бааларынын кымбаттыгы менен байланыштуудур.

СССРдеги жашоого кайтып баргандай…

Чынында, Түркмөнстан Кыргызстандын толук карама-каршысы деп айтууга болот. Кандай гана чоң иш-чара болбосун, каалайбы-каалабайбы, эли жапырт көчөгө чыгып, желек кармап турушат. Президент Г. Бердымухамедовдун портреттери шаардын көп жеринде, имараттарда илинүү.
Өлкөдө Интернет тармагын каалагандай колдонууга чек коюлган, ар кандай социалдык тармактарга жана кээ бир сайттарга кирүү мүмкүн эмес. Ошол себептенби, жергиликтүү гезиттер күн сайын жаңыланып чыгып турат. Эл жаңылыкты көбүнчө гезиттерден окушат.
Түркмөнстанда жүрүп, мурдагы СССРдегидей жашоого кайтып барып калгандай сезимдер келет.
Бул жакка кооз-кооз имараттарды гана көрүүгө келбесеңиз, көңүл ачып, эс алып кетем деп такыр ойлобоңуз, анткени көңүл ачуучу жайлар жок. Дүкөндөрдү да табыш кыйын.  Андан тышкары түркмөн көчөлөрүнөн акча алмаштыруучу жайларды да таппайсыз, андыктан акча алмаштыруу да чоң көйгөй.

Калиман Наматказиева,
Бишкек-Ашхабад-Бишкек