21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 01:25


Түнү менен туу кармап турган Азаматтын өнөрү тууралуу маек

Катуу шамалган учуп кеткен желектин ордуна түнү менен башка желек кармаган, «Улуу кыргыз изи» долбоорунун автору, беш жыл ичинде 100дөй өлкөнү кыдырып, 350 сүрөт тартууну максат кылган сүрөтчү Азамат Жаналиев тууралуу баяныбыз.

—Өзүм Балыкчы шаарында төрөлүп-чоңойгом. 9-классымда Нарындагы Миң-Булак айылында окудум. Ошол жылы Бишкектеги архитектуралык курулуш колледжин окуп, архитектурада иштеп жүрдүм.
2015-жылы “Улуу кыргыз изи” аттуу коомдук фондду түзүп, иштеп жүрөм. Ысык-Көлдөн Бишкекке чейин жөө келип, андан соң Кыргызстанды 62 күндүн ичинде велосипед менен кыдырып чыккам.  Андан соң жаңы “стринг арт” деген сүрөт тартуу ыкмада иштеп жатам. “29-күз” аттуу китеп жаздым.

—Стринг арт менен алектенгениңизге канча болду?
—Айылда таекелеримдин колунда жардам берип, иштеп жүргөнүмдө сокмо согуп, ылай шыбактын астында үйдүн сыртына мык кагып, темир зымдар менен мыктарды ороп чыгып, андан кийин үйдүн сыртын  шыбачу элек. Ошондон келип чыккан идея. Бара- бара жыл өткөн сайын 2015-жылы интернеттен европалык бир жигиттин Жастин Тимберлейктин сүрөтүн жасаганын көрүп калып, мен дагы дароо кириштим. Эң биринчи сүрөтүм — бул Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун сүрөтү болду.

—Атайын окудуңуз беле?
—Стринг артты мен эч жерден окуган эмес элем. Өзүмдүн кесибим архитектор болгондуктан акыркы жылдары май боектор менен сүрөт тарта баштагам, коллекция кылып жети сүрөт тарткам. Андан жип, мык менен тарткан ыкманы өздөштүрдүм.

—Жалгыз жип жана мык менен иштөөдө кыйынчылыктар болобу?
—Кыйынчылыгы бул өтө чоң-чоң материалдар. Ошондуктан ошол материалдарды ары-бери көтөрүшкөнгө эле болбосо кыйынчылыгы деле жок. Иштеп жатканда образга кирип кетем. Башында Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн он күндө жасадым. Досторум жардам берип жатышты. Ар кандай ойлорун айтып, кармашып дегендей. Жаңы ачылыштарды, ыкмаларды үйрөнүп жатам.

—Кимдердин портреттерин жасадыңыз?
—Биринчиси Чыңгыз Айтматовдукун, андан кийин Саякбай Каралаев, Алмаз Атамбаев, Рамзан Кадыров, Петр1, В.Путин, андан кийин Дубайга келип, улуттук майрамына карата желегин жасап бергем.  Дубайдан алты сүрөт жасадым, азыр жетинчисин жасап жатам. Андан сырткары 4-5 сүрөтүм бар, аларды коммерциялык деп коем.

—Атактууларга өздөрүнүн портретин бергенде кандай кабыл алып жатышат?
—Кандай кабыл алгандарын билген жокмун. Мен тартып бүтүп, кат жазып таштап эле кетип жатам.  Жакшы десем болот. Башынан айтайын Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөрү Ч.Айтматов үй-музейинде, Кадыровдуку Грозный шаарында Кадыровдун резиденциясында, Петр 1 Санкт-Петербургда Петропавловск сепилинде, Путиндики Москвада Кремлде Путиндин өздүк китепканасында турат. Саякбай Каралаевдикин туугандары, неберелери алып калган.

—Кайра ыраазычылык билдиришеби?
—Ыраазылыгын билдиргендер болот жакшы эле. Мисалы: Путиндин сүрөтүн Россия Федерациясында жашап жаткан кыргыздардын атынан бергем. Ынтымак, достуктун символу катары. Кадыровго деле ошондой.

—Эң көп мык жана жип кайсы портретке кетти?
—Айтматовдун сүрөтүнө эң көп мык, жип кетти. Андан кийин эле Рамзан Кадыровдукуна. Калгандарын айта албайм, негизи канча кеткенин эсептебейм деле. Бир портретти башында он күндө жасасам, азыркы учурда беш күндө жасап жатам буюрса.

—Бир интервьюңузда беш жыл ичинде 120 өлкөнү кыдырып, 150 улуу инсандын портретин жасайм деген экенсиз. Канчасы ишке ашты?
—Ооба, беш жылдын ичинде 120 өлкөнү кыдырам, 150 улуу инсандын потретин жасайм дегем. Азыркы тапта эми буюрса акырындан ишке ашып келатат. Биринчиден, Дубайдагы сүрөттөрүмдү сатышым керек. Андан соң “Улуу кыргыз изи” долбоорун негиздеп, башкы офисин ачып коюп, андан кийин кыдырып кете баштайм. 120 өлкөнү кыдыруу кыйын болуп калат окшойт, 70тен өйдө, 100 чейин өлкөнү кыдырганга аракет кылам буюрса. 150 сүрөт эмес 350 сүрөткө деп умтулуп атам. Азыр команда түзүп атам, команда менен саякатка чыга баштайбыз буюрса.

—Велосипед менен Кыргызстан, Казакстан, Грузия, Дагестан, Дубай араб эмираттарын кыдырыпсыз. Эң кызыктуу сапарыңыз?
—Ар бир сапарым өзүнчө кызыктуу. Балыкчыдан Бишкекке жөө басып келе жатканда кызык болгон. Кыргызстанды айланып жүргөндө аябай кызыктуу учурлар болгон. Бардык окуяларды ютубдагы “Улуу кыргыз изи”  каналынан көрсөңүздөр болот. Эң эле кызыктуусу — бул нөлдөн башталган иш.  Эки жыл мурун чөнтөгүмдө  эки миң сом менен башталган. Мен өзүмө-өзүм  акчасы жок адам кедей эмес, максаты жок адам кедей деп айтып жүрөм. Ошондуктан эч качан максатты үзбөйлү.

String Art катуу негизге жип аркылуу түшүрүлгөн сүрөт. Бул сүрөт өнөрү Англияда 17-кылымдарда пайда болгон. Англиялык токугучтар жиптерди токуунун өзгөчө жолун ойлоп табышкан. Тактайчага мыктарды уруп, андан ар кандай кооз кылып түрдүү нерселерди токушкан. Аларды үйдү коздоо үчүн колдонушкан. Учурда бул өнөрдүн түрү көп.

Жаркын Муратбекова