15 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 01:28


Сооронбай Жээнбеков: “Энелер алдында ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң”

Энелер күнү Кыргызстанда ар жылы май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. 2018-жылы бул дата 20-майга туура келет. Энелер күнү 2012-жылы Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен бекитилген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнү менен куттуктоосунда мындай деди:

—Адам баласына өмүр берген апаларыбыздын  расмий майрамы – Энелер күнү  менен чын дилимден  куттуктайм!

Эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, энени үйдүн куту, коломто ээси, жашоонун булагы катары ыйык тутуп келген. “Дүйнөнүн түркүгү – энелер” деп айтылат элибизде.

Жашоонун башаты эне мээриминде, эненин балага болгон улуу сүйүүсүндө. Эне сүтү – ыйык. Энелерибиздин бешик ыры ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жаңырып турат. Адам баласына жарык дүйнө тартуулоо менен, энелер бардык жакшы касиеттерди ыроолойт.

Бүгүн биз Сиздерге бардык жакшы тилектерди, таза ниетибизди, сөздүн берметин арнагыбыз келет. Сиздер сый-урматка, жылуу мамилеге, ар тараптуу колдоого татыктуу деп билебиз. Энелер алдында ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң.

Сиздердин мээримиңиздерди, мээнетиңиздерди талыкпаган адал эмгек, таза ниет менен гана актай алабыз.

Сиздерди дагы бир ирет Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Баардыгыңыздарга ачык асман, узун өмүр, бакубат жашоо, чексиз бакыт каалайм,”-деди мамлекет башчы.